Айбат » Бакиевдин жакындары Бишкектеги жазгы тополоңго себепкер болушабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевдин жакындары Бишкектеги жазгы тополоңго себепкер болушабы?

Кубатбеков ТурсунбайИшенимдүү булактардын билдирүүсүндө жаз келип, Бакиевдин жакындары жанданышып күбүр-шыбырды жүргүзүшүп жаткандыгы маалым болду. Москва – Минск ортосунда из суутпагандардын арасында 2005-жылкы революциядан кийин түз эле Москвадан учуп келип, Бакиевдин буйругу менен Манас аэропортуна президент болуп алган Эгемберди Мырзабековду жана так эле ошентип учуп келип, Кыргыз Улуттук Агрардык Университетке ректор болуп алган Турсунбай Кубатбековду айтышууда. Алар акасина барышып: “Кабатыр бовой эле коюң, Москвадагы диаспора биздин колубузда, учуру келип калса Элчиликти өзүбүз эле алып коёбуз” – дешип убада беришиптир. Атамбаевди №1 душманыбыз деп эсептеген адамдар Москвадагы мигранттардын арасында төңкөрүш идеясын жашыруун жүргүзүшүп, тажрыйбасыз маңыроо элчи Болот Жунусовду жетелеп алышкан дешет. Айта кетсек, Эгемберди Мырзабеков 2010-жылы контрреволюциялык аракет жасап курал менен кармалып СИЗОго камалып, жан соогалап Москвага качып кутулган эле. Эми минтип жазгы козголоңду күтүшүп, Минскиге каттап жатканы да ачыка чыкты. Эки ооз сөздү кошуп сүйлөй албаган Э. Мырзабеков өзүнүн Аксылык жердештерин чогултуп коом түзүп, анын башына бандит үкаси Бахтияр Өмүрзаковду шайлап, негизинен Жалабатыктарды үгүттөп жүргөн кербези экен. Дипломаттардын айтымында, Бахтияр Өмүрзаков элчилик өткөргөн мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнүндөгү сый кечеде мас болуп, кечеге келген чет элдик конокторду, дипломаттарды сөгүп, мушташып кыргыз элин Москва милициясына абдан эле уят кылган. Эми булар кыргыз элинин кыжырына тийбей жөн эле жүрсө болмок. Бирок, Манас аэропортунда, “Кыргызстан” авиакомпаниясында президент болуп шапар тепкен жыргал учурлар уйку бербей жаткан чыгар. Кайран акесинин заманы!

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru