Айбат » Совет доорундагы кино жана моду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Совет доорундагы кино жана моду

Журнал менен гезиттерге караганда тасмалардын мода индустриясына кошкон салымы жогору экенин тарых тастыктап келе жатат. Мода совет доорунда да тасмалар аркылуу көбүрөөк өнүккөн. Кыз-келиндер тасмадагы актрисалардын кийген кийимине, чач жасалгасына жана аксессуарларына карата өздөрүн алып жүрүшкөн. Алардын сүйгөн актрисасы кандай көйнөк кийген болсо, кыздар да ошого окшош көйнөк сатып алып жүрүшкөн. Азыр деле ошондой десек болот. Кайсы ырчы, актриса жарашыктуу көйнөк кийген болсо, кыздар да аларга окшошкусу келип, ошондой көйнөк кийип келишет. Ошондуктан, модада таанымалдар кийген бренд болобу жөнөкөй кийимдерби айтор алар кийген кийим суроо-талапка ээ десек болот.

Кино искусстводогу эң эле маанилүү нерсе. Себеби, кинону көргөн ар бир инсан андан кандайдыр бир тарбия алып, өзүн түздөп, ойлонуусун өзгөртүп, өзүн алып жүрүү манерасын да түздөйт. 70-жылдардагы СССР тарагычакты кинодогу мода өлкөнүн тарыхы менен толук байланышта. Ал убакта азыркыдай жылтырак журналдар жакшы өнүгө элек мезгилде дал ошол мыкты режиссёрлор тарткан кинолор моданын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп келген.

СталинСоветтер Союзунда моданын өнүгүшүндө Сталин чоң салым кошкон

1941-жылдары Константин Юдин  өзүнүн эмгегин «Сердца четырех» лирикалык комедиясы менен бүтүрөт. Ошол тапта Сталин Союздук мода үйүн жаратуу үчүн атайын токтом кабыл алат. Аскер күчтөрү ар кайсы фронтто жүргөн учурда модельерлер өздөрүнүн мыкты костюмдарын, көйнөктөрүн тигишет. Алардын көйнөктөрүн Валентина Серова жана Людмила Целиковская сыяктуу мыкты модельдер кийип чыгып, кыздардын көйнөккө болгон кызыгуусун арттырат. Аялзаты мыкты көйнөк көргөндө эрип калып, ал көйнөктү сатып алмайынча тынч уктабайт эмеспи. Ошентип атып мода индустриясынын өнүгүшүнө Сталиндин салымы чоң.

1940-жылдардын башталышында помада, бант, жакалуу көйнөктөр, барпыраган жеңдер, шляпа, тизеден ылдыйраак келген бош юбкалар, сүрөт түшүрүлгөн жеңил кездемелерден тигилген көйнөктөр мода болгон. Ал эми бут кийимден анча бийик эмес  такалар кийилген.

 

Карнавал түнү“Карнавал түнү”,
1956-жыл. Режиссеру– Э. Рязанов

«Карнавал түнү» тасмасынан кийин тасманын режиссёру Эльдар Рязановду эл абдан сүйүп калган. Ал тасмада Людмила Гурченконун кийген кийимин  жана new look стилинин кыз-келиндер абдан баалап, ошол стилде кийингенге өтүшкөн. Кристиана Диоранын тагыраак келген ийин, барпыраган юбка жана бели байланган көйнөгүнө суроо талап жогору болгон.

Бриллиантовая рука“Бриллиант кол” , 1968-жыл, режиссёру – Л. Гайдай

Бул жылдар аралыгында шымдар жана кыска шымдар мода болуп, кыздар шым кийгенге өтүшкөн. Андан сырткары топчу тагылган кыска халаттар дефицит болгон. Советтер Союзу жана АКШ эң башкы космикалык держава наамын алыш үчүн атаандашып аткан чакта, модельерлер космикалык дизайн деген аталышта интерьерлерди чыгарышкан. Мына Гайдай ошол учурдан пайдаланып “Бриллиант кол” тасмасын тартканга үлгүргөн. Ал тасмадан кийин кыздар башкы каарман кийгендей ак халат кийип, чачын да ошонукундай бантик менен алып жүрүү Советтер Союзунда модага айланган. Ал эми эркектер водолазканы классикалык шым жана пиджак менен кийген мода болгон.  М. Каликтин “Сүйөт” деген тасмасы телевидениеден кете баштаганда юбкалар мода болуп, кыздар чачын кыска алып жүрүп, такалар бийиктеп, кыз-келиндер тамеки чегип кетишкен.

 

Иван Васильевич меняет профессию“Иван Васильевич кесибин алмаштырат”, 1973-жыл, режиссеру – Л. Гайдай

70-жылдардын ортосунда кооз кийинген мода болгон. “Иван Васильевич кесибин алмаштырат” тасмасындагы Наталья Селезневанын кийген кийиминен кийин отельелерде ар кандай кооз кездемеден көйнөк тиктирген эле кыз-келинди кезиктирүүгө болгон. Кыска юбкалар, клеш, костюм шымы менен, бийик жана квадрат такалар, ачык синтетика жана ачык макияж мода болгон. Women’s Daily Wear журналы Зайцевди “мода королу” аташкан.

Надя Шевелева“Тагдыр тамашасы” – 1975-жылы, Э.Рязановдун тасмасынан кийин

Ал тасмадагы орус тил мугалиминин ролун ойногон Надя Шевелеванын мехтен тигилген тумагы мода болот. Россия суук болгондуктан ал тумак бир гана мода болбостон, башты жылуу алып жүрүүгө абдан ыңгайлуу болгондуктан, дүкөндөрдө андай тумактар калбай калып аткан. Бабара Башкы ролду аткарган Барбара Брыльскинин Жаңы жылда кийген күрөң көйнөгүнө да суроо-талап жогору болуп, көп аялдар андай көйнөк тиктирип калышкан.

Екатерина Фурцева“Кызматтагы роман” тасмасындагы Екатерина Фурцеванын стили көпчүлүк мамлекеттик чиновник айымдардын кийинүү стилине үлгү болуп, министр айымдар анын стилинде кийине башташкан. Андан сырткары макияжга көбүрөөк көңүл бурулуп, көздөрүн көгүш түс менен боёп, тушь модада болгон. Андай кыздарды эркектер сөзсүз түрдө карап же киного чакырчу.

 

“Москва жашка ишенбейт” тасмасында болсо кызыл көйнөктөрдү көп кийе башташкан. Анан дагы ак капрондон тигилген кофталар, жана туфли менен ак түстөгү байпак кийген мода болгон. Албетте мындай модага аталган тасманын тийгизген таасири абдан чоң болгон. Бежановдун “Эң татынакай жана сүйкүмдүү” тасмасынан кийин жинсы модага айланган.

160-жылдардагы чач жасалгалар

Бул жылдары кыска чачтар мода болгон. Модага айрыкча геометриялык формадагы чач жасалгалар көп жасалган. Көкүл түшүргөн да модага айланып кыздар көкүл түшүрүп калышкан. Албетте көкүлдү мектептеги кыздарга уруксаат беришкен эмес. Ошону менен катар эле чачын кулагына илип алган да модага айланган. Кийин Нинанын ролун аткарган Наталья Варлейдин карэси жана чачты көптүрүү кыздардын арасында актуалдуу болгон. Андан кийин узун чачтарды бантик менен байлап алган мода болгон.

Самара САЛАМАТОВА

Айбат гезити №70




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru