Айбат » Оппозициячыл саясатчылар жылдын эң сонун мезгили – жазды карапайым элден тартып алышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозициячыл саясатчылар жылдын эң сонун мезгили – жазды карапайым элден тартып алышты

Богатырев ВалентинКыргызстандагы саясый элита башынан көнүп алган жолунан дагы деле «адашпай» келе жатат. Тактап айтсак, бийлик үчүн күрөш дагы деле күчүндө. Өзгөчө алгачкы эки бийликтин тушунда май талкан жашоого көнүп калгандар бийликтен куру калгандан бери мурдагы жашоолору көздөрүнөн учуп, ага канткенде бара турган жолду издөө менен алек. Ал үчүн мурдатан эле колдонулуп келген, жедеп эскирип, колдонууга жарабай калган ыкмалар колдонулуп келет. Бүгүнкү күндөгү бийликке жутунгандардын аракеттери кандай боло тургандыгы тууралуу «Перспектива» деп аталган аналитикалык концорциумдун жетекчиси Валентин Богатырев төмөнкүчө схеманы көрсөтүп берген: Биринчиден, кезектеги «бириккен» оппозицияны түзүү. Мындай кадамдын жасалганына күбө болдук. Кечээ жакында эле батышчыл саясатчы Равшан Жээнбеков «Улуттук оппозициялык кыймылды» түзгөн. Экинчиден, өткөн жылдан жылуу мезгилге чейин калган социалдык көйгөйлөрдү кайрадан козутуу. үчүнчүдөн, бийликтен запкы жеп аткандарды коргоо боюнча алардын туугандары аркылуу, же алардын акчасына акциялардын жаңы толкунун баштоо. Муну да көрүп атабыз. Коррупцияга шектелип камалгандардын туугандарын, жердештерин саясый куралга айлантып, же болбосо камакта отурган адамдын акчасына ар кандай митингдерди өткөрүүлөр болуп жатканын жашыра албайбыз. Төртүнчүдөн, психикалык жактан туруктуу эмес персонаждардын кыргыз саясатынын аренасында пайда болушу. Буга Нурлан Мотуев толук жооп бере алат. Бешинчиден, мына ушундай топтордун бардыгын курултай өткөрүүгө чакыруу жана үзгүлтүксүз акцияларды өткөрүп туруу. Буга өзү чет мамлекетте туруп алып, Кыргызстандагы бийликке нааразы саясатчыларды курултайга чогултуу аракетин көрүп жаткан Садыр Жапаров мисал болот. Анан дагы элдин көңүлүн өзгөчө тура турган ТИМ тарабынан билдирилген гомосексуалисттерге каршы күрөшүү, «Кумтөр» подстанциясы өңдүү маселелер да оппозиция үчүн курал боло берет.  Бирок, мына ушул өңдүү аракеттер жедеп эскирип калгандыгын Валентин Богатырев эскертет. Карапайым эл азыр мындай лозунгдар үчүн көчөгө чыкпайт. Анткени өлкө ичинде дагы бир революция жасоого негиз жок экендигин белгилейт. Анан дагы эксперт оппозициячыл саясатчылар биздин эң жакшы мезгилибизди уурдап алганын айтат. «Алар биздин жылдын эң сонун мезгили – жазды тартып алышты. Узак убакытка созулган кыштын акырында жаңы кубанычтарды жана жылуулукту чыдамсыздык менен күтүүнүн ордуна биз алдыда боло турган башаламандыктар тууралуу чочулоо менен ойлойбуз» дейт ал. Ырасында эле жаздын келиши адамзаты үчүн жылуулук менен кошо жазгы жадыраган маанай тартуулай турган маалда саясый шоу уюштуруп, бийликке келүүнү көздөп турган саясатчыларга «баракелде» дебегенде не дейбиз..?

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru