Айбат » Ч. Турсунбеков: “Сиздерди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ч. Турсунбеков: “Сиздерди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!”

Турсунбеков Чыныбай“Нооруз” – байыркы чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Ата-бабаларыбыз бул майрамды бекеринен майрамдап калган эмес. Анткени 21-мартта күн менен түн теңелет, жер жарылып чөп чыгып, желин айрылып сүт чыгат. Кардан кийин жайнап чыккан байчечекей менен бирге, жаздагы өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер да бүчүр жарат.
“Ноорузда” кош айдап, үрөөн сепкен дыйкан мол түшүм тилегендей эле, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилеп, аракет кылалы. Ылайым бүгүн ар кимдин жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин! «Жаздын бир күнү жылга тете» деген күжүрмөн эмгекти сүйгөн элибиз бул күнү таза эмгек менен алектенип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымын кошууда.
Бардык майрамдардын көркү болгон ак сакалдуу аталар менен ак элечек энелер ар дайым төрүбүздө олтурсун!
Бул күнү жерибизди жамандыктан аластап, элибизге береке-кут тилейли!

Кыргызстан социал-демократиялык Партиясынын төрагасы Ч. Турсунбеков

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru