Айбат » “Көчүгү кууш” Тентишевге “ойногонду” ким коюптур?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Көчүгү кууш” Тентишевге “ойногонду” ким коюптур?

Тентишев ЭркинКант шаарында жайгашкан Кыргыз-азиялык медициналык институту тийиштүү талаптарга жооп бербей, эптеп эле акча жасоонун амалына айланганынын айтылганына көп болду. Аталган окуу жайда «ата журтчу» Акматбек Келдибековдун «ханышасы» Аида Токтоматова, «СССР» партиясынын лидери Эркин Тентишев ээлик кыларын билебиз. Институт жеткиликтүү билим бербестен, болгону киреше түшүрүүчү булактын милдетин аткарат деген чын белем, Эркин мырза аз убакыттын ичинде байып, эми борбор калаада кабат-кабат «хансарайларды» салдыра баштаптыр. Мисалы, борбордогу Салиева менен Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан «особняктар» Тентишевге таандык деген кеп бар.

1«Адам байысам дейт, байыгандан кийин кызматка барсам дейт» деген жөн жеринен айтылбаптыр. Дегенибиз, Э.Тентишев байлыгына мас болуп, эми майлуу-сүттүү креслого көчүк бассамбы кыялында жүрү. Ал үчүн, Садыр Жапаровдун 31-мартка мерчемделген курултайына тымызын колдоо көрсөтүп жатканын узун кулактар шыбырап келишти. Ага ишенсек, Э.Тентишев өзүнө караштуу окуу жайдын директоруна студенттерди 31-мартта борбордук аянтка «айдап» чыгасың дегендей буйрук кылыптыр. Бирок, директор да принципке турган адам го, дароо баш тартыптыр. Ошондон бери Э.Тентишев эмне кылар айласын таппай жүрөт дешет.

А.Пушкиндин «Алтын балык» жомогу эске түшөт. Анда ачкөз кемпир көзү тойбой бардык нерсени сурай берип, акыры жыртык тепшичен калат эмеспи. Эркин Тентишев да мурдагы «таз кейпин» кийип калбасын ойлонду бекен, ыя?

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru