Айбат » Р.Жээнбеков менен «Улуттар биримдиги» бет тырмоочулук кылганда…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Р.Жээнбеков менен «Улуттар биримдиги» бет тырмоочулук кылганда…

Жээнбеков РавшанУОК жетекчиси Равшан Жээнбеков менен «Улуттар биримдиги» партиясы Оштун экс-«кожоюну» Мелисбек Мырзакматовдун абийирин айрандай төгүп жаткан кези. Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн окуяны башынан баяндайлы.

Мелисбек Жоошбаевичтин жеке өзүнө жана жакындарына таандык Ош шаарындагы «Таатан», Кара-Суу районундагы «Оомат» базарлары, «Ош-ТВ» аталыштагы телеканал рейдерлик жол менен тартып алуу аракети көрүлүп жатканын Равшан Бабырбекович жар салды. Анын ырасташынча, буга криминалдык күчтөр кийлигишип жатыптыр. Андан көп өтпөй «Улуттар биримдиги» партиясы жана Оштогу аты-жөндөрү ачык айтылбаган жаштар ушундай маңыздагы билдирүү менен чыгышты. Баарынан кызыгы, бул окуяларды бийликке шылтап, М.Мырзакматовду саясый куугунтукка кабылды деп бир тараптуу доомарт артышууда. Аларга ишенейин десең, Мелис мырзанын ушу кезге чейин айткандары, тирүү фактылар теңирден тескери нерсени айтып жатпайбы. Мисалы, М.Мырзакматов ММКга курган маектеринде «Таатан», «Оомат» базарларына өзүнүн да, жакындарынын да тиешеси жоктугун эчен ирет какшап, жанын жегени бар. Ошондой эле «Ош-ТВга» ээлик кылбастыгын эчен ирет билдирген. Бул кепке ишенип, Р.Жээнбеков айткандай, аталган базарлар, телекомпания Мырзакматовдун туугандарына таандык экен дейли. Кашайып мунусу да жалган болуп чыкпасбы! Мамлекеттик кадр кызматынын кабарлашынча, Мырзакматов 2012-жылы негизги жумуш ордунан 502 миң 369 сомдук киреше тапкан. Аны менен катар «ЗИЛ-130» үлгүсүндөгү унаа, бир үй, 15 жер тилкеси, өндүрүштүк имаратка ээлик кыларын экс-мэр өзү тастыктаган. Анын мындан бөлөк мыдыры жоктугу, ишкерлик менен алектенбестиги декларацияда так, даана жазылган. Мындан сырткары, жакындары болгону 150 миң сомдук киреше тапкан, эч кандай мүлккө, бизнес булактарына эгедер эмес. Мындай шартта мыйзам ченемдүү суроо туулат: эгер «Таатан», «Оомат» базарлары, «Ош-ТВ» телеканалы Мырзакматовго же анын жакындарына катталбаса, анда Равшан Бабырбеквич, «Улуттар биримдиги» партиясы жана Оштогу жаштар кайсы далилге таянып жогорудагыдай билдирүү таратып жатышат? Бул маселеге укук коргоо органдары укуктук баа бериши керек эмеспи? Эгер болгон-толгон мүлктөрүн жашырганы аныкталса, Мелис мырза мыйзам чегинде жазасын алышы абзел го? Эгер тескерисинче болсо, анда жалган маалымат таратканы үчүн Равшан Жээнбеков менен «Улуттар биримдиги» жазасын алышы шарт. Мындан бөлөк жол жок.

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru