Айбат » Каректе калган үмүт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Каректе калган үмүт

Балдар

«Тазалыкты наристенин көзүнөн изде» деп бекеринен айтпаган чыгаар. Себеби, наристелер гана учур чакта жашай билишет эмеспи. Панфилов районундагы К. Тилебаев атындагы мектеп-интернатында Нооруз майрамы  шаан шөкөт жылдагыдан да өзгөчө болду. Окуучулар демөөрчүлөр тарабынан дүйүм толгон белектерге көмүлүштү.

«Адамдардын арасынан эң мыктысы, жардамга муктаж адамдарга кол сунган инсан» деп чыгыш акыны Алишер Навои айткан экен. «Кайрымдуулук» дегендин сообу мал изги амалды эске салган берекелүү учурардын бири. Кайрымдуулук кылган адам көрсөткөн көмөгү менен колунда жок боордоштордун көңүлүн алып, материалдык өңүттөн камсыздайт. К. Тилебаев атындагы жетим жана кароосуз калган мектеп интернаты 1961-жылы негизделген. Бул мектеп-интернатынын директору Райымбек Усупбаев жана анын коллективи ар дайым жайдары маанайда конокторду тосуп алышат. Коллективди ынтымакта алып жүрүү бул жетекчинин мыкты ишмердүүлүгүндө эмеспи. Демөөрчүлөрдү күлүп-жайнап тосуп алуу завучтар: Райымкулова Созул, Аламбеков Бакыт жана башка 36 мугалимдердин меймандостугунда. Мектептин директору Р. Усупбаевдин уюштуруучулук чеберчилигин да баса белгилеп айтып кетпесек болбос. Бир кездеги мышык ыйлагыдай акыбалда калган мектеп-интернатын башка байгерлерге менчиктештирүүгө тарттырып жибербестен, демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында жыл өткөн сайын көркүнө чыгарууда. Жалпы демөөрчүлөрдүн саны 56. Тынбай демөөрчүлүк кылгандар: Мамыралиев Ысмайыл, Оморова Лола, Мурзаев Мурат, Эркинов Таштан, Шабданов Данияр, Кайыңды Кант заводу, Кыргыз-Түрк Манас Университети. Ушул мектеп-интернатынын алдында түзүлгөн «Адамгер» фондунун төрайымы Эркайым Камбарованын ишмердүүлүгү туурасында азыноолак токтоло кетүүнү эп көрдүк. Себеби, көңүл жубатарлык иш кылган кыргыз кызын ким болбосун сый-урмат менен тосуп алышына мына быйыл 7 жылдын жүзү болду. Жылда майрам сайын Эркайым эже өзүнө бөлүнгөн классты 1-класстан баштап, мына азыр 5-класска чейин кем-толугун каржылап, окуучуларга материалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. «Дүйнөдө чындап менин азабымды тарткан бир гана адам бар. Ал-менин энем» деп байыркы грек философу Эзоп айткандай, мына ошол эне мээримин окуучуларга төгүп келээри жашыруун эмес. Себеби ал жактагы балдар бир гана ата-эненин мээримине муктаж. Умүттүн шооласын тамызгы катары көрсөткөн эмгегине Алла-Таала ыразы болсун.

P. S. Жаштыкта жерге бир тал чыбык сая албасак, картайганда көлөкөсүнө жашынар бак издеп калаарыбыз бир чындык. Мейли балдар үйүбү же карылар үйүбү ал үйдүн босогосун аттаган адамда боорукерлик сезими ойгоноору анык. Колдоого муктаж кол сунган биртуугандарыбызга мүмкүн болушунча жардамыбызды аябайлы деп чакырык жасайт элем.

Айбат гезити №70



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru