Айбат » «Жол азабы – көр азабы!»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » «Жол азабы – көр азабы!»

Жол бороонБорбордук Азиянын дал толтосунда жаткан, аймагынын 90ы тоолуу аймак болуп саналган Кыргызстан үчүн унаа жолдун маани зор. Анткени, жалпы жүк көлөмүнүн 90 дан ашууну да дал ушу автоунаалар менен ташылат. Эгемендик жылдары салынган жолдор четинен бузула баштады, ички жолдорубуздун деле тарпы чыгып бүттү. Анын себеби арбын. Териштирип отурбай, биз бул жолу окурман назарын жаңы жолдордун курулушун каржылоо маселесине бурмакчыбыз.

Ушу кезге чейин Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жол салуу багытында 1 млрд. 754 млн доллар көлөмүндө насыя каражатын алганы белгилүү болду. Насыя каражаттары негизинен Дүйнөлүк банктан, Европа өнүктүрүү банкынан, Азия өнүктүрүү банкынан, Ислам өнүктүрүү банкынан алынып жатат. Андан сыркары, Сауд Аравиясы, Түркия, Кытай сындуу дагы башка бир катар өлкөлөрдөн да инвестициялар тартылууда, бирок алардын катышы азыраак.

Бир жакшы жери Ислам өнүктүрүү банкы өз насыясын үстөк пайызы жок берет. Дүйнөлүк банктыкы төмөн: ал Эл аралык өнүгүү ассоциациясы аркылуу өтө жеңилдетилген шартта 0,75 үстөк пайызы менен берилет. Төлөө мөөнөтү да узак – 40 жыл, насыянын алгачкы 10 жылы – төлөнбөс мөөнөт. Берилген каражаттын 45 пайызы гранттык каражат болуп саналат. Демек, каржылык каатчылык маалындагы мындай жеңилдиктер Кыргызстан үчүн кыйла пайдалуу болору байкалып турат.

Акыркы мезгилде кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек ара аймактарында түзүлгөн кыйчалыш кырдаалда жол маселеси көкөйдү кесип келет. Айрыкча Баткен облусунда азыр айланма жолдор салынып, узак мезгилден бери каралбай, тамтыгы чыгып калган мурдагы жолдорду четинен калыбына келтирүү чаралары көрүлө баштады. Азыркы учурда эки тараптуу тактала элек чек ара участкаларын делимитациялоо жана демаркациялоо жаатында сүйлөшүүлөр жанданып жатат.

Мисалы, кыргыз-тажик чек арасындагы «Кулунду-Максат» жолуна теңорток эки көпүрөнүн курулушун мына ушундай сүйлөшүүлөрдүн алгачкы алгылыктуу жыйынтыктарынын бири катары карасак болот. Көпүрө эки тараптын күчү менен курулуп, аларды эки тарап тең пайдаланат. Курулушка кыргыз тарап 20 млн сом, тажик тарап 22 млн сом жумшайт. Келишим Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

«Кулунду-Максат» жолундагы эки көпүрө тең чеги азырынча так аныктала элек участокто курулат. 2014-жылдын январь айында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда ушундай келишимге кол коюлуп, эми аны парламентте тезинен ратификациялоо милдети турат”, – дейт КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Абдыманап Мурзабеков.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев болсо бул келишим тажик тарапка караганда кыргыз тарапка көбүрөөк пайдалуу экенин айтат. “Эгер теңорток эки көпүрө курулуп калса, биздин жарандардын Кыргызстан аймагы аркылуу түз катташып туруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондон улам, биз ага колдоо көрсөттүк», – дейт ал.

Жедеп эскирип бүткөн Ош-Баткен-Исфана жолун калыбына келтирүү демилгеси да колго алынды. Ислам өнүктүрүү банкы менен Ош-Баткен-Исфана жолунун 28 чакырым келген участогун куруу үчүн 21 млн 320 миң АКШ доллары өлчөмүндө насыя каражатына келишим түзүлдү. Насыянын үстөк пайызы жок, 25 жылдык мөөнөткө берилет. Банк кызматы үчүн гана 2,5 пайыз же кошумча 593 миң доллар төлөнөт. «Төрткүл» суу сактагычына танапташ жаткан Ош-Баткен-Исфана жолундагы Тажикстандын Чорку жана Сурх айылдарын айланып өтчү 24 чакырым жолдун курулушу үчүн Европа комиссиясы 6,5 млн евро көлөмүндө гранттык каражат берүүдө. Ушул эле жолдогу 32 чакырым жолду куруу үчүн Дүйнөлүк банк 25 млн доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя каражатын карап жатат.

Ошондой эле, стратегиялык долбоор катары 2013-2017-жылдардагы Өнүгүү стратегиясына кирген алтернативдүү Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) жолу да чоң мааниге ээ. Узундугу 433 чакырым жол 3 жыл аралыгында үч фазада салынып, ага Кытай банкынан алынган 850 млн доллар көлөмүндөгү каржы жумшалмакчы. Анын алгачкы фазасы март айынын аягында башталганы турат.

Белгилей кетчү нерсе, баардык кайчы жолдорду тогоштура турган бул жолдун негизги нугу белгилүү болгону менен, анын кайсы аймак аркылуу өтөрү тууралуу талаш-тартыш азыркыга чейин токтогон жок. Жакында эле жергиликтүү кеңеш депутаттарынын тобу Жогорку Кеңешке жол нугун Ак-Талаа району аркылуу алып өтүү өтүнүчү менен кайрылды. Жумгалдыктар дагы ушундай эле өтүнүчүн билдирүүдө.

Андан сырткары, Кыргызстанга ЕврАзияЭШтин Антикризистик фондунан 100 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык каражат каралууда. Келишимге ылайык, 100 млн доллардын 65 млн доллары жеңилдетилген насыя, ал эми 35 млн доллары гранттык каражат болуп саналат. Насыя 20 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилип жатат. Жеңилдетилген мезгили – 8 жыл.

Көрсө, ушул кезге чейин Кыргызстанда эл аралык стандартка туура келген жолубуз деле жок экен. ЕврАзЭШ каражаттарына Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Ош-Бишкек жолунун «Бишкек – Кара-Балта» бөлүгүндө туурасы 15 метр, узундагу 52 чакырым, 4 тилкелүү 1-категориядагы жол курулганы турат. Ал эми Достук – Жалал-Абад участкасында болсо 67 чакырымдык 2-категориядагы жол салынат.

Айрым депутаттар каражаттардын берилгенине эле сүйүнбөй, аны төлөй турган да кез келерин жадымдан чыгарбоо керектигин айтат. Жол курулушу өтө ири көлөмдөгү чыгымды талап кылган тармак болуп саналат. Мисалы, 3-категориядагы 1 чакырым жолдун курулушуна 670 миң доллардан 1 млн долларга чейин каражат жумшалат. Ал эми жолдун категориясы жогорулаган сайын анын чыгымы да ошончолук артат.

Кыскасы, азыркы жолдун абалына, биресе ага жумшалып жаткан каржы чыгымдарына кейип-кепчип, биресе алыска үмүттүү караган жолоочулардын жүзүн үңүлө карап туруп, ата-бабалардын «Жол азабы – көр азабы!» деген накыл кебине муюбаска арга жок. «Жолду баскан арбытат» дейт, анысы кандай, маңдайга жазганын келечек өзү көрсөтөр, тобокел дейлик…

 Кемел Белеков

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru