Айбат » Элдин эсинде калган актёрлор азыр кайда?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Элдин эсинде калган актёрлор азыр кайда?

Советтер Союзунун тараарына аз жылдар калганда көгүлтүр экранда сериалдар көрсөтүлүп, миллиондогон көрөрмандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон. Мына ошол 90-жылдардын кино жылдыздары бүгүнкү күндө кандай күн кечирип, эмне иш кылып жаткандыгы туурасында билгиси келгендер аз эмес болушу керек. Себеби, алардын ар бир кылыгын ашканада,  жумушта, коомдук автоунааларда кеп кылып, аларга күйүп-бышкандар толтура болчу. Ал күндөн ушул күнгө чейин теледен кандай гана сериалдар көрсөтүлгөн жок. Бирок, алгачкы сериалдар кино сүйүүчүлөрүнүн эсинде сакталып калды. Бул жолу ал актёрлор кайда жашап, кайда иштеп жаткандыгы туурасында кеп козгомокчубуз.

Изаура“Малай Изаура”

Луселия Сантош Рио-де-Жанейродогу вилласында жашайт

”Малай Изаура” сериалынын башкы каарманы Изауранын ролун жогорку деңгээлде ойногон актриса Луселия Сантош  56  жашка чыкты. 1975-жылы жаңыдан сериалдын тартылуу иштери башталганда ал болгону 18 гана жашта болчу. Ал сериалдан кийин Луселия башка кинолорго тартылууга сунуш алып карьерасында жаңы тепкичтер башталган. Бирок, бир да адам ал жараткан ийгиликти кайталай алган жок. Ушул тапта Луселия Сантош Рио-де-Жанейродогу өзүнүн вилласында күн кечирип келет. Луселия өзүн дайыма бир калыпта алып жүрүүнү сүйгөндүктөн дагы деле сулуулугун сактап келет. Күнүгө чуркайт жана йога менен машыгат. Ошону менен катар эле диетаны да дайым сактап келет. Жеке жашоосу тууралуу кеп кыла турган болсок, актриса 2 жолу турмуш курган. Биринчи никеси Жон Нешлинг аттуу режиссёрдон Педро Энрике аттуу уулу бар. Экинчи күйөөсү Дави Аккермандан балалуу болбой ажырашкан. 2001-жылдан бери турмуш кура элек.

Рубенс ди Фалко каза болгон

Ушул эле сериалда сеньор Леонсионун  ролун жараткан Рубенс ди Фалко андан кийин да бир топ сериалдарга тартылып жүрдү. Ал 2008-жылы 76 жашында жүрөгүнүн айынан бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.

 

Вероника Кастро“Байлар дагы ыйлашат”

Вероника Кастро теле алып баруучу, бизнес леди

“Байлар дагы ыйлашат” сериалындагы Марианнанын ролун аткарган Вероника Кастро 60 жашка келип калды. Ал өзүнүн 25 жылдык чыгармачылык жашоосунда 25 сериалда роль жаратты. Мексикада, Аргентина жана Италияда тасмага тартылды. Вероника көп кырлуу талант, анын үнүн уккан күйөрман кайра-кайра уккусу келе берет. Вероника бир нече музыкалык диск жана аудиокассета жаздырган. Ушул тапта Мексикалык телеканалдардын биринде шоу программаны алып барат. Ошону менен катар эле бизнес менен да алектенгенге жетишет. Анын бир нече дүкөндөрү жана сулуулук салондору бар. Апасы эжеси жана иниси менен чогуу жашайт. Кристиан жана Мишель аттуу эки уулу бар. Ал эми ал эки баланын атасы тууралуу ушу күнгө чейин эч кандай маалымат бербей келет. Жеке жашоосу тууралуу айтсак, Вероника ушул жашка келгиче бир да жолу турмуш курган эмес.

Рохелио Герра театрда

Көпчүлүктүн көңүл чордонунда Луис Альберто боюнча калган Рохелио Герра учурда чоң тасмадан алыстап театрга баш оту менен кирип алган кези. Акыркы никесинен төрөлгөн улуу баласы менен бирге балдар театрында ойноп келет. Рохелио үчүнчү үйлөнгөндө гана чыныгы бакытына жолукту. Белгилүү мексикалык актёрдун кызы Марибельге үйлөнүп, эки уулу бар. Марибель да актриса болчу, бирок күйөөсү үчүн чыгармачылыгын таштап, үй иштерине, эки уулуна жана күйөөсүнө көңүл бурат. Экөөнүн ортосунда 25 жаш айырма бар. Рохелио Марибелге үйлөнүш үчүн 6 жыл күткөн.

 

Санта-Барбара”Санта-Барбара”

Джед Алландын саякаттан колу бошобойт

Канча жыл бою киносүйүүчүлөрүн ойго салып, жумуштан калтырган “Санта-Барбара” сериалындагы ар бир актердун өзүнчө орду бар эле. Сериалдагы Сиси Кепвеллди аткарган Джед Аллан  76 жашка чыкты. Анын 3 баласы бар, карыганына карабай дагы деле кинону таштабай роль жаратып жүрөт. Албетте башкы каармандын ролун жаратпаса дагы башка ролдорду аткарып келет. Джед саякатты жакшы көргөндүктөн дале саякаттап жүрөт.

Марси Уолкер учурда чиркөөдө балдар департаментинде иш алып барат

Иден же Марси Уолкер 1996-жылы кинодон биротоло кеткен. 51 жашка чыккан Марси өзүн чиркөөгө арнап койгон. Башкача айтканда чиркөөнүн балдар жана өспүрүмдөр департаментинде иш алып барат. Ал эми киного кайтуу тууралуу ою жок. Ошентсе да, анын уулу Марси Тейлор апасынын жолун улап актер болду. Азыр ал бир нече киного тартылып жүрөт.

Круз Кастильо менен Иден дагы деле телефон аркылуу сүйлөшүп турушат

Круз Кастильонун ролун аткарган Эй Мартинес бир уул эки кыздын бактылуу атасы. Мурункудай эле киного тартылып жүрөт. Баса, Круз Кастильонун ролу үчүн Эй Мартинес “Эмми” сыйлыгына ээ болгон. Санта-Барбарадагы Иден менен азыркыга чейин телефон аркылуу сүйлөшүп турат. “Мен Марсиге абдан ыраазымын. Себеби ал менин үй-бүлөмдүн бузулбай сакталышына жардам берди. Аны менен телефон аркылуу дайыма сүйлөшүп турам, жаңы жигити менен да тааныштым”, – дейт ал.

Виктория Руффо”Жөнөкөй Мария”

Виктория Руффо саясатчыга тийип эгиз төрөдү

Мариянын ролун аткарган актриса Виктория Руффо 51 жаштын тамагын ичип жаткан чагы. “Жөнөкөй Мария” сериалында аткарган ролу актрисага абдан чоң популярдуулук алып келген. Ошону менен катар эле ал сериал актрисанын жашоосуна терс таасирин да тийгизген. Себеби анын күйөөсү аялынын өтө популярдуулугун көтөрө албай ажырашып тынган. Виктория бир топ жыл бою жалгыз жүрүп, эч ким менен мамиледе болгон эмес. Болгону уулу Хосе Эдуардды тарбиялоо менен күн кечирип жүрдү. 2001-жылы гана Омар Файд аттуу саясатчы менен таанышып, бир жылдан кийин үйлөнүшкөн. 43 жашында Виктория Руффо Омарга эгиз төрөп берди. Учурда деле актриса кинолорго тартылып жүрөт.

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru