Айбат » Ысык-Көл жай айларын кучак жайып күтүп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ысык-Көл жай айларын кучак жайып күтүп жатат

Ысык-КөлМына ушинтип кыргыздын майрамы болуп эсептелген Нооруз майрамын да өткөрүп алдык, алдыда жер айдоо, үрөөн себүүлөр менен алектенип жатып жай айы да кучак жайып кирип келет. Туристтер чыдамсыздык менен жай айын жана Ысык-Көлдү күтүп жатышат. Ал эми Ысык-көлдүктөрдүн, жаз айында тиленгендери тынчтык….

2014- жылдын башында эле Ысык-Көл облусундагы кыштыр-жайдыр ден соолукту чыңдоочу санаторияларга келген кардарлардын саны быйыл башка жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Күн жылыганда эле санаторияларга келип эс алган адамдардын саны азайып калчу, быйыл болсо элдин саны былтыркыга салыштырмалуу төмөнкү көрсөткүчтү көрсөткөн жок, балким кыштын узактыгы же жер айдоо, жаз жарыш иштери кечигип жатканынанбы, айтор жылдагыга караганда кымбатыраак санаторийлерде да азыр элдин саны суюла элек.

– Мындай тынымсыз иштеген санаторияларга чет өлкөдөн келген эс алуучулар да келип кетишүүдө. Жаз айында  келген чет өлкөлүктөр дайыма кыргыздын  Нооруз майрамына күбө болуп, кыргыздын улуттук тамак-аш, оюн зоок, каада-салтына күбө болуп кайтышат.  Быйыл да санаторийдин кызматчылары март айынын башында эле Нооруз майрамына карата буудайды өндүрүп коюшкан. Эс алып жаткандарга күн менен түн теңелген жаратылыштын улуу күнүндө майрам тартуулап, келген адамдардын баарына сүмөлөк таратылат. Кыргыздын улуттук тамак-ашы, көжө, боорсок, көөлөнгөн талкан, курут сыяктуу азыктар чет өлкөлүктөрдү тамшандырып, кызыгуусун арттырып эсте калаарлык күндөрдү тартуулайт. Ал эми Чолпон-Ата шаарынын мэриясы жыл сайын башка аймактардагыдай эле оюн-зоок өткөрүп, эл борбордук аянтка чыгып сүмөлөктөн ооз тийишет. Быйыл Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон” кинотеатрына Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал  ырчылар келип концерт коюп, элдин көңүлүн көтөрүп кетишти.  Көлдүн жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаарындагы борбордук аянтка боз үйлөр эки күн мурун тигилип, санаторийлердин кызматкерлери да келип, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштурушту.

Нооруздан кийин чыныгы жаз келет деген ишеним менен  көлдүктөр эми жайкы эс алуучуларды тозуп алуу үчүн камылганы башташты. Шаар ичиндеги таштандыларды тазалап, жашылдандыруу иштерине киришет. Негизи көлдүктөрдүн тилегени эле тынчтык. Акыркы жылдары жайкы сезон башталар мезгилдеги ызы-чуулар эс алуучуларды чочутуп, туристтердин санын азайтканы жашыруун эмес. Эми быйыл да жазында ызы-чуу болуп кетпесе экен деген тилек менен карапайым эл митингге чыга турган жаштарды тыйып, азыртадан эле аксакалдар акыл-насаатын айтып жатышат.  Чет өлкөлүк туристтерди, эс алуучуларды тартуу үчүн интернетке атайын Ысык-Көлдүн кереметтүү кооз жерлеринин сүрөттөрү, видео жарнактары коюлуп, ал жердеги жайлардын баасы, тейлөө ыкмасы да азыртадан жарыялана баштады. “Азырынча эс алуучу жайлардагы баанын кымбаттаганы белгисиз, бирок ушундай нук менен азык-түлүк, тамак-аш, күнүмдүк жашоо-шартка керектелчү каражаттар кымбаттаса, анда жолдомонун да баасы кымбатташы мүмкүн”, – дейт Чолпон-Ата шаарынын тургуну Азиза Бусурманкулова. Эмнеси болсо да өкмөттүн көзүн карабай өз алдынча оокатын кылган карапайым элдин тилеги орундалып, митинг болбой тынчтык өкүм сүрсө эле болду дешет көлдүктөр.

Рысалиев Рахатбек

Айбат гезити №71



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru