Айбат » Ак үйдөгүлөрдүн көзүн май басканбы, эшигинин алдындагы көйгөйдү көрбөй?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак үйдөгүлөрдүн көзүн май басканбы, эшигинин алдындагы көйгөйдү көрбөй?

Бишкектин борборунда жайгашкан Профсоюз үйүнүн артында, абдан кызык “картина” көрдүк. Советтер союзунда чыгарылган “Жигули” (мам. номери B2586Z)эмне жүктөп алганы белгисиз, бирок сырткы келбетине караганда ал, акыр-чикир ташыйт окшойт, сарыгып аккан суусу машинени жагымсыз кебетеге келтириптир. Мындай көрүнүш көп суроолорду туудурду: бул машине, ушундай кебетеси менен шаардын борборунда эмне кылып жүрөт; экология жана тазалык инспекциясы эмнеге карабайт; МАИ кызматкерлери жолдо бул машинени көргөн жокпу жана көрсө айып салбайбы?!

Бул машинени көргөндөр “биздин айылда да мындай машине жок” деп таң калганын айтпаганда, биздин Кыргызстанга келген  коноктор эмне деп ойлойт???

Барынан кызыгы, бул машине ак үйдүн жанында дайыма турат экен. Бирок эмнесин айтасың, ак үйдөгүлөр жанына 7 кабат бизнес борборунун курулуп жатканын көрбөгөндөн кийин, ушу “кымындай” көйгөйдү көрмөк беле…

27032014111 ВАЗ

27032014110 ВАЗ

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru