Айбат » Бабырбек Жээнбеков кызматына титиреп отурбай, түз милдети – монополияны жөнгө салып, баалардын өсүшүн тизгиндебейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабырбек Жээнбеков кызматына титиреп отурбай, түз милдети – монополияны жөнгө салып, баалардын өсүшүн тизгиндебейби?

Жээнбеков БабырбекМонополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Бабырбек Жээнбеков «Азия-Ньюс» гезитине жалаяктай болгон маек куруптур. Ал өзүн «байдын эрке кызындай мактап», ошол эле учурда бири-бирине карама-каршы келген сөздөрдү айтыптыр. Көп созо бербей, конкреттүү фактыларга токтололу.

Бабырбек Субанович маегинде Курманбек Бакиевдин кандуу режими менен жалгыз өзү күрөшкөндөй эрдемсиптир. Адилеттүүлүк үчүн «Фабула», «Айат», «Учур» гезиттери да Бакиевге каршы «маалымат согушун» жүргүзгөнүн баса белгилей кетсе туура болмок. Анан жалгыз Б.Жээнбеков Бакиевди тактан омкоруп түштү дегенге ким ишенет?

Бабырбек мырза кызматта отурсам дагы чыркыраган чындыкты бетке айтам дептир. Бирок, буга ишениш кыйын. Себеби ал ушу кезге чейин «лам» деп ооз ачканга жараган эмес. Качан гана жылуу креслосу копшоп, «пошел» болор кези келгенин туйганда чыркырап жатыр. Б.Жээнбеков мындан мурдараак өзүнүн гезитине уулун «соктуруп»: «Равшан Жээнбеков парламент трибунасынан атасы Бабырбекти колдогонго жараган жок» деп «тууралаганын» окуганбыз. Ал эми бул маегинде уулун коргоп жатып калыптыр. «Сиздин деги канча жүзүңүз бар?» деп сураган жан чыкпайт мындайда!

«Мен кызмат ордума жабышып калбайм. 2010-жылы революциянын шарапаты менен бул кызматка келип, эки жылга жакын иштеп кеттим. Ошол аралык ичинде мен 20 жылдан бери кабыл алынбай келе жаткан 4 мыйзамдын кабыл алынышына жетиштим» деп өпкөсүн кагат. Азамат экен деп алкайлы. Бирок «кызмат ордума жабышып калбайм» дегени кичине ашепкерээк болуп калыптыр. Себеби антимонополдук комитеттин төрагалыгынан ыргыганда КГБ (Кыргыз гезиттеринин биримдиги) деген уюм түзүп, Ак үй, Көк үйдү армансыз согуп жатып калбады беле? Кайра эски «тууруна» кондурганда «оозуна талкан сугунуп алгансып», жырга-ап отуруп калган Б.Жээнбеков эмей ким?

«Мен кызмат ордума жабышып калбайм» дейт да, кайра: «Эгерде иш боюнча дооматтары болсо, аларды угууга даярмын. Менимче, кызматым боюнча булар мага доомат кое алышпайт. Тилдери кыска!» деп директорлуктан кетпей турганын ачык билдириптир. Бул эки сүйлөгөндүн далили эмеспи?

«Эгер Б.Жээнбеков кызматтан «айдалса» эмне кылат?» деген суроо жаралары калетсиз. Анда ал көнгөн адатынча оппозицияга кошулуп, КГБсын жандандырары турган иш. Муну ал маегинде: «Мен силердин эле катарыңарга кайтып барам, аз калды. Мындайча айтканда, мен өзүмдүн туурума коном» деп ачык айтыптыр. Демек ал кайрадан бийликти шыбамайга өтөт. Эгер кайра кызмат беришсе, анда «балыктай» унчукпас позицияга өтөрү шексиз. Мынакей, Бабырбек Жээнбековдун табигый жүзү. Пайгамбар жашынан өткөн адам мынчалык «кууланбай», өзү айтмакчы креслого жабышпай, абийири менен эле кетип калса болмок. Үйүндө неберелерин жыттап, чыгармачылык менен алектенгенге не жетсин?

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru