Айбат » Жантөрө Сатыбалдиев оор кырдаалда келип, экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртканын моюнга алышыбыз керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жантөрө Сатыбалдиев оор кырдаалда келип, экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртканын моюнга алышыбыз керек

Сатыбалдиев ЖантөрөКечээ жакында парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгып кетүүсү менен «Ырыс алды – ынтымак» аттуу коалиция ыдырап, анын негизинде өкмөт толук курамы менен отставкага кетти. Өкмөттүн отставкага кетүүсүнө башкы себепкер болгон «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт жакшы иштегендигин моюнга алды. Буга өткөн 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттери арасында ички дүң продукциясынын көлөмүнүн өсүшү боюнча биринчи орунга чыккандыгын мисалга тартты.

Ырас, иштебеген адамда гана катачылык болбойт. Бирок, өкмөт башына өтө оор кырдаалда келген Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын, айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылардын күнү кур эмес ур-тепкисине карабастан, бир жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө олуттуу ийгиликтерди жараткандыгын баса белгилеп айта кетсек болот. Эл өкүлдөрү тараптан өкмөт келген күндөн тарта эле аны кетирүү аракети жасалгандыгынан сырткары, өткөн жылы болуп өткөн жалпы республика боюнча митингдерди 365 күнгө бөлүп келгенде күнүнө үчтөн митинг болуп калат экен. Мына ушундай митингдерди жөнгө салуу дагы өкмөттүн мойнундагы милдет болгон. Демек, өкмөт өтө оор шартта иштеди жана ага карабастан өз милдеттерин так жана абийирдүүлүк менен аткара алды десек болот. Жогоруда белгилеп кеткендей эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу КМШ мамлекеттери арасында ИДПнын көлөмү боюнча биринчи орунга чыга алдык. Бул жагынан алып караганда коңшулаш Казакстан менен улуу Россия Федерациясы да бизден кийинки орунга калышты. Бир жылдын ичинде Кыргызстан төмөндөгү позициялар боюнча өз рейтингин жакшырта алды : «Бизнести алып баруунун жеңилдиги» 2 пунктка, «Төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жокторго уруксат берүү» – 23 пунтка, «Экономикалык эркиндик Индекси» – 4 пунктка, «Басма сөз эркиндиги Индекси» – 9 пунктка, «Коррупцияга чара көрүү индекси» – 4 пунктка, «Глобалдуу атаандаштыкка туруктуш берүү индекси» – 6 пунктка, «Өнүгүү индекси» – 9 пунктка жакшырды. Негизги капиталдын инвестициясынын көлөмү бардык булактардан каржылоонун эсебинен 2,3 пайызга өстү. Мындай көрсөткүчтөр өлкөбүздө инвесторлорго каршы ар кандай каршылык акциялардын болуп жаткандыгына карабастан, инвестициялык климаттын жакшыруусуна, экономикабыздын өнүгүшүнө, элибиздин жашоосунун жакшыруусуна жол ачып берди. Өткөн 2013-жылы өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсү 107,8 пайызга өскөн. Жалпы экономикабыздын мындай жогорку көрсөткүчкө жетүүсүнө өлкөбүздүн өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүшү чоң салым кошкон. Маселен, өткөн жылы өнөр жай өндүрүшү 134,5 пайыз, айыл-чарба продукциясы 102,9 пайыз, курулуш продукциясы 112,4 пайыз көрсөткүчкө жеткен. Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай өткөн жылы Кыргызстандын экономикасында өтө чоң орду бар «Кумтөр» ишканасын кошпой эсептегенде ИДПнын көлөмү 105,8 пайызга жеткен. Демек, бул ийгилик.  2013-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин көлөмү 101 051 миллион сом болгон. Бул сумма 2012-жылга салыштырмалуу 14 279 миллион сомго көптүк кылат. Же башкача айтканда 2013-жылы мамлекетибиздин бюджетине келип түшкөн кирешенин көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга жогору болгондугу байкалган. Өткөн жылдагы салык кирешесинин жалпы суммасы 72842 миллион сомду түзгөн. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 8 930 миллион сомго, же болбосо 14 пайызга көптүк кылат. Салык кирешесинин көлөмүнүн көбөйүшү Бажы жана салык органдарынын эсебинен көбөйгөн. Мамлекеттик Бажы кызматы бажы төлөмдөрүн жана салыктарын 36 958,4 миллион сомго жеткирген. Башкача айтканда планды 100,4 пайызка аткарган. Ал эми 2012-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу бажы кызматы бюджетке 6 879,2 миллион сом, же 22,9 пайызка кирешени көп бергендигин айта кетишибиз керек. Салык түрүндө мамлекетибиздин казынасына 35 883,7 миллион сом келип түшкөн. Андан мурунку жылга салыштырмалуу салык кирешесинин өсүшү 106,1 пайызка жеткен. Мамлекеттик салык кызматынын салык кирешеси «Кумтөрдөн» тышкаркы көрсөткүчүн эсептегенде 10,3 пайызка өскөн. Ал эми салык эмес түрүндө келип түшкөн кирешелердин суммасы 19 751 миллион сом болгон. Бул сумма 2012-жылга салыштырмалуу 14,5 пайызка көп. Мындан сырткары отставкага кеткен өкмөт чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жаатында дагы алгылыктуу иштерди жасай алды. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2013-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин өлкөбүздө 11 969 кичи жана жана орто ишканалар ишке киргизилген. Муну менен андан мурунку жылга салыштырмалуу 390 даана ишкана көбүрөөк ишке киргенин билебиз. Демек, мындай чакан жана орто ишканалардын ишке кириши биринчи кезекте өлкөбүздөгү жумушсуздукту азайтууга салымын кошо алса, экинчи тарабынан экономикабызга да салымын кошо алган. Жогоруда белгилеп кеткендей иштеген адамда сөзсүз катачылыктар болот. Бирок, бир жылдан ашуун иштеген бул өкмөт өзүнүн дараметин жакшы эле көргөзгөндөй болду. Экономикабызда жылыштар болгондугун жогоруда келтирилген цифралар тастыктап турат. Ал эми жаңыдан келе турган өкмөттүн кандай иштей тургандыгын мезгил өзү көрсөтөөр.

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru