Айбат » Украина дүйнөлүк кризистин чордонуна айландыбы..?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Украина дүйнөлүк кризистин чордонуна айландыбы..?

Украина майдан

Москва жалгыз…

Украина менен Россиянын ортосундагы мамиле жакын арада оңоло тургандай эмес. Россиянын  АКШ, Европа мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер да суугандан сууп бара жатат. Адатта эл аралык жаңжалдар учурунда калыстыкты кармана калчу Япония Москванын чыгыш Украинага аскерлеринин киргизилишин жактырбаганын маалымдады. Аталган өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Орусиялык аскерлердин Крымдагы аракеттери аймактагы чыңалууну күчөтөт, эл аралык тынчтыкка жана туруктуулукка зыян келтирилиши айтылды. Ал эми Батыш мамлекеттери жапырт Россияны көрөйүн деген көздөрү жоктой.

Кремлдин муштуму Европаны чоочутуп жатат

Россия Украинага карата күч колдонууга аргасыз болоору буга чейин эле айтыла баштаган болчу. 2008- жылда Грузияга орус аскерлери киргизилгендей киргизилиши мүмкүндүгүн жокко чыгарышкан эмес. Кремль аскер күчтөрүн Украинага карата жөнөтүүгө аргасыз болуп жатканы муну далилдөөдө. Мындай аракетин Москва Чыгыш Украинадагы орус тилдүү элдердин укугун коргоо аракети жана ал жактагы аскердик бөлүктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максаты болуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Эл аралык саясатка көз кырын салгандарга мындай аракет аргасыздыктын айынан чыгып жатканы да сезилбей койбойт. АКШ, Европа мамлекеттери менен Россиянын ортосундагы  келишпестиктердин негизги  борбору Украина болуп кала тургансып турат. Буга чейинки Африка мамлекеттеринде, Афганистандагы тирешүүлөр Украинанын көлөкөсүндө калып калышы да мүмкүн экендиги айтылууда. Мындай көрүнүш дүйнө коомчулугунун алдында күтүүсүз болгондой да таасир калтырууда.

Украинанын чыгышындагы нааразычылык акцияларынын күндөн күнгө өсүп жаткандыгы да  кооптондурбай койбойт. Мындай көрүнүштөрдүн дагы да башка шаарларда көбөйүшү бул мамлекеттин ыдырашына алып келиши мүмкүн.

Эгерде Украин бийлиги Крымдагы нааразычылык акцияларын күч менен таркатчу болсо, абал мындан оорлошу турган иш. Мындай кадам шылтоо таппай турган Россия жетекчилигинин куралдуу аракеттерге баруусуна алып келет.

 

Крым маселеси канткенде чечилет

Учурда эл аралык эксперттердин Украинаны саясый кризистен чыгаруунун айрым бир жолдорун айтып жаткандыгынын да жөнү бар сыяктуу. Крым Украинанын курамынан чыгуу аракетин дагы да күчөтүүгө аргасыз болот. Бүгүнкү Крымдагы абал мындай кадамга баруунун негизинде гана чечилиши мүмкүн. Россия эл аралык саясатта утулуп калбашы үчүн Крымды басып жыгылышы күмөнсүз. Ал эми Украин жетекчилиги мындай кадамды колдоору күмөн.

Бир жагынан Россиянын эл аралык коомчулук алдында, Украинанын бир бүтүндүүлүгү үчүн аракет кылууга да аргасыз болоору талашсыз. Эл аралык коомчулук Россияны ушундай аракеттерге барууга аргасыз кылат. АКШнын президенти Обама менен болгон сүйлөшүүлөрдө В.Путин Украинадагы абалды изилдөө боюнча Эл аралык иликтөөгө макулдугун билдиргендигин мисал тартсак болот. Украинадагы абалды чечүүнүн эң оңтойлуу жолу да ушул болоору айныксыз. Бирок, ушуну менен Москванын чыгыш Украинадагы кызыкчылыгын унутуп калат дегенге жатпайт. Украинанын 25-майда шайлануучу легитимдүү бийлигин да тааныбай койгонго аргасы калбайт.

 

Меркел менен Обаманын да Путинге алы келбей жатат

Украинанын тышкы иштер министрлиги Россиянын аракеттеринен улам, НАТОнун күчтөрүнөн өлкөнүн биримдиги үчүн аракеттерди көрүү өтүнүчүн келтирди. Ошону менен катар эле ал жерде аз сандагы улуттун өкүлдөрүн басмырлоо болбогондугун аныктоо максатында эл аралык мекемелердин өкүлдөрүн да чакырганга үлгүрдү. Россиянын эффективдүү куралдуу аракеттеринен улам, АКШ мамлекетинин жетекчилиги да Кара деңизге согуштук кораблдерин киргизүүгө аргасыз болду. Вашингтон мындай аракетин Сочидеги олимпиада учурунда коопсуздук маселелерине шылтоо менен аракет кылгандыгы маалым болчу. Анын үстүнө Украинанын коңшулары Румыния, Венгрия, Польша, Словения АКШ менен кызуу кызматташкан мамлекеттер болгондуктан, улуттар аралык кагылышуулар чыкса, океандын ары жагын карап иш кылышаары кажетсиз.

Ушул эле күндөрү ООНдун коопсуздук кеңеши  жыйылып, Россияга карата чечим чыгарууну карап жатышат. Башкача айтканда, экономикалык санкция киргизилиши менен коркутууда. Дүйнө жүзүнүн ири 8 мамлекет башчылары жай айында Сочи шаарында өтүүчү жыйынга даярдыктарды токтотконун маалымдашты. Германиянын канцлери Меркель менен президент В.Путиндин ортосундагы сүйлөшүүлөр да жемишин берген жок. Меркель Орусиянын жетекчилиги башка дүйнөдө жашап жатышкандай деп сынга алды. В Путин Украина чырында өз позициясына бекем турарын эл аралык коомчулуктун алдында бекемдегендиги байкалды.

А. Бостон

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru