Айбат » Мирболот: “Атам, апам экөө тең авария болуп каза болгон”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Мирболот: “Атам, апам экөө тең авария болуп каза болгон”

МирболотКыргызстанда жетим балдардын саны болжол менен он миңден ашат экен. ата-эненин мээримине муктаж балдардын кээ бири балдар үйүндө тарбияланса, кай бирлери ал жактан качып ар кандай жерлерде күн кечирип келишет. Мирболот Дордой базарында коробка чогултуп иштейт, 10 жашта. Мектепти такыр эле унуткан. Анын айтымында ата-энеси автокырсыктан каза болуп. Бир туугандарын балдар үйүнө тапшыртып салышкан. Мирболот болсо ал жактан качып кеткен. 

- Мирболот, бул жакта канча убактан бери иштейсиң?

– 2 жыл болуп калды. Апамдар каза болгондон кийин ар кимибиз өз жашообуз менен кеткенбиз. Өзүбүз батирде турчубуз, ал жактан да акча төлөбөйсүңөр деп чыгарып салган. Ошондон бери Дордойго келип коробка чогултуп сатып күнүмдүк жеген нанымды таап алам.

- Бир туугандарың барбы?

– Ооба 2 карындашым бар. Алар шаардан алыс жакта балдар үйүндө. Баргым келет аларга, бирок, мени да ал жактагылар алып калат го деп корком.

- Мектепке барасыңбы?

– Мектепке барбайм. Барсам эле балдар “Жетимдин колунан эч нерсе келбейт” – деп сабай беришет. Менин аларга алым жетпейт. Чоңойгондо мушташам. Байкем болсо ага айтып сабатмакмын Элдос, Жаркынбек деген балдарды.

- Каякта жашайсың?

– Базар жакта бир үй бар. Ошонун жанында склад бар ошол жакка барып жатам. Калган убакта Дордойдоле жүрөм.

Кенжебек кызы Гүлмайрам, 2-курстын студенти

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru