Айбат » Жапаровдордун “өрдөктөрү” кайда учат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жапаровдордун “өрдөктөрү” кайда учат?

Жапаров СадырСадыр Жапаровдун атасы Нуркожо аксакалдын Түп районунун Кең-Суу айылында чарбасы бар. Ал жерге мал-кел, өзүнө жараша чарба  кылган. Жакында мына ошол жердеги короосуна жыйып койгон саманы өрттөнүп кеткен экен. Эми Нуркожо аксакал ал самандын өрттөнүп кетишине түздөн-түз эле бийликти күнөөлөп, бул баласы Садыр Жапаровдун элдик курултай өткөрөм деп атканын байланыштуу болгон саясый буюртмай деп оңду-солду камчыланып жатканы кези. Күлбөгөнгө чара жок. Пайгамбар жашына келип калган киши бул сөздөрдү Кудайды карап анан айтса болмок. Бизге жеткен маалыматтарга караганда  жыйылган саман башка чарбага, мурда жанына жыйылган чөпкө зыяны тийбей турган жерде өрттөлгөн.  Өрттөөлөрдүн алдында чөп жылдырылган десек да болот. Анысына караганда саман үй ээлери тарабынан атайын эле өрттөлгөндөй таасир калтырат. Саманга караганда чөп кымбат эмеспи. Албетте эмнеге чөп эмес  саман өрттөлгөн деген суроо келип чыгат.  Ошол эле учурда Нуркожо аксакалдын айрым кошуналары Садырдын кийинки инилеринин бири Аскар ичкиликке жакын экенин, ал мас болгон  күнү өрттөп жибериши мүмкүн экенин айтып жатышат дейт. Айтор бул самандын өрттөлүшү боюнча оңду-солду сөздөр көп. Баса, Садыр Жапаров мырза 17-марттагы өзү уюштуруп жаткан курултайды 31-мартка жылдырганынын себебин, бийлик курултайга чагым салыш үчүн 100 кишини даярдап жатыптыр, алар ошол күнү Ак үйдөн аша секирип курултай уюштургандарды күнөөлөмөк экен маанисинде ушак таратканын уккандырсыз. Мындай сөздөрдү ушак дебегенде не дейбиз,  бир кезде депутат болуп жүргөн саясатчы ар бир сөзүн далил менен сүйлөбөш керек эмеспи. Азыр ошол курултайын 31-мартта  өткөргөнү жатканы маалым. Эми болсо бул күнү бийлик дагы да чагым салуу максаты менен эки-үч орус үй-бүлөсүнүн үйүн өрттөп чагым салат деп билдирүүдө. Ал мындай чагым болорун кайдан билет?  Албетте бул Жапаровдун кезектеги өрдөгү. Муну менен ал  өзүн калкка коргоору жок,  бейкүнөө, бечера көрсөтүүгө аракеттенип жатат.  Анан калса курултайга эл келбей коёрун түшүнүп калды окшойт. Бул абалдан ал жогорудагыдай өрдөктөрү менен чыгып кетүүнү туура көргөндөй.

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru