Айбат » Тооба жана көз жаш

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Тооба жана көз жаш

КуранАдам пенде напсинин азгырыгына алданып, ыймандын ысык табын житирип, көөдөндөгү руханиятты жоготуп алган кезде күнөөлөргө ыктай баштайт. Ариетке ахлактын берер түрткүсү азайганда терең ой-чабыт жана руханий сергектик кайдыгерликке оошот. Чыныгы диндар, чыныгы ахлактуу инсан болом деген тилек таш каап, аруу тилекти уйгу-туйгу ой-элестер, алдамчы сезимдер тооруп кирет. Оор күнөөлөр уккулуктуу музыка сымал адамдын напсине жага берип, кадыресе иш катары не кесепети, не оорлугу сезилбестен, тама-тама көл болгону сыңары улангандан улана берет.

А аныгында адамзаада ыңаалап, эне курсагынан жерге түшкөндө аппак кардай таптаза, күнөөсүз төрөлөт. Мына ушул табигый аруулукту сактап калуу үчүн Алла Таала жалпы адамбаласына дин Исламды тартуу эткен. Бул тартуу сыртынан жашоо мыйзамы көрүнсө да, түпкүлүгүндө Жараткандын Ырайымлуулугу, Мээримдүүлүгү аркылуу ыроолонгон. Андыктан адамзаада Исламды бек тутунуу менен гана табигый аруулугун сактай алат. Дин жолунан тайбай, диндин руханиятынан насибин алып, кайдыгерликтин көшөгөлөрүн жарып өтө алган деңгээлди багынткан кезде кокус күнөө жасап алган болсо, анын оорлугун абийри сезет, абийир ачырканат. Жан дүйнөдө катылып келген изги туюмдар арданат, ызаланат, анан сергек тартат. Анан суктанаарлык өзгөрүү пайда болот. Жүрөгү жалынсыз күйүп, абийири сыздайт, салаалап аккан көз жаш төгүп, бүт дилин Аллага сунат. Мына ушул бушаймандык, мына ушул жалынсыз күйүү «тооба» болуп саналат. Буга удаалаш бушаймандыкка буулуккан жүрөктөн кечирим тилөө үчүн ашып-ташкан мунажатты «истигфар» дейбиз.

Каргышка калган шайтандын жетегине алданып, тооба менен истигфарды кечиктирүү – өмүрдү ысырапка учуратып, текке кетирүү болуп саналат. Өмүр ысырабынан өткөн ары чоң, ары кейиштүү ысырап болбос. Акыл-эстүү мусулман тооба кылууга ашыгышы керек, карарган жүрөктү тазалап, акыркы демдин жакшылыктуу жагына кетишине кам көрүшү зарыл.

 

Айтууларга караганда ынтызарлуу тикмечи сахабалардын бирине собол узаткан:

«Алла Элчисинин: «Алла Таала тообаны пендесинин жаны кекиртекке келгенге чейин кабылдайт» деген хадисин чечмелеп бериңизчи?

Сахаба мыйыгынан жылмайып, тикмечинин өзүнө собол таштады:

– Ооба ошондой деген. Бирок сенин кесибиң эмне?

– Тикмечимин, кийим тигем.

– Сен үчүн тикмечиликте кандай иш эң жеңил?

– Кайчыны кармап кездемени кесүү.

– Бул иш менен алектенгениңе канча жыл болду?

– Отуз жыл.

– Ичер сууң, көрөр күнүң бүтүп, жан кекиртекке кептелген кезде кездемеңди кесе аласыңбы?

– Жок. Аны эч ким жасай албайт.

– Ээ, тикмечи! Аз убакыт ичинде кыйынчылык тартып үйрөнүп, анан отуз жылы бою оңой олтоң жасап жүргөн кесибиңди ошол кезде орундата албасаң, өмүрүңдө эч бир оозанбаган тообаны анан кантип өлүм алдында айтып, кабылдата аласың?! Андан көрө ушу бүгүн күч-кубатың барда тооба кылып кал! Болбосо акыркы демиңде истигфар менен жакшылыктуу өлүм насип болбой калышы мүмкүн… «Өлүм келгиче тооба кылууга ашыккыла!» (Мунави, V, 65) деген насаатты эч уккан эмес белең?»

Ушул сукбаттан катуу таасирленген тикмечи андан аркы өмүрүн салихтик менен өткөрүптүр.

Тооба менен көз жаш коштолгон истигфар Аллага жакындоого эң таасирлүү себеп. Анткени анда терең бушаймандык, ак дилден берилгендик, рухий сыгылуу бар. Жаратканга бет алууда жана жүрөктүн эң бийик даражаны багынтышында олуттуу орду бар истигфар – рухий булганычтан аруулануунун жападан жалгыз жолу. Кынтыксыз кабылданган тооба пенде менен Жараткандын ортосундагы тосмолорду жарып өтүп, тообакерди Алланын сүйүүсүнө жеткирет. Муну бизге Куран төмөнкүчө сүйүнчүлөгөн:

«Алла шек-күмөнсүз тылыкпай тооба кылып, өтө аруулангандарды сүйөт» (Бакара сүрөсү, 222-аят).

Күнөө бейишке кирүүгө бөгөт. Ошол эле учурда изги ибадаттар (амали-салих) менен чыңдалып, тастыкталып, чын дилден кылынган тооба тозоктон кутулууга жол ачат.

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тозоктон кутулуунун алдын алса, эң сонун болорун төмөнкү хадиси менен бышыктаган:

«Күнөө жасаган кезде пенденин жүрөгүнө кара так урулат. Эгер ал күнөөдөн арылып, кечирим тилеп, тооба кылса, жүрөгү тазарып мурунку абалына келет. Муну кылбай күнөөгө кайра бет алды дегиче, кара тактар чоңойуп олтуруп бүтүндөй жүрөктү каптап калат. Алла Тааланын:

«Жок! Жасаган иштери себептүү алардын жүрөктөрүн кара так каптап калган» (Мутаффифийн сүрөсү, 14-аят) деген аныктамасынын төркүнү ушул жерде жатат.

 

Башка бир хадисте:

«Эң чоң дарт – бул күнөөкөрлүк. Мунун дабаасы түн бироокумда караңгылык жайда кечирим тилөө!» деп буйрулган.

Пенделик кылып унутуп же элес албай, же байкоостон бир күнөө жасала турган болсо, дароо тооба кылып истигфарга сүңгүп, Аллага бет алуу кажет. Анткени Алла Таала Өзү ыраазы болгон чыныгы момун пенделерди мактоого алган:

«Ыпластык менен алектенгендер, өз жанына зулумдук кылгандар, Алланы эстеп, күнөөлөрү себептүү дароо тооба кылып кечирим тилешет. Күнөөлөрдү Алладан башка ким кечире алышы мүмкүн?! Анан дагы алар билип туруп көшөрүп күнөөгө жабыша беришпейт» (Аали Имран сүрөсү, 135-аят).

«Ал диндарлар түнкүсүн аз уктап, таңкы заарда (талыбай) кечирим тилешет» (Зарият сүрөсү, 17-18-аят).

Чындап тооба кылган пенделерди кечирерин Алла Таала бир топ аятта маалымдаган. Жадакалса ак дилден тооба кылып Өзүнө карай багыттангандардын күнөөлөрүн соопко айлантаарын билдирген:

«Ал эми, ким өкүнүп тооба кылса жана жакшылык иштерди иштесе, Алла алардын жаман иштерин жакшы менен алмаштырып койот. Акыйкатта, Алла Кечиримдүү жана Мээрбан» (Фуркан сүрөсү, 70-аят).

Тооба эң алгачкы пайгамбар Адам (алейхис салам) менен башталган. Адам Ата өз тообасында:

«Оо, Жараткан Алла Таалам! Биз өзүбүзгө зулумдук кылып алдык. Эгер бизди кечирбей, бизге ырайым кылбасаң анык зыянга учурап калабыз!» деп мунажат кылган. Бул кайрылуу Адам Атанын кыяматка чейин келе турган урпагы үчүн тообанын, кечирим тилөөнүн нукура үлгүсү.

 

Олуя пенделер тообаны үчкө бөлүп карашат:

Карапайым калктын тообасы. Булар кылган күнөөлөрү үчүн тооба кылышат.

Тандалган пенделердин тообасы. Булар кайдыгерлик үчүн тооба кылышат.

Өзгөчө даражадагы тандалган пенделердин тообасы. Булар Аллага өтө жакын болуу үчүн тообаны ооздон түшүрүшпөйт.

Бардык жарамдуу амалдарда болгону сыңары тообанын кабылданышы да ниеттин, дилдин тазалыгын, берилгендикти талап кылат. Анткени напси менен шайтан адампенденин жүрөгүн, кайратын кыя кесе албагандан кийин акыйкат көрүнүп, жакшылыктарды, кооздуктарды сунуш кылган жандоочко айланат. Шайтан ошентип кулпендени тузакка түшүрөт да, кылынган тообаны асманга сапырат. Аныгында чын дилден кылынган тообаны улам бузуу акыреттеги азапка жетелейт.

«Тооба кылгандан кийин гана Жараткандын силерди сакташы тууралуу ойлосоңор болот. Эгер кайрадан мурунку бузукулукка кайтсаңар, Ал силерди жазалайт!» (Исра сүрөсү, 8-аят).

Тообасын улам бузуп, жамандыкка кайткан адам шайтандын маскарапозу. Андай адамдар тооба кылгандан кийин шайтан же шайтандашып калган адамдардын «Ай, жубарымбек! Сен эмне жашоонун кызыгынан кечтиңби?» деген азгырыгына туруштук бере албай күнөөгө кайрадан сүңгүйт.

Алла Таала ошон үчүн:

«Эй, ыйман келтирген пенделер! Чындап берилүү жана ыкластуулук менен тооба кылып Аллага кайткыла!» (Тахрим сүрөсү, 8-аят)деп буйруган.

Тооба маселесинде береги жагдайга көңүл бурбай коюга болбос. «Адамдын күнөөкөрлүгүн амал дептерине каттаган периште күнөө жасалгандан кийин балким тооба кылар деген ойдо көрпендени алты саат күтөт. Ошондуктан: «Тообамды бек кармана албайм. Кайрадан күнөө иш кылып койом. Тооба кылбай эле койоюн!» деген жеңил ойго алдырбоо керек. Истигфарды оозон түшүрбөй, ар дайым кечирим тилөө зарыл. Эгер Алланын ырайымы жардамга келе турган болсо, кылынган тооба экинчи ирет бузулгус болот. Бирок, тообанын кечирим тилөө аркылуу жүзөгө ашуусу чын дил менен бушайман болууну жана ал күнөөгө экинчи ирет кайтпоого бекем эрк-кайратты талап кылат» деп айтылат Жамиу-с-сагийр аттуу хадис китебинде.

 

Алла Таала ошон үчүн мындайча эскертүү берген:

«Абайла! Алланын ырайымына ишендирип шайтан силерди алдап койбосун!» (Лукман сүрөсү, 33-аят).

«Тооба чыныгы көз жаштан турат» деген куттуу хадис адамзааданы күнөөгө кайрадан түшүрбөй турган тообага ишаарат кылууда.

Бул хадис ошол эле учурда тообанын бушаймандык менен баштоо зарылдыгын маалымдоодо.

Айтууларга караганда чын дилден бушайман болуп, тооба кылган күнөөкөр пендеге жасаган бардык күнөөлөрүнүн тизмеси берилет. Окулушу талап кылынат. Эми эле окуп баштаган көрпенде күнөөлөрүнүн оорлугуна чыдабай көз жашын көлдөтүп ыйлайт. Акырында анын чын дилден бериле ыйлап төккөн көз жашы дептердеги күнөөлөрүнүн баарын жууп кетет. Алла аны кечирет. Ошол себептен кечирим үчүн бир күнөө кээде көлдөгөн көз жашты талап кылса, кээде миң күнөө бир тамчы көз жашты талап кылат.

Куттуу хадисте: «Алланын даргөйүндө береги экөөнөн өткөн баалуу тамчы жок. Бирнчиси, Аллага болгон сүйүү жана Андан ашкере корккондугу себептүү түн бир оокумда төгүлгөн көз жаш. Экинчиси, Алла жолунда согушуу учурунда төгүлгөн кандын тамчысы» деп айтылат. Адам баласы ушул өңдүү акыйкаттарды түшүнгүсү келбей дүнүйөгө берилип ыйлай турган жерде күлкү, каткырык менен күн кечиргендиги себептүү Алла Таала:

«Күлөсүңөр… Ыйлабайсыңар… Эч нерседен бейкапар алаксып жатасыңар…» (Нажм сүрөсү, 60-61-аяттар)деп эскертүү берип, Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафага: «Кылымышынын жазасы катары аз күлүп, көп ыйлашсын!»(Тооба сүрөсү, 82-аят) деп насаат буйруган. Тактап айтканда Жараткан Алла Таала кулпендесинин тооба жана көз жаш менен күнөөдөн арылышын каалайт.

Мавлана олуя көз жаштын маанилүүлүгүн төмөнкү мисалдар менен түшүндүрөт: «Шам канчалык ээриген сайын ошончолук жарык чачат. Ыйлаган булуттун берекесинен суу ичип, күндүн ысыгына какталган бак-дарак жашарат. Мөмө-жемиштин бышып жетилиши үчүн ысыктык жана суу керек.

Мына ушулар сыяктуу тообанын кабылданышы үчүн булут менен чагылган, башкача айтканда көз жашка жуулуу, бушаймандыкка буулугуу керек».

«Эгер жан дүйнөдөн чагылган чыкпай, көз булутунан жамгыр төгүлбөсө, напсинин кызарган алоосу, күнөөнүн кызыган чогу кантип өчөт?»

«Табиятты жайына кой, эчкире-эчкире ыйлап алсын. Бул топурактар суусуз калса какшыбайбы… Дайра, же булак агып кирбеген көлмөлөр жыттанып, бузулуп, карарып кетет».

«Бейиштин элеси өңдөнгөн жашыл гүлзар же бак-дарактар суусуз калса жалбырагы куурап, өзү соолуп бейчара карыптын кейпин кийери анык. (Адам дагы ушундай)».

Ушул кейиштүү абалдан сактануу үчүн көп ыйлаган Шуайб пайгамбардын (алейхис салам) көзү көрбөй калган. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бизге: «Мен билгенди силер билгениңерде аз күлүп көп ыйламаксыңар, ичкен-жегениңер сиңмек эмес…»деп эскертүү берген (Жамиу-с-Сагийр, II, 10-бет).

Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Оо, калайык! Аллага тооба кылып, Андан кечирим тилегиле. Анткени мен Ага күн сайын жүз жолу тооба кылам» (Муслим, Зикир, 42).

Күнөөсүздүк сапат менен пайгамбар кылынганына жана өтүмүштө болуп, келечекте жүз бере турган пенделик бардык каталарынын кечирилишине карабай Ааламдардын Ардагынын (саллаллаху алейхи васаллам) ар убак тооба кылып, кечирим тилеши бир эсе Алла ыроологон нематтарга шүгүрчүлүк, бир эсе үммөтүнө берген адеп сабагы болгон.

Ар убак Алланы эстеп Ага такай ибадат кылуу адампенденин эң маанилүү озуйпасы экенин эң жакшы түшүнгөн Ардактуу Элчи (саллаллаху алейхи васаллам) талыкпастан ибадат кылуунун пайдасын эске алып, бошой калган кезде тооба менен истигфарды тилинен да, дилинен да түшүргөн эмес экен. Ал ошол эле учурда Пайгамбар катары үммөтүнүн атынан да тооба кылып, кечирим тилеген.

Бирок адам баласынын эң маанилүү көйгөйү напсини тарбиялап, жүрөктү тазалоодо жатат. Бул жерге чейин айтылгандын баары ушул көйгөйдүн түйүнүн чечүүгө далаалат кылат. Бул түйүндү чечүүдө салих пенделер менен чогуу болуу зарылчылыгы турат. Парз, важиб жана сүннөттөрдү өз эрежеси менен орундаткан соң, айрыкча, адам укугуна, ата-эненин акысына аяр мамиле кылып, Алла үчүн кайыр-садага берүү, жаамы жандууга мээрим төгүү, боорукерлик жана кечирим менен кимге болбосун жакындоо сыяктуу изги касиеттерге ээ болуу кажет.

Айтылган истигфарлар менен амал-ибадаттар Алланын кулу экендигинин белгиси жана кулчулуктун зарыл шарты.

«Эй, инсандар! Алланын убадасы акыйкат. Ошондуктан будүйнө тиричилиги силерди азгырбасын. Ошондой эле катуу азгыруучу (шайтан) Алла тууралуу силерди жазгырбасын!» (Фаатир сүрөсү, 5-аят).

Тообанын кабылданышынын белгилери

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru