Айбат » Президент папке талашууну токтотууга чакырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Президент папке талашууну токтотууга чакырды

Алмазбек АтамбаевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков жана парламенттеги беш фракция лидерин кабыл алды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жаңы коалициянын тагдыры талкууланып, натыйжада көпчүлүктү куроо укугу КСДП фракциясына ыйгарылды. Өлкө башчысы өз сөзүндө коалицияны түзүүдө Башмыйзамды бекем сактоо керектигин билдирди. Ошондой эле ар кыл министрлик, агенттиктерди бөлүштүрүү ыкмасынан баш тартып, коалициялык макулдашууда өкмөт курамын аныктоону гана сунуштады. Атамбаевдин бул кебинде калет жок. Папке талашып, «өз» же «жат» адам дебестен, кандай гана кызмат болбосун чыныгы профессионалдарды тартуу зарыл. Ошондо гана мамлекетибиз өнүгөрү калетсиз.

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru