Айбат » Алга Кылычев: “Өкмөт башчысы да, өкмөт мүчөлөрү да саясаттан алыс адамдар болгону оң”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алга Кылычев: “Өкмөт башчысы да, өкмөт мүчөлөрү да саясаттан алыс адамдар болгону оң”

Алга Кылычев- Алга мырза, бүгүнкү күндүн олуттуу темасы «Ким премьер-министр болот?» деген суроодо болуп атат. Сиздин оюңузча бизге кандай премьер-министр керек?

– Менин оюмча премьер-министрлик кызматка дагы, анан жалпы эле министрлер кабинетине саясаттан алыс турган, өз иштеринин профессионалдары, мыкты менеджерлер келсе жакшы болот эле деген ойдомун. Премьер-министр – бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү, же төмөндөшүнө башкы таасир берүүчү адам. Андыктан ал биринчи кезекте экономиканы жакшы түшүнгөн, уюштуруучулук сапаты бар инсан болушу кажет. Анан жаңы келе турган премьер-министр өлкөбүздүн өндүрүшүнө көбүрөөк көңүл бурса деген тилегим бар. Бизде бизнес десе эле дүкөн ачып, же базарга чыгып алып сатмай деп түшүнүп алгандар көп. Ал эми өндүрүштү жандантканда гана экономика көтөрүлө тургандыгын эч ким капарына алгысы келбейт.

- «Ата-Мекен» фракциясы премьер-министрлик кызматка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин сунуштоодо. Буга кандай карайсыз?

– Менимче тажрыйбасы да, билим деңгээли да бул кызматка татыктуу боло алат. Башкы өзгөчөлүгү саясаттан алыс тургандыгы. Угушума караганда вице-премьерлик кызматта туруп дагы мамлекеттин унаасын айдатып алып жүргөндөн баш тарткан адам. Демек, бийликте турса да жөнөкөйлүк сапатын кармап калган. Бул да эл үчүн иштейм деген адам үчүн өтө керектүү сапаттардын бири. Экинчи жагынан алганда буга чейинки эки өкмөттүн отставкага кетүүсүнө «Ата-Мекен» фракциясы башкы себепкер болгон. Эми өздөрүнүн кадры өкмөт башына келгенден кийин жоопкерчилик дагы «Ата-Мекен» фракциясына жүктөлөт. Анан алардын сынга алмайы менен иштей билүү касиеттери канчалык шайкеш келе тургандыгын да билсек болот.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru