Айбат » Мыйзамсыз менчиктелген ооруканалар мамлекетке кайтарылат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мыйзамсыз менчиктелген ооруканалар мамлекетке кайтарылат

больницаМындай токтомду Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алды. Парламентте түзүлгөн атайын жумушчу топ ооруканалардын абалы менен таанышып, бир катар дарылоо мекемелеринин имараты жана аларга тиешелүү жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктаган. Буга байланыштуу бүгүн парламент депутаттары Башкы прокуратура менен өкмөткө өлкөдөгү бардык ооруканаларды текшерип, мыйзамсыз менчиктелгендерин кайтарып алуу тапшырмасын берди.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы 20 жылда өлкөдөгү ооруканалардын саны 2 эсе кыскарган. 1990-жылы өлкөдө 307 оорукана бар болсо, 2013-жылы алардын 117си калган. Саламаттыкты сактоо органдарына тиешелүү болгон имараттардын жана жер тилкелеринин менчиктештирилип кеткени ЖКда  талкууланды.  Ал эми ооруканадагы орундардын саны 42 миңден 27 700гө азайган.

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru