Айбат » Садыр Жапаровго УКМКнын эшиги дайым ачык!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаровго УКМКнын эшиги дайым ачык!

Жапаров СадырКалп айтуу, эки жүздүүлүк, чагымчылдык сыяктуу нерселерди Садыр Жапаров кимден үйрөнгөн, же мүнөзүндө барбы?

Дегенибиз, эл чогулта албай калып, курултайын 17-марттан 31-мартка жылдырган Садыр Жапаров мунун себебин бийлик тараптан уюшулган провокацияны алдын алуу менен түшүндүрүп келет. Дагы бир “жаңы бышкан” оппозициячы Равшан Жээнбеков “Садырды эч ким колдобой койду, биз анын курултайына катышпайбыз, провокация эмес, киши чогулта албай калгандыгынан 31не жылдырды” деп анын этегин ачып салса деле бул курган жигитке баары бир окшойт, кайрадан эле баягы ырын ырдады.

“Бийлик тарабынан 100гө жакын провокаторлор даярдалып, алар топ болушуп, элди козутуп, Ак үйдүн тосмосунан өтүүгө аракет жасайт. Мындай кадамдарды алдын алуу үчүн элдик кошуундарды түзүүгө убакыт керек. Мындан тышкары бийликтин провокаторлору орус улутундагыларды сабап, үйлөрүн өрттөшөт да, улутчул оппозиционерлерге шылтап коюшат. Бизди күнөөлүү кылып коюп, Владимир Путинден аскердик жардам сурашат. Ал биздин бийликтин провокациясына алдырбайт деп ойлойм”, – дейт Жапаров.

Бул жомокко эл эмес, Путин эмес, 1-класстын баласы да ишенбей турат. Андан көрө Жапаров айтса болмок “Бизди башка оппозициячылар колдобой коюп, эл чогулта албай жатабыз. Чынгызхандын тукуму Ташиев досумдун үлгүсү менен тосмодон секиребиз. Бийликти басып алууга аракет жасайбыз. Башка улуттагыларды сабайбыз, үйлөрүн өрттөйбүз. Мунун баары криминал менен сүйлөшүлүп коюлду”, десе көбүрөөк ишенмекпиз.

Садыр Жапаровго 9 айлык УКМК СИЗОсунун подвалы аздык кылып жаткан окшойт, жетишпей атса, эшик дайым ачык, Садыр Нургожоевич!

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru