Айбат » О.Артыкбаев премьер-министрлик кызматка Ж.Оторбаевдин талапкерлигин колдойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » О.Артыкбаев премьер-министрлик кызматка Ж.Оторбаевдин талапкерлигин колдойт

Артыкбаев ОсмонбекЭнергетика министри Осмонбек Артыкбаев да оңой жоо эмес. Ал кишини  КСДПнын Жалал-Абаддагы бөлүмү тарабынан премьер-министрлик кызматка көрсөткөндүктөрү да бекер эмес . Ал кайрылууга ылайык Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаев  КСДП мүчөлөрүнө кат менен кайрылды.

КСДПнын Жалал-Абад облустук координатору Бактыгүл Нуралиевага даректелген катта, О.Артыкбаев ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет. «Ошол эле маалда, өзүңүздөр билгендей, бул маселенин өзүнүн процедуралары бар, ага ылайык, маселе КСДПнын саясий кеңешинен жана Жогорку Кеңештин фракцияларынан макулдашуудан өтүшү керек. Ошондой эле, белгилүү болгондой, азыр премьер-министрдин кызматына «Ата Мекен» фракциясы тарабынан Жоомарт Кайыпович Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат», – деп айтылат  катта.

О.Артыкбаев, Ж.Оторбаев тажрыйбалуу, билимдүү адис жана жетекчи катары таанымал экенин кошумчалап,  ал кишинин талапкерлигин премьер-министрлик кызматка татыктуу деп эсептээрин айтат.

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru