Айбат » Кыргызстанда экономикалык интеграцияны баштоо зарыл

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстанда экономикалык интеграцияны баштоо зарыл

Кыргызстандын Бажы союзунун курамына киришин тездетүү керек, деген пикирин «Таза оппозициялык кыймылдын» саясий бюросунун төрагасы Назарбек Нышанов маалымдоодо.

Назарбек Нышанов: «Кыргызстанда экономикалык интеграцияны баштоо зарыл. Бажы союзунун курамына кирүүнү тездетүү керек. Союзга кирүү менен өлкөнүн аймагындагы завод, фабрикалар ар кандай өнөр-жай ишканалары иштеп, ички продукциянын көлөмү өсөт. Продукцияны алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерге чыгаруу менен элдин дагы кирешеси артат», – дейт.

Анын маалыматына караганда, буга чейин жана учурда дагы Кыргызстанга кирген, чыккан аткезчилик товарларды, продукцияларды бийликтегилердин бажы агенттигиндеги өз адамдары көзөмөлдөйт жана кайра эле коррупциялык иштерди жасашат. Эгерде, Бажы союзунун курамына кирсек бажыдагы товарлардын бардыгы Орусия тарабынан эсепке алынгандыктан, легалдуу каралып, коррупционерлер пайда көрө албай калышат. Ал эми, соодагерлердин каршы чыгып жатышы маанилүү эмес. Себеби, экспорттоо жаатында Кыргызстандын белгиси күчтүү. Бажы союзунун курамына кирүү Кыргызстан үчүн керек жана анын курамына кирүү менен бардыгы өз жолуна коюлат.

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru