Айбат » Тазалык – булганганды тазалоо эмес, булгабай таза кармоо

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тазалык – булганганды тазалоо эмес, булгабай таза кармоо

көчөт22-март бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата Ден соолукту чыңдоо Ассоциациясы жана АРИС ЮНИСЕФдин колдоосу аркылуу Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарында коомдун санитардык-гигиеналык билимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.

Мына ушул долбоордун алкагында 22-март күнү Нарын облусунун Ат Башы районунун Казыбек айылында «Суу, Санитария жана Гигиена – дени сак улут» деген темада бүткүл дүйнөлүк суу күнү мыкты деңгээлде белгиленди.

Иш чарага долбоордун алкагында иш алып барып жаткан бардык региондордон келген коноктор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуучулар жана журналисттер катышып, Казыбек айылынын Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде семинарлар, ачык сабактар өткөрүлдү.

Мектептин мүдүрү Алманбет Эшмамбетовдун айтымында бул долбоор бир гана элди гигиеналык тазалыкка үйрөтпөстөн, облустар арасында, окуучулар арасында ынтымакты, достукту чыңдаган долбоор болуп калган.

«Биз бул иш-чараны уюштурууга абдан катуу даярдык көрдүк себеби, бул жөн гана долбоор эмес, өлкө үчүн оор кырдаалда достукту чыңдаган, чоңдорду да, окуучуларды да келечекке ишенимдүү кароого түрткү бере турган өзгөчө долбоор. Окуучулар абдан жакшы кабыл алып жатышат. Алардын ата-энелери да жөн калышкан жок. Менимче ушундай долбоорлорду эл арасында көп уюштуруу керек», – дейт А.Эшмамбетов.

Ал эми Казыбек айылындагы иш-чараны уюштуруучусу Сабиркул Койчуева болсо бул долбоор ага көп жакшы жаңылыктарды ачканын айтып, кыргыздын өзүнүн гигиеналык тарбиясына кайтышыбыз керек экендигин айтат.

«Окуучуларга, үйлөргө жалпы эле айылдын тургундарына бул долбоор көп жаңылыктарды ачты. Буга чейин көп нерсени көңүлгө албай жүрө берчүбүз. Ошонун айынан ооругандар да көп эле. Эми бул иш-чарадан кийин элге аз да болсо түшүнүк кирип, оорулар азаят деп ишенем. Негизинен кыргыз эли илгертен эле таза эл болгон. Ошондуктан илгерки адамдар көп деле ооручу эмес. Мисалы: Биздин чоң аталарыбыз карыган кезинде деле, «оорудум» деп жатып калганын көргөн эмеспиз. Анткени, кыргыздардын салтында таза жүрүүнү абдан баалашкан. Тамак ичээрдин алдында, тамак ичкен соң кол жуулат. Биз ошону балдарга үйрөтүшүбүз керек», – деди С.Койчуева.

Негизинен эзелтен эле, кыргыз уулунун төшөктө ооруп жатып өлгөнүн эстей албайбыз. Анан да, карыларыбыз чырымталын коротпой белин бекчейтпей көп жашашчу. Ушул жагдайдан алып караганда, учурда биз өзүбүздүн ошондой сапаттарыбызды унута баштагандайбыз. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин акыркы маалыматына таянсак, 1-4 класстын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн лабораториялык текшерүүдө, жалпы 3981 окуучу текшерүүдөн өткөрүлүп, жыйынтыгында 15,9ы «аскарида», «острица» жана «лямблия» сыяктуу оорулар менен оорууру аныкталган.

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru