Айбат » «Ак жолчу» Карабеков оппозициянын программасын жазганда же кечээги «сүзүшкөн кочкорлор» бүгүн кантип «сүйүштү»?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Ак жолчу» Карабеков оппозициянын программасын жазганда же кечээги «сүзүшкөн кочкорлор» бүгүн кантип «сүйүштү»?

Кабай КарабековУлуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) лидери Равшан Жээнбеков Кыргызстанды өнүктүрүүнүн концепциясын жакынкы 10 күндүн аралыгында коомчулукка сунушталарын жар салды. Анын айтымында, учурда концепциянын долбоору ийленип жатыптыр. «Сот-укуктук системасы, саламаттык сактоо тармагын реформалоо жаатында сунуштар айтылат» дейт ал. Кызык жери, аталган программаны экс-«ак жолчу» депутат, учурдагы эркин журналист Кабай Карабеков жазып жатканын ишенимдүү булагыбыздан кабарлашты. Эгер оппозициянын өлкөнү өнүктүрүү программасын К.Карабеков жазып жатса, жыргаганыбыз ушул турбайбы!

Сөзүн андан ары улаган Р.Жээнбеков экс-мэр Мелисбек Мырзакматов, эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов, 0,1 лакап аты бар Өмүрбек Суваналиев, жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков, «бульдозер» Азимбек Бекназаров, «ата журтчу» Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов, «Чындыктын» төрагасы Кубанычбек Кадыров сындуу «шаа мүйүздүүлөр» УОК катарында экенин баса белгиледи. Ошондой эле Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, аны катарына кошулуу сунушу айтылганын кошумчалады.

Кептин баары ушул жерде жатат. Бул оппозиционербиз дегендерде туруктуу позиция жоктугу, кечээ айткандарын бүгүн танарын, кызмат дегенде «шайтан менен да соодалашуудан» да кайра тартпастыгын Р.Жээнбековдун кебинен улам байкайсың. Себеби Равшан Бабырбекович кечээ эле Жапаровду жамандап, аны жалгыз калды деп кыйкырып жүргөн. Сөзүбүз супсак болбосун үчүн төмөндө фактыны келтирели, калганын өзүң таразалап ал, окурман!

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru