Айбат » «Атамекенчилер» шайлоого эртелеп даярданып алган жокпу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Атамекенчилер» шайлоого эртелеп даярданып алган жокпу?

Текебаев Өмүрбек«Ата-Мекен» фракциясы ушуну менен экинчи өкмөттүн башын «жеп» кетти. Биринчисин бир күлүк аттын шылтоосу менен жайласа, экинчисин коалициялык көпчүлүктөн чыга качып «жайлады».

Ырасын айтканда, өкмөттү кетирүүнүн мындан башка аргасы деле калбай калган. Адегенде аны «Кумтөр» маселесин куралга айлантуу жолу менен алып түшүү аракети жасалды. «Кумтөрдү» улутташтырабыз деп чыккандардын бири дагы дал ушул «ата мекенчилер» болгон. Бирок, эмоция жана курулай популизмден тышкары аң-сезим жана дасыккан кесипкөйлүк менен ой жүгүрткөн эксперттер, адистер улутташтыруу маселеси Кыргызстанды жарга такай тургандыгын эскерткен.

Ошентип өкмөттүн канадалыктар менен узак убакытка сүйлөшүүсүнөн кийин биргелешкен ишкана түзүү чечимин көпчүлүк эл өкүлдөрү колдоп берген. Мында бир «ата мекенчилер» арманда калгандай болгон. Андан соң 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн Мамлекеттик дирекциянын иши аркылуу өкмөттү ур-тепкиге алышты. Бирок, мындан да майнап чыгара алышпады.

Кимдир-бирөөгө чап кенедей жармашса, алып жыкмайынча жаны тынбаган «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү кетирүүнүн башка жолун издеп отурбастан, эң ыңгайлуу жолу – коалициядан чыга качууну тандап алды. Ошентип жазгы талаа жумуштары кычап баштаган маалда өлкөбүз өкмөтү жок калды. Текебаев өзү деле жаңы таркатылган өкмөттүн дурус эле иштегендигин мойна алып отурат. Бирок, баягы эле Мамлекеттик дирекциянын ишин кайрадан мисалга тартып, өздөрүнүн кадамын негиздүү деп көрсөтүү менен алек.

Ырасын айтканда, Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт Жогорку Кеңештин үстөккө-босток ур-тепкисине карабастан, үзүрлүү иштегенге жетишти. Ички дүң продукциянын өсүшү боюнча КМШ мамлекеттер ичинде биринчи орунга чыкты. Мындай көрсөткүч эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болуп көргөн эмес. Ошону билип туруп, ал тууралуу өздөрү дагы айтып атып эле коалициядан чыга качкан бул фракциянын кадамына түшүнүү кыйын болуп калды. Кыязы парламенттик шайлоо жакындап калган маалда, кайрадан шайлоочуларга жагынуу аракетине өтүп жатышкандай.

Экинчиден, бийликте туруп иштегенге караганда оппозицияда туруп сын айтуу жеңилирээк экендигин сезип жатышабы деген да ой кетет. Анткени 20 жылдан ашуун тарыхы бар «Ата-Мекен» партиясы ар дайым оппозициялык багытта гана иштеп келген. Бирок, бийликке келгенде жарытылуу иш жасай албагандарын көрсөтүп коюшту. Андыктан көнүп калган оппозиция жээгине ыктап жатышкандай…

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru