Айбат » Адилет Балтабаев: “Элибизди рухий жана территориялык ажырым конфликтине алып барбайлы!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Адилет Балтабаев: “Элибизди рухий жана территориялык ажырым конфликтине алып барбайлы!”

достукСаясатчылар, журналисттер элди түндүк-түштүккө бөлбөйлү деп жар салып келишет. А бирок ишке келгенде, алардын көбү ашын коймок түгүл, баштарын жакшы иштетишпейт! Биринчилери экинчилерин жалдап иштетишет. Акча менен “заказдалып” даярдалган репортаж, тасма, макалалар толуп баратат. Көптөн бери көңүлдө сактап жүргөн пикиримди азыр айтууну чечтим. Мен өзүм ата тегим түштүк тараптан. Бишкекте төрөлсөм да Токтогул, Аксы жерлеринде чоңойгом.

Жаман көрүшсө көрүшсүн, бирок акыйкатты айтыш керек! Акыркы мезгилдери күңгөйү жок бир беткей тескейлешкен кара пиар маалыматтары менен массалык ушактамай каражаттардын агентстволордун саны өскөнү өскөн. Бул тенденция элибизди өнүгүү өсүүгө эмей эле “ушакташуу институтунун” жеминен жуккан түркөйлүк туңгуюк тумоосуна чалдыктырып баратат… Калыстык кылып, жакшысын жакшы деп, кемчилигин кантип оңдоого кеңеш берсе мейли эле, антип айтуунун ордуна каралап, көө шыбамай айласын кылып атышкан ушак жыйноо борборлорунун көбөйүшү биздин элибиздин көйгөйү, биздин келечегибизге болгон кыянатчылык!

Түндүк-түштүк тематикасын саясатта курал катары колдонуу менен калың элдин бүйүрүн удургутуп кызытуу – бул өзү азаматтык эмес, наадандык эле. Эмесе, түштүк жергесинде “ураа” ураанынын желегин желбиреткендер” чыгып алышып,  калкыбыздын камын ойлоо деген стратегиялык аталыштын алдына жашырынган жеке кызыкчылыгынын кырмычыгын кырып аткандары байкалып эле калууда.

Мисал катары, “Кыргызтудей” сайты, Жалал-Абаддагы 7-канал өкмөткө карата конструктивдүү сунуштары менен кайрылууга жетпей, көбүнесе кара пиар менен убара болуп калганы калыстык кылгандарга айкын болууда.

Анан да өлкөнү өнүктүрөбүз деген ураан салган “Өнүгүү” партиясына таандык “Түштүк.кг” сайтынын маалыматтарын кое туруп аталышынын өзүн эле укканда жөнөкөй элде жана интеллигенция өкүлдөрүндө жийиркениш сезимдери болууда.

Ошондуктан жалпы элибизге, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылуу катары айтаарым: элибизди рухий жана территориялык ажырым конфликтине алып барбайлы!

Адилет Балтабаев,
“Абийир” коомдук кыймылы

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru