Айбат » Бай сотко барса – барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бай сотко барса – барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?

Бай жана кедейАла-Тоо жергеси эгемендик алганы кубанычтар менен кошо кайгыларга да кириптер болду. Өнөр-жай, айыл чарба тармактары талкаланса, тоо кен болсо тоодой балээге кабылды. Булар эми экономикалык, социалдык жагдайлар. Ал эми, башкаруу жараяны дагы деле бир нукка түшө албай энтигүүдө. Бийликте айрыкча сот бийлиги чыныгы жана анык ашкере «чулдук бий» экендигин көрсөтүүдө. Айтор, соттон адилеттик күткөндөрдүн күдөрлөрү болуп көрбөгөндөй жыл сайын кетип бара жаткансыйт.

Айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуп…

Бир караганда учурда жарандардын баарысы эле соттон сотко арызданып, сүйрөлүп жүргөндөй сезилип кетет. Себеби, ар качандан бир качан: «Ишти облустук сот бузду, эми Жогорку сот (ЖС) караганы калды. ЖС бузду, иш кайра баланча райондук сотко келди»,- деген кеп сөздөрдү эшитесиң. Төмөндө ушундай кырдаалдардын экөөнө эле токтолууга аргасызбыз.

2011-жылдын 14-ноябрь күнү Нарын шаардык мериясы №459-б буйругун токуйт. Ал буйрукту шаардык билим берүү бөлүмү (ШБББ) кош колдоп кубаттап, 14 күндөн кийин №43 буйругун кабылдайт. Натыйжада, ШБББнын алдында борборлоштурулган бухгалтердик кызмат түзүлүп, шаардагы бала бакчалардын эсепчилери 2012-жылдын 9-январынан тарта бошотулат.

«Биз иштеп жаткан бухгалтерлер сынаксыз иштешибиз керек», – дешет эсепчилер

Ал эми, ШБББ: «Штат кыскарды. Ошондуктан, бухгалтерлер сынак аркылуу жумушка келесиңер,- дейт. Акыры бир пикирге келүү мүмкүн болбой, башында төрт, кийинчерээк үч бухгалтер сотко даттанышат. «Чоң Казат» ушинтип башат алат. Натыйжада Нарын шаардык соту 2012-жылдын 7-февраль күнү алгачкы ишти карап, эсепчилердин доо арызын канааттандырбайт. Иш Нарын облустук сотто күчүндө калтырылат. ЖСдан болсо иш бузулуп, кайра Нарын облустук сотко жиберилет. Ошентип арадан бир жыл өтүп, «Санта-Барбара» сериясы экинчи жылга оойт. Акыры, Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук тутумдук экинчи жолку отуруму 2013-жылдын 16-январында өткөрүлүп, чечим эсепчилердин пайдасына чечилет. Албетте, мерия жана ШБББ мындай чечимге макул болбой ЖСга кайрадан кайрылат. ЖСда болсо иш 2013-жылдын 1-апрель күнү экинчи жолу каралып, облустук соттун чечимин бузуп, ишти кароо дагы деле Нарын облустук сотуна жиберилет.

«Чубактын кунундай» чубалжыган иш облустук соттон 2013-жылдын 3-сентябрь күнү үчүнчү жолу териштирилип, жарым жартылай доогерлердин, демек эсепчилердин пайдасына чечим чыгарылат. Мындай чечимге сөссүз нааразы болгонго машыккан тарап ЖСга арыз бүркөт. Арадан 3 ай өткөндөн кийин ЖС 2013-жылдын 6-декабрь күнү үчүнчү жолу чогулуп, А. Ажибраимованын жетекчилиги менен ишти карап, эсепчилерге 68 миң 400 сомдон 132 миң 528 сомго чейин каражат өндүрүлсүн деген чечимге келет.

«Биз эки жылдан бери сүйрөлүп келе жатабыз. Акыры соттор футбол тобундай каалагандай тебишип, болгону бир жылдык эмгек акыларыбызды төлөтүүгө чечим кабыл алды. Жогорку сотко эле 3 жолу бардык. Бирок, мына март айы келип ортодон 3 ай өттү. Ал эми, Жогорку соттун чечими аткарыла элек. Айтор соттун чечими аткарылбагандан кийин, башканы кеп кылып кереги жок экен», – деди 2012-жылдан бери өздөрүнүн кызмат орду үчүн күрөшкөн бухгалтердин бири Майрам Ысмайылова.

Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru