Айбат » Урмат Аманбаева: «Садыр Жапаровдун айтканы менен дагы 10-20 жыл артка кетебиз»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Урмат Аманбаева: «Садыр Жапаровдун айтканы менен дагы 10-20 жыл артка кетебиз»

Аманбаева Урмат31-мартта боло турган курултайда Садыр Жапаров өкмөттөн курултайды мыйзамдаштырууну жана президенттик-парламенттик башкаруу формасына өтүүнү талап кылабыз дейт. Буга кандай көз караштасыз?

– Биринчиден, биздин парламенттик башкарууда жашап атканыбызга 3,5 жыл болду. Кайра президенттик башкаруу формасына барууга  мен каршымын. Биз эки президенттик башкарууну көрдүк. Ошонун айынан бүгүнкүдөй абалга келдик. Азыр парламенттик башкарууң жаман деп аткандар бар. Бирок, тарых анын жакшы жактарын убагы келгенде көргөзөт. Парламенттик башкарууда бардык чиновниктердин иштегендери алаканга салгандай ачык көрүнүп, ачык талкууланып атат. Ал эми курултайды мыйзамдаштырып койгонго мен деле каршы болбойт болчумун. Бирок, Конституцияны өзгөртүүгө биз мораторий жарыялап койгонбуз. Тынбай эле Конституцияны өзгөртө бергенде болбойт. Биз эми аркага кылчайбашыбыз керек. Алдыга гана карай кадам таштап, бүгүнкү системанын туура жактарын туура пайдаланып, кемчиликтерин оңдоо менен гана кетишибиз керек.

- «Президент өкмөттү да өзү жетектейт, анын бир гана вице-президенти жана министрлер болот, парламентке депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланат» дейт Садыр Жапаров. Буга кандай карайсыз?

- Буга да каршымын. Андай мезгилден өткөнбүз деп жогоруда да айтып өттүм. Биз азыр учурдагы системаны гана улап кетишибиз зарыл. Анткени демократия жолуна биз өтө чоң кыйынчылыктар менен келдик.

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru