Айбат » Америка Кыргызстан тарапка “тролльдорду” агытат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Америка Кыргызстан тарапка “тролльдорду” агытат

трольУкраинадагы “Майданды” тейлеп коюп, Американын тышкы саясаты толугу менен Борбордук Азия тарапка бурулат окшоп калды. “Демократия аралчасы” Кыргызстанды колго алдык деп эсептеп жүргөн АКШ бардык фронттор боюнча жеңилип жатканын сезип, таасирин күчөтүүнү көздөгөнү турган иш. Мисалы, АКШнын “Манастагы” базасы чыкмай болду, ал эми Россияныкы калды, Кыргызстан Бажы союзуна кирүүгө даярданууда жана ири долбоорлор Россия тарабынан ишке ашырылууда. Бүт дүйнө жүзүнө жана эң ириде АКШга чоң кооптонуу жаратып, кыр көрсөткөн, Экинчи дүйнөлүк согушту жеңген күчтүү держава Советтер союзунун кулашына бардык аракетин көргөн Америка “булар кайра кошулуп албасын” деп уйгу-туйгу болушууда. Албетте, бардык эле элдер эркин болгулары келишет жана Кыргызстан бул жагынан алып караганда эч качан өз эгемендигин эч нерсеге алмаштырбайт. Бирок Россияны стратегиялык шериктеш кылып алганыбызга АКШ тоскоол кылбашы керек.

Муну лирикалык чегинүү болду дейли, эми АКШнын акыркы эле кадамдарын айтып берели. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, эл аралык “Freedom House”, USAID, “Internews Network” уюмдары “ММКларды колдоо борборунун” позициялары аркылуу Кыгызстандын жаш журналисттери үчүн “Практикалык журналистиканын студиясы” аттуу медиадолбоор уюштуруп, анын жүрүшүндө журналисттер жана блогерлер 3 айлык курстан өтүшүп, ар кандай журналисттик жөндөмгө ээ болушат экен.

А бирок бул жөн гана шылтоо иретинде экени, мунун артында Американын саясаты турганы айтылууда. Бул долбоордун негизги максаты кесип көй “тролльдорду” даярдоодо экен. Тролль дегениң интернет сайттарга отуруп алып, бир тарапты мактап, экинчи тарапты поктогон атайын жалданып иштеген блогерлер эмеспи. Бул долбоордун авторлорунун максаты үч айлык окуудан өткөрүмүш этип, интернет-сайттарга, социалдык желелерге отуруп алып, Кыргызстандын Россия менен болгон жакындашына, Бажы союзуна киришине, Россиянын Канттагы авиабазасына каршы пикирлерди жаадырып, өлкөдөгү саясый-коомдук абалды чайпалтууга жигердүү салым кошо турган тролльдорду даярдоо. Мындай ичтен чыккан ийри жыландардын калем акысы 1000 доллардан 2500 долларга чейин чапчый турганын айтышууда.

Ошол себептен эми интернет сайттардагы виртуалдык чабыш күчөсө – таң калбай койгонубуз оң. Жөн гана “ии, батыштын тролльдору жашылбайларын иштеп берип атат” деп кол шилтеп коюшубуз керек.

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru