Айбат » Ар бир чыгармачыл адам жылдызы жанганды каалашат…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Ар бир чыгармачыл адам жылдызы жанганды каалашат…

Абдырашитов МелисЖөнөкөй, ачык мүнөз, тайманбас. Маңдайымдагы маектешимди дал ушундай сүрөттөйт элем.  Учурунда ашыктык ырлары “Кара тору” “Сары кыз” “Жүрөгүмдө”деген ырлары менен популярдуулукка  жеткен  Мелис Абдырашитов бизде конокто.

Абдырашитов Мелис- Мелис сизди акыркы учурда сахнадан чанда гана чыгып жүргөнүңүздү байкап калдык? Кайда жүрөсүз эмне менен алектенип жүрөсүз?

-Сахнадан бир аз алыстай түштүм, бирок таптакыр токтоп калган жокмун жаңы ырлардын үстүнөн иштеп ырларды жаздыруудабыз, тойлордо кызмат кылуудабыз.  Бизде негизи сыналгыдан көрбөй калса эле иштебей жатат деп ойлоп калабыз.

- Демек элибиздин жакшылыктарын бөлүшүп той-топурларда кызмат кылып жүргөн турбайсызбы?

– Ооба, негизи ырчылардын акча булагы бул той-топурлар болуп эсептелинет, буну айтпасак да белгилүү. Менин дагы негизи булагым бул элибиздин жакшылыгы. Тойдон көрүп калган күйөрмандарымда сизди сыналгыдан көрбөй калдык эмнеге деп суроо берип калышат. Буйруса алардын суроолоруна иш менен жооп берүүнү туура көрдүм.

- Мелисти Мелис кылган «Кара тору» ыры же «Кара торуну» кара тору кылган бул Мелис деп калышат, башкача айтканда сиздин визиттик карточкаңыз! Жаралуу тарыхы туурасында айтып берсеңиз? 

– Туура айтасыз. Негизи ар бир ырчыны бир ырынан таанышат, тактап айтканда бир ыры ырчыны таанытат. Бул “кара тору” деген ыры биздин кымча бел кыргыздын назик кыздарына арналган ыр. Негизи кыргыздын кыздары кара тору келет эмеспи, ошондон улам бул ашыктык ырын ырдап калгам десем болот. Сөзү: өзүмдүн атам Супаналиев Абдырашитке таандык, Обону эстрада ырчысы Бакыт Мамаевдики.

- Жаз бул жандануу, жаңылануу деп коёт эмеспи, жаздын башталышы менен алдыга кандай пландарды коюп жатасыз?

– Кудайдын кулагы сүйүнсүн, алдыда пландар абдан көп буйруса жаңы ырлары катар жаздырып, катар катар клип тартууну пландап жатабыз, негизи ырчылар абдан жалкоорок келебиз, буйруса расписание түзүп берип, иштете турган кез келди окшойт.

- Расписание түзүп иштете турган кез келди деп калдыңыз?

– Журналисттер ар бир сөздү тыңдап угасыздар ээ? Кудайым буйруса чыгармачылыгыма жардамдашып иштешип жаткан инсан бар. Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы деп коёт го, аты жөнүн айтпай эле койсом өзүнүн сунушу менен. Билекти бекем түрүп ишке киришип жатабыз, куру сөз менен эмес иш менен жумушубузду көрсөтөбүз деп. Жакында эле жаздын келиши менен « Бишкектен кат» деген ыр жаздырдык, үналгылардан кете баштады, күйөрмандарыма да менин жаңы ырларымды угуп коюну сунуштайм. Анан көктөм жашылданса дароо клип тартууга бел байлап жатабыз.

- Демек 2014-жылы дагы бир ирет жылдызыңызды жандырууга аракет кылууда турбайсызбы?

– Оозуңузга май, ар бир чыгармачыл адам жылдызы жанууну каалашат, демек мен да. Мурунку Мелистен өткөнгө, иштөөгө даярдык катуу. Кудайым буйруса, алдыда сиздер көрүп өзүңүздөрдүн бааңыздарды бересиздер деген үмүттөмүн.

-Үналгылардан сиздин «жан балам» деген  ырыңызды угуп жатабыз? Бул жаңы ыр болсо керек?

– Жок, бул ырдын чыкканына 1 жылдын жүзү болду. (күлүп) Жогоруда айттым го ырчылар жалкоорок келебиз эртең эртең деп жүрө беребиз, эки баш жакшы экен дегендей эми баардык үналгыларга тарап, учурда кетип жатат, убакыт сааты эми келди окшойт. Бул ыр негизи кызыма арналган ыр, кызым өзүнө арналганын билеби айтор ушул ырды дал ошондой обон менен сонун ырдайт. Кудуңдап сүйүнүп коём атасынын кызы да деп.

- Эми сөздү жеке жашооңузга бөлсөк?

– Жеке жашоодо баары жакшы, ынтымактуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап, 2 кызымды эч нерседен кем кылбай татыктуу тарбия берип келе жатабыз. Улуу кызым 5 ке чыкты, кичүүсү 3кө барып калды.

Жыргыл бердибеков

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru