Айбат » Баян Акматов, төкмө акын: “Төкмөлүк өнөрдүн чыйыр жана кыйыр жолун көргөзгөн Жеңиш байке болду”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Баян Акматов, төкмө акын: “Төкмөлүк өнөрдүн чыйыр жана кыйыр жолун көргөзгөн Жеңиш байке болду”

Акматов Баян

Кыргызда таланттар абдан эле көп. Төкмөлүк өнөрдү аркалап, талантын элге тартуулап келе жаткан жигиттердин бири Баян Акматов менен маек курдук.

- Маегибиздин башында сиздин кичи мекениң жөнүндө сөз кылсак. Каякта төрөлүп, таттуу балалыгың кайда өткөн?

– Нарын шаарында төрөлгөм, 5-класска чейин №9 орто мектебинде билим алгам. Класс жетекчим Акунова Сагын эже болчу. Мектепте ырчы акындык эмес сүрөтчүлүк менен таанымал болчумун. Манас ата Бакай ата жана башка баатырлардын сүрөтүн катырчумун. Андан соң Эмгек Талаа айылына үй-бүлөбүз менен көчүп кеткенбиз. Ал жактан комуз чертип дастан айтууга тез эле шыктандым. Албетте Төлөбек, Абдыбек, устаттардын жардамы менен.

 – Ырчы, төкмө акын болууну кичинекей кезиңде эле кыялданчу белең?

– Кыялым укмуш болчу! Сыналгыдан акын ырдаса, комузчу күү чертсе колун өпкөнгө чейин барчумун, өз колун эмес сыналгыдагы сүрөт колун.

- Чыныгы сүйүү сезимине кабылып, көңүлүңдү аздектеген адамга кандай учурда жана качан жолуккансың?

– Айылда жүргөнүмдө кыз жандуу жигиттердин ана башы болчумун. Көп кыздарга сүйүү обондорун, сүйүү ырларын жаздым. Кай бири алиге чейин ырдалып жүрөт. Баёо сезимдерден алыстай элек, байрак көтөргөн балалык күндөрдүн өтө таттуу күндөрү туура көрсө. Азыр баары жакшы. Байэл деген уулубуз бар үчкө чыгайын деп калды ар нерсени балдырап. Институтта окуп жүргөндө Эльвира аттуу кызга сүйүүмдү арнадым. Анда 3-курс болчумун. Бой көтөрүп атып сүйүүмдү араң кабыл алган. 5-курсту бүтүп, баш коштук. Алгач таанышканда Ак Талаалыкмын деген. Кийин Жалал-Абаддыкмын десе болобу.

- Устатың ким?

– Төкмөлүк өнөрдүн алгач чыйыр жолун, кыйын жолун көргөзгөн устатым Жеңишбек байке. Үйлөнүп дароо өкүл ата кылгам. Ата деп айтышым керек эле. Мурунтан ага ини болгон үчүн. Өкүл апамды болсо баарыбыз өкүл апа дейбиз.

- Эрлан Салбаров экөөңөр дуэт ырдап жүрдүңөр эле. Азыр кандай иштеп жатасыңар?

– Эрлан экөөбүз дурус эле мамиледебиз. Мен төкмөлүк өнөргө көбүрөөк бет алганым үчүн өзүнчө деле ыр клип жасап иштей бер дегем. Менин ийгилигим анын ийгилиги, анын ийгилиги менин ийгилигим.

- Чыгармачылыктан тышкары учурда эмне менен алек болуудасың?

– Азыр жеке иштерим менен алек болуп жатам. Эми араң үй салып баштадым.

- Чыгармачылык менен кайсы кооз өлкөлөрдү кыдыра алдың? Алар эмнеси менен эсиңде калды?

– Стамбул, Анкара, Москва шаарларын чыгармачылыктын арты менен көрдүм. Аларда кымбатчылык бизде арзанчылык. Аларда сый сыпаа бизде бир аз ороюраак.

- Тойго ырдоодо канча аласың?

– Тойго ырдоодо алыбайга да жаныбайга да жардам кылам. Кай бир кыйналгандарга жардам ирээтинде ырдап бергенди жакшы көрөм. Анын кубанып ыраазы болгону кандай сонун.

- Маданияттын өкүлү катары айтсаң, биздин өлкөнүн маданиятынын деңгээли кандай?

– Маданияттын деңгээли техникалык мыкты аппараттарга муктаж. Тууганчылыкты коюп чындыкты бекемдөө мамлекетке да зарыл. Айтор деңгээл жакшы эмес. Буюрса жакшы болот. Бизде таланттуулар абдан көп. Бирок аттиң! Көптөрү ачылбаган акча сураган эшиктерди каккылап кетти. Аздектеп алышса маданиятка зор салымын кошпойт беле. Бут тозуулардын курмандыгына да айланды.

- Маданиятты жана искусствону кимдер бузуп жатат деп ойлойсуң?

– Ырчылар эле эмес бардык адамдар бир ишти жаңы баштаганда акча каражатынан кыйналышат эмеспи. Сенде да акчадан кыйналган учурлар болгонбу?

- Кандай атасың, жарсың жана ата-энеңе кандай уулсуң?

– Үй бүлөө жөнүндө ойлонуп калган учурумда, келинчегимди карайм дагы, сага кандай күйөө, балама кандай ата болуп атам деп сурап калам. жакшы деп жооп кайтарат. эң маанилүүсү мекенимен эли журтумдун жакшы уулу болсом дейм.

- Төкмө акын жана ырчынын кандай көйгөйлөрү бар?

– Ырларымды аранжировкалоо, запись кылуу, клип тартуу. Андан соң радио телеге алып баруу мунун баарына көп сумма керек. Болгону бир ырымдын эле клиби бар. Ал да орто деңгээлде тартылган. Ырчылардын бардыгынын көйгөйү ушул.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru