Айбат » Ак үйдүн босогосунан КИМ жер сатып, КИМ бизнес борборун салганы жатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Ак үйдүн босогосунан КИМ жер сатып, КИМ бизнес борборун салганы жатат?

Елизавета ак үй

Учурда Бишкек шаарында үй, соода тармактарына тийешелүү курулуштарды  куруу бизнес жасоонун эң мыкты түрүнө айланды. Атайын адистердин маалыматына караганда, акчалуулар болгон каражатын курулуш тармагына жумшап жатышыптыр. Коммерсиялык банктар  да дал ушул тармакта шугулданып кредиттерди берип атышат. Ал эми чет мамлекеттен арам акчалар кандайдыр бир жолдор менен келип, дал ушул биздин курулуш тармагына жумшалып, адалданат экен.  Сөздүн мындай ыңгайда баштаганыбыздын себеби, кечээ эле бир күн мурда Ак үйдүн күн батыш тарабындагы 20 сотых жердин короолонуп калганына таң калып турубуз. Бул кимдики болду экен деп, сурамжылоо жүргүзүп да көрдүк. Кызыгы курулуш ишин айтылуу “Ата Журт” фракциясынын депутаты Азиз Суракматовдун  “Елизавета” аттуу курулуш компаниясы жүргүзүп жатыптыр.  Ал жерге соода борбору курулат экен.

Жер мурдагы мэр Иса Өмүркулов мырзанын убагында берилиптир. Эмнеси болсо да байлыгы, акчасы бар бир эргулдуку экени талашсыз дечи. Бирок, Соода борборунун административдик аймактын жерине салынып жатышы  мыйзамсыз болуп калганы сырттагы көзгө деле байкалып турбайбы?  Иса Өмүркулов мырза кызматтан кетеримде жөн кетпей “бөктөрүнүп” кеткен го деген ой да келбей койбойт. Пулуң болсо, кулуңмун деген заман ушу да. Эгемендик жылдардан берки 24 жылдан бери батынбаган жерге кимдин колу жетти экен десең?

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru