Айбат » УОКтун негизсиз билдирүүсүнө негиздүү жооп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » УОКтун негизсиз билдирүүсүнө негиздүү жооп

Жээнбеков РавшанРавшан Жээнбеков жетектеген Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК): «Өкмөттү отставкага кетирүүдө конституциялык-укуктук нормалар сакталган жок, башкаруучу коалиция Атамбаев менен Текебаев уюштурган саясый интриганын натыйжасында урады. Ө.Бабановдун өкмөтү да дал ушундай саясый интриганын аркасында “жабык жол” менен отставкага кеткен эле. Бул жалпы мамлекеттин тагдыры, анын ичинде өкмөттүн өтмүшү менен келечеги өлкөдөгү бир-эки саясатчынын саясый интригасынан көзкаранды болуп калганын айгинелейт» деген маанайда билдирүү таратты. Буга байланыштуу өзүбүздүн аргументибизди ортого салалы дедик.

УОК мүчөлөрү, сабаттуу, билим-илимдүү эле көрүнүшөт. Ал турсун мамлекеттик кызматтын үлкөн кызматында иштешип бир топ эле тажрыйба топтошкон. Бирок, булар бир нерсени түшүнсө да түшүнгүсү келбей жатат. Баш мыйзамдын 84-беренесинин 7-бөлүгүндө: «Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат» деп так даана жазылып турат. Алар  «конституциялык-укуктук нормалар сакталган жок» дешет. Эгер жогорудагыдай абалда коалиция таркап жатса кантип   конституциялык-укуктук нормалар сакталсын. Өкмөттү түзүп, таркатууга жана анын кандай иштешине парламент жооптуу. Ошондуктан башкаруучу коалициянын саясый аракеттерине жүйөөсүз президентти аралаштыруу мүмкүн эмес.

Ал эми «өлкөдө кайрадан бир адамдын – президент Атамбаевдин авторитардык режими мыйзамсыз орноп, экономикадагы коррупциялык схемалар ийгиликтүү улантылып жатат» дегени курулай доомат. Президентин мамлекеттик иш-аракеттери Конституция негизинде эле жүзөгө ашып келет. «Авторитардык режим мыйзамсыз орноп» дегени дегеле түшүнүксүз. Же улуттук оппозициялык кыймылдын мыйзамдуу «авторитардык режими» барбы?

Өкмөттүн тарашы башкаруучу коалициянын аракеттерине байланыштуу. Анын эч кандай мыйзамсыз жагын байкаган жокпуз. Жөн гана саясый ызы-чууну жаратып башка максаттарды көздөгөнү билинип турат. Эгер, кандайдыр бир Баш мыйзамды бузууга жагдай жаралып турса анда аны факты менен далилдеп, сот органдары аркылуу чечсе болот.

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru