Айбат » Азимбек Бекназаров «чемоданын» даярдап атабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Азимбек Бекназаров «чемоданын» даярдап атабы?

Бекназаров АзимбекСын айтууну чыр чыгаруу менен алмаштырып алып, өлкөбүздө ар дайым толкундоолордун, нааразычылыктардын болуп турушун каалаган саясатчылар өтө көп болуп алды. Алардын катарында эки жолку революциянын башында туруп, «бульдозер» атыккан Азимбек Бекназаров мырза бар. Албетте, Азимбек мырзанын ар-намысына шек келтирип, орунсуз эле көөлөй бергибиз келбейт. Бирок, айткың келбеген сөздөрдүн учугун өзү чубап, «жарааттын» оозун тырмап турганы аргасыздан көңүлүңдү кайт кылат. Азимбек мырза кыргыз тилдүү басылмалардын бирине маек куруп, бийлик 2005-жылдагы 24-март ыңкылабын мамлекеттик деңгээлде белгилебей койгондугу үчүн бир топ «күйүп-бышып» сөз сүйлөптүр. «24-марттагы элдик жеңишти жокко чыгарып, аны Бакиевдердин бийликке келген күнү катары айтып атышат. Алар тарыхка урмат менен мамиле жасабай адашып атышат. Өз тарыхын урматтаган эл гана улуу эл болот. Бул элдик күрөштү салтанаттуу белгилеш керек болчу» дейт Азимбек Бекназаров. Ырас 2005-жылдын 24-мартында Акаевдик авторитардык режимге нааразы болгон карапайым эл жалпы көтөрүлүп, бийликти кулаткан. Аны бүгүнкү күндө эч ким жокко чыгара албайт. Бул күндү, ага чейинки Аксы трагедиясын дагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кыргыз тарыхындагы олуттуу окуялар экендигин, кыргыз элинин демократияга таштаган кадамы экендигин баса белгилеп айтканын жалпы коомчулук укту. Бийлик тараптан бир дагы адам «Бул күн Бакиевдердин бийликке келген күнү» деп айтканын уккан жокпуз. Андыктан өздөрү «беш өрдөктү» учуруп, анан аны бийликке шылтоолой бергенде болобу? Экинчиден, бүгүнкү күндө Акаевдин айланасында иштегендер Атамбаевдин айланасына чогулуп алып, Акаевдин 70 жылдыгын Кыргызстанда белгилейбиз деп жатат дейт. Мынчалык ооз толтура калп айтууга Азимбек мырза эмнеге барып жатат? Сүйлөп алып анан ойлонбой, сүйлөгөнгө чейин бир аз толгонуп койсо жакшы болмок экен. Биринчиден, ошол өзү маек берип жаткан гезиттин кожоюну Камчыбек Ташиевге «7-канал» деп аталган телеканал да тиешелүү экендигин билебиз. Дал ошол телеканалдын жетекчиси атайын Москва шаарына өзү барып, Акаевден узун сабак маек алып келгенин кайда катабыз? Ага жандары ачыгансып, Акаевдин оозу менен бүгүнкү бийликти сынга алып, Атамбаевди болушунча көөлөтүп алганын билбейбизби? Мына ошол интервьюда Акаев 70 жашка чыга турганын, анан ал юбилейин Кыргызстанда тоскусу келерин да кыйыткан болчу. Демек, ким Акаевдин Кыргызстанга келишине кызыкдар болуп жатат? Бийликпи, же бийликке каршы турган Ташиевдин телеканалыбы? Андыктан эптеп эле Атамбаев башында турган бийликти шыбагылары келсе, орундуу жүйөө издешсе жакшы болмок. Адегенде өздөрү калптын казанын кайнатып, андан «өрдөк» учуруп, анан аны бийликке шылтай бергенде эмне чыгат? Же элди келесоо ойлоп алдыкпы? Анан дагы Аксы окуясы боюнча бийликтин өкүлдөрү Аксыга барып алып «Бекназаров силерге эмне кылды эле?» деп жүрөт дейт Азимбек мырза. Албетте, бул суроо өтө олуттуу суроо. Бирок, ким ошондой суроону кимге бергенин так жана аты-жөнү менен айтып койсо жакшы болмок. Эгерде эске сала турган болсок, бүгүнкү күндө Азимбек Бекназаровдун жанында жүргөн агасы, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дагы убагында «Бакиев да, Бекназаров да аксылыктардын үмүтүн актаган жок» деп айткан. Топчубек мырзанын айтымы боюнча Бекназаров алты ай Баш прокурор болуп туруп, Аксы окуясынын аягына чыкпай койгон. «Мен башка прокурорлордон сураштырсам, бул ишти 3-4 айда аягына чыгарса болот деп айтышты. Азимбек Бекназаров 6 ай иштеп эч нерсе кылган жок» деген эле Топчубек мырза. Ошол эле учурда Аксылык айрым мекендештерибиз деле Бекназаровго нааразы экендиктерин ачык эле айтып жүрүшөт. Анан ушунун баарын эле бийликке шылтай койгонго кантип болсун? Актануунун да чеги болсо керек. Андан ары апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдүн созулуп жатканы тууралуу да кеп козгойт. Туура, элдин баары апрель окуясынын курмандыктарына кимдер күнөөлүү болсо, алардын жоопкерчилиги сөзсүз болушу керек экендигин күтөт. Дал ушул багытта Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп туруп, болгондо да укук коргоо, коопсуздук жагын тейлеген Азимбек Бекназаров эмнеге апрель окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдү жок дегенде төрттөн бир бөлүгүн бүткөн эмес деген суроо туулат. Анан дагы «Атамбаевди Кокон хандыгын түзүп алдың» деп айттым деп мактанат. Эгерде салмактуу саясатчы болсо, Кокон хандыгы менен бүгүнкү күндөгү парламенттик-демократиялык башкаруу системасынын айырмасын жакшы билет эле. Кокон хандыгынын тушунда ханга бүгүнкүдөй оозуна келгенин оттоп сын айтмак турсун, өйдө карап ооз кыбырата алышмак эмес. Андан ары мурдагыдай эле ««Кумтөр» маселеси үчүн Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдор депутаттык мандатынан ажырады, Саруулук патриот жигиттер камалды» дейт. Биринчиден, «Ата-Журттун» «үч мушкетеру» «Кумтөр» маселеси үчүн эмес, Чыңгызханча 17 жигит менен бийликти басып алабыз дегендери үчүн камалган. Ал эми Саруулук жигиттер да Садыр Жапаров башында турган ар кандай жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылардын тукуруусу менен «Кумтөр» маселесин түшүнүп-түшүнбөстөн эле ар кандай мыйзамсыз кадамга барышканы үчүн камалды. Бул жерде Саруу менен Аксы окуясын салыштыруунун эч кандай кажети жок. Аксыда колунда эч кандай куралы жок, тынч эле келаткан элге карай бийликтин өкүлдөрү ок чыгарган. Сарууда болсо бөтөлкөлөргө бензин куюп, өкмөттүн өкүлүн барымтага алып, жолдорду бууп, айтор түрдүү бейбаштыктар коштолгон мыйзамсыз аракеттер жасалды. Мына ушундай көрүнүштөргө туура баа берип, элди ынтымакка, сабырдуулукка чакыргандын ордуна Азимбек мырзанын окуяны көбүртүп-жабыртып жатканы кызык. Анан дагы «Азыркы бийликти дагы кулатууну көпкө күтпөйбүз, балким алардын чемодандары даяр болушу керек» дейт. Дал ушул жерден, «айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» демекчи, революцияны бизнеске айлантып алды деген кеп жармашкан Бекназаров кыязы «дагы бир революция жасасам, банктарга барганда кереги тийип калаар» деп   чемодандарын даярдап атса керек деген ойдо каласың. Улам революция болгон сайын элибиз жардыланып, Бекназаровдун байып атканы ушул «чемодан» сырында болушу толук ыктымал.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru