Айбат » «Чырк» эткенине мактанып…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Чырк» эткенине мактанып…

Мырзакматов МелисБул оппозиция «кочкорубуз» дегендерге айла жок экен, эй! Каратып туруп калпты ышкырткандарын көргөндө оозун түз эле Ошту карайт десең. Дегенибиз, улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков санаалаштары Мелисбек Мырзакматов менен Камчыбек Ташиевди Москвага акылдашуу үчүн чакырганын жар салды. Ап-баракелде! Бирок, кимдер чакырганын так айта алган жок. Демек бул кезектеги «имишбай». Мындай бүтүмгө токтолгонубуздун жөнү бар. Москвада эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин бири редакциябызга коңгуроо кагып: «Өңү тааныш адамды Кремлди айланчып, таң кала басып жүргөнүн көрдүм. Анан эле Ленинге окшош адамдын жанына келип сүрөткө түштү. Жакшылап карасам Оштун мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов экен» деген кызык жаңылыкты кабарлады. Жада калса аны сүрөткө байкатбай тартып алганын, эми интернетке жарыялаганы турганын кошумчалады.

Ммм-де. Оппозиционерлер кызыл аянттан сүрөткө түшкөнүн ушунча саймедирешсе, кокус Кремлде пол жууп иштегендердин биринин колун кармаса көккө учуп кетишет го, ыя? Аман болушсунчу кыскасы…

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru