Айбат » Айпери Кулбаева: “Эне болуп, Энелик бакытка балкып турам”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Айпери Кулбаева: “Эне болуп, Энелик бакытка балкып турам”

Кулбаева АйпериАсанкалый Керимбаев менен Ырыспай Абдыкадыровдун чыгармаларын мыкты деңгээлде аткарган ырчы кыз Айпери Кулбаева биз менен сыр бөлүштү.

- Чыгармачылыңда кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Майрамбек Осмоновдун “Арзуу ыры” деген чыгармасын жаңы аранжировкалап иштеп чыктык. Буюрса алдыда ал чыгармага жакшынакай клип тарттыралы деген ниетибиз бар. Жакында Аксы районуна жана өзүмдүн туулуп өскөн айылым жерге талга  устатым Бурул Стамкулова жана шакирттерим менен барып концерт коюп келдик. Андан сырткары Венера Назаралиева экөөбүз Бакыт Мамаевдин “Жүрөктөш” деген чыгармасын дуэт аткардык. Ал чыгарма патриоттук сезимдерди козгой турган жакшы чыгарма. Биз жактырып кийин Бакыт Мамаевден уруксаат алып иштеп чыктык. Буюрса бул ырга да клип тарттыруучу убак алыс эмес. Эркин каимовдун Из калтыр бул дүйнөдө деген чыгармасын жан дүйнөм менен жактырып, ушул чыгарманы ырдасам деп тилек кылып жүрдүм эле. Буюрса ал чыгарманын да аранжировкасы бүтүп калды. Учурда эстрадалык вариантын иштеп атам. Чыгармачылыгымда  бир аз убакыт тыныгуулар болду. Буюрса алдыңкы убакыттарда боло турган конкурстарга даярданып катышканга аракет кылам. Апрель айында Ош улуттук Драма театрынын актёру, менин бир тууган агам Солтобай Кулбаев 50 жашка толуп жатат. Агамдын 50 жылдык чыгармачылык отчёту жана 50 жашка толушу менен  чоң программадагы концерт берип. Ош улуттук драма театрынын жамааты колдоо көрсөтүп, агамдын  50 жылдык мааракесин өткөргөнү турабыз. Ошол концертке чуркап рекламасын, концерттик программаларды даярдап жүрөбүз.

- Энелик мээримге балкып турган учуруң. Уулуң кандай?

– Чыгармачылыкта тыныгуу болгонуна өкүнбөйм, себеби энелик бакытты таптым, эне деген наамга ээ болдум. Жар күттүм. Кыз бала үчүн биринчи учурда үй-бүлө эсептелинет экен. үй-бүлө күтүп, уулдуу болуп. Чыгармачылыгыма кичине тыныгуу жарыялаган элем. Балам торолуп калгандан кийин чыгармачылыкка бел байлап, кыргыз элиме жакшы чыгармаларымды тартуулап, күйөрмандарымды дагы кубантайын деген максатта чыгармачылыгымдын үстүнөн иштеп баштадым.

- Кайын журтуң колдоо көрсөтүп жатабы?

– Кайненем менен кайнатам биз жаңы баш кошкондо жолдошума Айперинин чыгармачылыгына бут тоспо, колуңдан келсе чыгармачылыгын өркүндөтүп өстүр, кызганыч деген болбосун Айпери элдин адамы, талантына бут тозуп шагын сындырып койбо, колдоо көрсөтүп көтөрмөлө. деп насааттарын айтып Ош шаарына жөнөтүшкөн.

- Эне болуп, өз энеңдин баркын билип калсаң керек?

– Эне болгон сезимди сөз менен айтып жеткире албасам керек. Кош бойлуу учурумда эле энемдин кадырын билип, бешөөбүздү төрөп өстүргөн апама, жетини төрөп өстүргөн кайненеме рахмат деп жүрчүмүн. Балаң ыйлап, түн уйкудан калсаң дагы жаман нерсени сезбейт экенсиң. Азыр баламдын кылыктары чыгып күлүп, атасы экөөбүздү бакытка балкытып жаткан учуру. Баламдын турган турпаты боюнан бери атасына окшош. Атасынын бою узун, баламдын да өзү теңдүү балдардан бою узун.. Балам боюмда бар учурда да ырдап жүргөн элем. Ошондуктанбы, балам музыканы укса тынч болуп тыңшап калат. Атасы да балам Ырыспайдын. Асанкалыйдын ырларын гана ырдайт деп күлүп калат. Уйкусурап турганда Асанкалый Керимбаевдин, Ырыспай Абдыкадыровдун ырларынан, Манастан коюп койсок угуп атып уктап калат. Эмитеден эле музыкага берилгени билинип турат. Баламдын атасы жолдошумдун авасы Сүйүнбек Дүйшөналиев деген акын жазуучу, сөзмөр авабыз уулубуздун ысымын Алман деп коюп берди. Ал – деген алдуу деген мааниде. Ман болсо фарс тилинен которгондо адам дегенди түшүндүрөт экен.

- Бойдокчулуктагы репертуарың менен азыркы учурдагы чыгармачылыгыңда кандай айырма бар?

– Чын эле сен айткандай, бойдок учурда армандуу, муңдуу ырларга басым кылып, аткаруучу катары кайгылуу ырларды бат кабыл алып, Ырыспай Абдыкадыровдун дээрлик ырын, Асанкалый Керимбаевдин ырларын ырдадым. Турмушка чыккандан кийин  чыгармачылыкка башкача көз карашта карап калдым. Бурул Стамкулованын “Баары сен” деген чыгармасын жолдошума арнап ырдадым, Эгемберди Талиповдун  “Апама” деген чыгармасын өзүм апа болгондо аткардым. Клибимде да өзүмдүн баламды, апамды тарттым . Бала жөнүндө сөзү Медер Осмоналиевге, обону Эген Талиповго таандык “Сыймыктанган атанын уулу болгун!” деген чыгарманы уулума арнап аткарганы турам. Клипке баламды тартсам деген ниеттерим бар. Мурдагыдай кайгылуу ырларды азыраак ырдап калдым. Азыр шаңдуу ырларга, эне, бала, жашоо, мекен туурасындагы ырларга кайрылып жатам.

- Гастролдорго качан чыгып жер-жерлердеги күйөрмандарыңа талантыңды качан тартуулаганы турасың?

– Менин чыгармаларымды угуп, чыгармачылыгыма бир топтон бери саресеп салып жүргөн Кытайлык кыргыз күйөрманым кызыктуу сунуш киргизип жатат. Улуу Кытай жергесиндеги кыргыздарга барып концерт коюп келсең жакшы болмок дейт. Буюруп калса жакынкы айларда ал жактагы туугандарга барып да өз өнөрүмдү тартуулап келем деген оюм бар.

- Акыркы учурларда сени туураган ырчыларды көрүп калып жатабыз. Алар туурасында эмне айта аласың?

– Кыргыз эли таланттарга бай эл. Акыркы учурда жаңы таланттардын эл алдына чыгып жатканы сүйүнтөт. Бирок сен айткандай менин гана чыгармачылыгымды туурап, менин ырымды гана ырдаган ырчылар эмес, башка аты таанылган ырчыларды туурагандарга эл өзү күбө. Ал эми менин чыгармачылыгымды туурагандар туурасында сөз кыла турган болсом, мен аларды укканда капа болмок турсун сүйүнөм. Себеби менин чыгармачылыгымды баалаган үчүн, мени эл жакшы көрүп, чыгармаларымды жакшы кабылдаганы үчүн мен да кыргыз элине таанымал болуп калганым үчүн туурап жатышса керек деп ойлойм. Бирок кайсы тармак болбосун ар ким өзүнүн жүзү менен болгону жакшы го. Саясатта болобу, журналистикада болобу же искусстводобу ар ким өзүнүн аты үчүн терин кетирип канчалаган убакыт коротуп, суукка тоңуп, ысыкта күйүп отуруп жемишке жетишкенде ортодон чыга калгандары коошпой калат. Ошентсе да, баарына эл тараза. Кайсы бир убактарда баары ордуна келет.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru