Айбат » Теңдешсиз үлгүлүү инсан – Азирети Мухаммед

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Теңдешсиз үлгүлүү инсан – Азирети Мухаммед

КуранТарыхта адам баласына ак кызматын өтөгөн эчендеген көсөмдөр өткөн. Ырас, мына ошол адам уулунун бейпилдиги, бакыты үчүн жандили менен ак кызматын өтөгөндөрдүн эң ириси эч калетсиз Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз болуп саналат. Анткени ал «бар ааламга ыракым, мээрим пайгамбары» катары жөнөтүлгөн (Анбия, 107). Арийне, Пайгамбарыбыз Жараткан Кудай Тааланын ыракымына карк болуп, Анын тарбиясын алган. Азирети Аиша айткандай «Анын кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы Ыйык Куран эле». Ооба, мүлдө изгилик анын кулк-мүнөзүндө катылуу эле.

Тарыхый инсандардын көбү адам баласына бир тараптуу изги сапаты менен кызматын кылган. Асыресе, жыйырманчы кылымдын экинчи жарымында эле батыш изилдөөчүлөрү дегеле адамзат тарыхындагы киши уулуна эң зор эмгеги сиңген бир катар залкар инсандарды изилдеп чыгышты. Бул изилдөөнүн натыйжасында тизмектин эң башына Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызды коюп, чынында эле анын жаамы адам баласынын көөнөрбөс кенчи экенин илимий негизде иликтеп тастыкташты. Ырас, мына минтип Азирети Пайгамбарыбыздын мусулман эмес илим адамдары тарабынан да жогорулугунун, артыкчылыгынын тастыкталышы чынында эле анын адамзат тарыхындагы теңдешсиз үлгүлүү инсан экенин бышыктап турат.

 

Бала чагы

Мына ошол улуу адам Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) 571-жылы жаз айларында бүгүнкү Сауд Арапстандын Мекке шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал алты жашына чейин апасы Аминанын, андан кийин эки жыл чоң атасынын колунда калган. Чоң атасынын көзү өткөн соң абасы Абу Талиптин карамагында чоңойгон. Ага кырк жашында Алланын вахийи келип пайгамбар болгон.

 

23 жыл Пайгамбар жолунда

Азирети Мухаммедге (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлык озуйпасы жүктөлгөндөн тарта Жараткан Алланын ак жолун жайылта баштаган. Нечелеген жашоонун арсак аскалуу ашууларын ашуу, бутпарастардын бут тосуулары, зордук-зомбулуктары качалык оор болсо да, Жараткан үчүн деген, ак үчүн деген кайратынан, аракетинен эч жазбаган. Асыресе, Меккелик бутпарастар күндөрдүн биринде Пайгамбарыбызга келип: «Эй, Мухаммед! Кааласаң Мекке шаарына падыша бол, кааласаң шаардагы мен-мен деген эң бай адам болгудай байлык, алтын-күмүш берели, кааласаң эң сулуу кызды алып берели! Сен мына бул ишиңден кайт!» деп сунуш киргизишет. Анда Алланын акыркы Элчиси ыйман толо көлкүгөн көөдөнү менен: «Оң колума күндү, сол колума айды алып берсеңер да, мен бул Жараткан Алланын ак динин жаюудан түк кайтпайм!» деп жооп берген экен. Ал жыйырма үч жыл пайгамбарлык доорунда сан миң чыдам жеткис зордук-зомбулуктарга тушуккан. Мал-мүлкүнөн, үйүнөн ажырап, алтургай өз бүлөсүн таштап жер которууга аргасыз болгон. Ошентсе да, дин Исламды жаюудан асти артка кайткан эмес. Ал өзүнүн адамдык бийик касиети менен жаамы инсаниятка эң жогорку деңгээлде үлгү боло алган.

 

Ал ырайымдуулуктун пайгамбары эле

Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айлана-чөйрөгө бар мээримин, ыракымын төгө аяр мамиле жасаган. Пайгамбарыбыз ошол нары сылык, нары бийик сапаты менен кала берсе, өз душмандын да көңүлүнүн түпкүрүнөн түнөк тапкан. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Улуу Алла Таала тарабынан «Бар ааламга ыракым, мээрим пайгамбары» деген баага арзыган. Медина шаарына келген учурда араздашкан эки урууну жараштырып, Меккелик мусулмандар менен «бир тууган» жар салып, мусулмандарды бир асабанын алдында топтой алган. Анын бул кадамы Куранда алкоо иретинде мындайча баяндалат: «Жараткан Алланын ырайымы менен сен аларга жумшак мамиле жасадың. Эгер таш боор, орой болгонуңда, анда алар сенден эбак алыстап кетмек….» (Али-Имран, 159). Ал көңкү журтка бирдей, адилеттүү мамиле жасаган. Ак динди жаюу максатында Таиф шаарына барган кезде, таифтиктер аны ташбараңга алып шаардан кууп чыгышкан. Ошентсе да, ал мындай оор зомбулук үчүн Таиф элине наалат айткан эмес. Тескерисинче, көз жашын төгүп Жаратканга алакан жая: «Оо, Жараткан Алла! Булар эмне кылып жатканын билишпейт, сен аларды кечире көр!» деп мунажат кылган. Ырас, ал ырайымдуулуктун пайгамбары эле. Мына ошол Пайгамбарыбыздын кут төгүлгөн көөдөнүнөн куюлуп түшкөн ак дубанын берекеси менен Таиф эли Жараткандын ак жолуна түшүп, түбөлүк бейпилдикке бөлөнгөн. Арийне, Таиф шаары бир канча жылдан кийин Ислам ааламынын эң маанилүү диний борборлорунун катарына кирген.

 

Неберелери Хасан менен Хусайнга болгон сүйүүсү айтып бүткүс болчу

Өз бүлөсүнө да өтө чоң көңүл бөлгөн. Жубайларын эч убакта капа кылган эмес. Ар дайым көңүлүн көтөрүп, укуктарын коргогон. Аларга ак менен караны, адал менен арамды айырмалоону үйрөткөн.

Балдарына кең мээримин төгүп, аталык кызматын толук аткарган. Ушунчалык жакшы көргөндүгүнөн, кызы Фатима бөлмөсүнө киргенде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ордунан туруп «кош келипсиң» деп тосуп алып, бетинен өөп учурашкандан кийин акыбалын сурайт эле. Неберелери Хасан менен Хусайнга болгон сүйүүсү айтып бүткүс болчу. Аларды «көзүмдүн нуру» жана «кулдун миражы» деп эркелетип, намаз окуп жатканда ойносо да урушчу эмес. Жада калса сажда кылып жатканда жонуна чыккан небересинин көңүлү оорубасын деп саждасын узатчу. Күндөрдүн бир күнүндө бир топ адам келип Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен жолугуп турган учурда небереси Хусайн чуркап келип Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мойнуна асылат. Ал да аны кучагына алып бетинен өбөт. Ошол маалда топ адамдардын башчысы таң калуу менен Пайгамбарыбызга (с.а.в.); «Менин он балам бар, буга чейин эч бирин кучагыма алып өбө элекмин” дейт. Буга жооп катары: «ырайым кылбагандарга ырайым кылынбайт, жердегилерге ырайым кылгыла, көктөгү да силерге ырайым кылсын!» деп, балдарын сүйүү атанын бир милдети экенин түшүндүрөт.

Аз. Пайгамбар ал убакта кул деп эсептелген азаттыктагы адамдын укуктарынын бир канчасына ээ болбогон кызматчыларды да абдан сыйлап мындай дечү: «Кызматыңардагы кулдар силердин бир тууганыңар, аларга жегениңерден жедиргиле, кийгениңерден кийдиргиле. Аларга оор иштерди кылдырганда жардам бергиле!». Анас бин Малик (радияллааху анх) сахабалардын эң кадыр-барктуу бири болгон. Аны энеси кичине кезинде Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кызматка берет. Көп жылдар бою Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кызмат кылган Анас бин Малик (р.а.): «Пайгамбарыбыз мага бул ишти эмнеге мындай кылдың же эмне үчүн мындай кылбадың деп бир жолу да урушканын укпадым» деген. Бул сөздөрү жана мамилеси менен бизге үйүбүздөгү кызматкерге кандай мамиле кылуубуз керек экенин үйрөткөн.

 

Азирети Мухаммед (с.а.в.) кошуналарын аябай сыйлачу

Анын кошуналарынын тынчын алгандыгы тууралуу эч бир маалымат көрө албайсың. Ал кошуна укугун ушунчалык этияттык менен коргогон.

Медина шаарындагы мусулмандар менен бирге жашаган иудаизм жана христиан сыяктуу башка диндердин өкүлдөрүнө да жакшы мамиле кылчу. Алар менен соода-сатык, аласа-бересе мамилесин аксатпаган. Үйлөрүнө барып акыбалдарын сурачу. Сахабалар менен маектешип отурган учурда жанынан мусулман болбогон бирөөнүн табыты өтсө, өйдө туруп сый көргөзгөн. «Ал мусулман болбогон бирөөнүн табыты болчу» деген сахабага: «ал мусулман болбосо дагы адам деген аты бар» деп Алла Тааланын бардык кулдарына сый көрсөтүлүүсү керек экенин айткан.

 

Аз. Пайгамбар (с.а.в.) чын сүйлөөгө жана жалганчылыктан алыс болууга өтө маани берген

Өзү өмүр бою Алланын: «Алладан корккула жана чын сүйлөгүлө» деген буйругун так аткарып дайыма чын сүйлөгөн. Бул өзгөчүлүгүнөн улам душмандары да аны сыйлап турчу. Албетте, Мекке шаарында Аз. Мухаммед (с.а.в.) бул жүрүм-туруму менен калк арасында «Мухаммед аль-амин» («Ишеничтүү Мухаммед») деген атка ээ болгон. Аз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) пайгамбарлык келгенде Меккеде мушриктерди топтоп, аларга: «Эй, Мекке шаарынын эли! Эгерде силерге ушул тоонун аркасында душмандар кол салганы келе жатат десем мага ишенет белеңер?» дегенде, алар бир саамга да буйдалбастан: «Ооба, сага ишенебиз. Анткени, сенин калп айтканыңды эч убакта көргөн да, уккан да эмеспиз» деп жооп беришет.

Бир күнү бир соодагер менен иш үчүн бир жерде жолугушууга макулдашат. Аз. Мухаммед (с.а.в.) макулдашкан саатта ошол жерде болот, бирок соодагер келбейт. Көп күтсө да келбегендиктен кечке үйүнө кайтат. Эртеси күнү кайра ошол жерге ошол саатта барып күтө баштайт. Бирок ал адам дагы келбейт. Үчүнчү күнү дагы күтөт. Ошол күнү келет жана бул абалды көргөндөн кийин бирөөгө убада берүүнүн жана ал убадасында бекем туруусунун канчалык маанилүү экенин үйрөнөт. Курани Карим да ушуну буйрук кылат: «Эгер убада берсеңер, Аллага берген убадаңарды (сөзсүз) аткаргыла!» (Нахл сүрөсү, 91-аят).

 

«Сен улуу кулк-мүнөз ээсисиң»
(Калам сүрөсү, 4-аят)

Бул жерде Аз. Пайгамбардын (с.а.в.) маанилүү кээ бир сыпаттарынан сөз кылдык. Булар, чөйрөбүздөгү инсандар менен болгон мамилелерибизде өзгөчө көңүл буруубуз жана өзүбүзгө үлгү катары алуубуз зарыл болгон өзгөчөлүктөр. Анын ар бир жүрүм-туруму биз үчүн үлгү. Бул маселе Куранда минтип баяндалат: «Чындыгында, силер үчүн да, Алланы, акырет күнүн үмүт кылгандар жана Алланы көп эске алган адамдар үчүн да, Алланын элчисинде изги өрнөктөр бар» (Ахзаб сүрөсү, 21-аят). Чындыгында анын эң негизги максаттарынын бири, бүгүнкү күндө инсандар арасында эң көп муктаж болгон нерсе – бул «жакшы адеп-ахлакты» толуктоо, бардык адамдардын жалпы адеп-ахлактын негизинде бири-бирин сыйлап, кичүүлөрүн ызааттап, улууларын урматтоо менен укуктарын коргоп, мээримдүү мамиледе болуусун камсыз кылуу. Курандын «Сен улуу кулк-мүнөз ээсисиң» (Калам сүрөсү, 4-аят) деп алкоого алышы – анын жогорку даражадагы адеп-ахлагын өзүбүзгө негиз кылганыбызда гана жашообуздун мындан да жакшы болоорунда эч кандай күмөн жок.

Айбат гезити №71




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru