Айбат » Жетимдин акысын жебе!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жетимдин акысын жебе!

БалабакчаАлсыздардын, жетимдердин жана карыптардын акыларын жана укуктарын коргогон динибиз, аларды өкмөткө пайдалуу болсун деп кээ бир буйрук жана принциптерди коёт. Кароого муктаж болгон адамдардын арасында көбүнчө жетимдер корууга алынат. Куранда жетим акысы Аллага ибадат кылуу, ата-энеге жана туугандарга жакшы мамиле кылуудан кийинки орунга коюлган. Муктаждыктарынын орундалуусу мал-мүлкүнүн корууга алынуусу буйрук кылынган. Азирети Пайгамбарыбыз да жетим өскөн жана жетимдиктин эмне экендигин билгендиги үчүн жетимдерди колуна алып алардын укугун коручу эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн жетимин же башкага караштуу жетимди караган адам менен бейиште бирге болорун айткан. Жетимдин башын сылагандардын колуна жетимдин канча чачы тийсе ошончолук көп сооп жазылышын жар салат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айрыкча жетим акысын жешти күч менен токтотуп андайлардын курсактарына от толтуруларын эскерткен. Ар кандай маселеде Пайгамбарыбыздын кеңештерин ар дайым кемчиликсиз аткарган сахабалар да, жетимге жакшылык кылуу маселесинде момундарга үлгү болушкан. Сахабалардан Абдуллах бин Умардын дасторконуна бир жетим кошулмайынча даам татпай бир жетимди таап келип анан тамактанышы бизге эң сонун үлгү болот. Жетимдердин мал-мүлкүн жегендердин жана каржылагандардын акыреттеги азабы өтө чоң.

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru