Айбат » К.Ташиев президенттик десе, Р.Жээнбеков парламенттикти көксөп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » К.Ташиев президенттик десе, Р.Жээнбеков парламенттикти көксөп

Жээнбеков, ТашиевКөптөн бери дайын-дареги чыкпай калган улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) мүчөлөрү бейшемби күнү маалымат жыйынын өткөрүштү. УОК лидери Равшан Жээнбеков 10-апрелде үлкөн митинг өткөрөрүн жарыялады. Ошондой эле кыймылдын тең төрагалыгына «ата журтчу» Камчыбек Ташиев шайланганын кошумчалады. Маселенин тузу ушул жерде жатат.

Равшан Бабырбекович Батыштын демократиясын даңазалап, Кыргызстанда парламенттик система бекем орношун жактарын билебиз. Ал эми Камчыбек Кыдыршаевич күчтүү президенттик башкарууну жактап жүргөнү маалым. Ошондо эки позицияны тутунган фигуранын бир кемеде чогуу сүзөт дегенге ким ишенет? Булар убактылуу кызыкчылыкты көздөп «жупташып», «кумарлары» канган соң «ажырашып» тынары аштан бышык. Муну ушу кезге чейин далай ирет далилдегенин айтпай ак коёлу.

 

Равшан жээнбековдун «скромный» митингине камчы ташиев миллион адам чыгаргысы келгени кандай?

«Чү» дегенде эле УОКтун лидери Равшан Жээнбеков эми бул кыймылга жалгыз өзү гана төрага эмес, аны менен катар эле Камчыбек Ташиев да теңтөрага болгондугун жарыя кылды. «Урматтуу журналисттер, биз бүгүн бул жерге бизди колдогон, бизди колдобогон дагы журналисттерди чакырдык. Өзгөчө мамлекеттик ММКлар бизди ар дайым шылдыңдап келишет. Биз андай шылдыңдарга көнүп калганбыз» деп сөзүн баштады Равшан мырза.

Ырасын айтканда, бул оппозициячылдарды шылдыңдаган деле эч ким жок эле. Болгону өздөрүнүн буга чейинки жасап келген, жасап аткан жосунсуз жоруктарын жазып, көргөзүп койгон журналисттер аларды шылдыңдап жаткан болуп калса, анда сөз эркиндигин сүйлөгөндөн не пайда? Же Камчыбек Ташиевди мамлекеттик ММКлардын журналисттери Ак үйдүн тосмосунан секиртип, алаасын айрытып, анан кайра шылдыңдап чыгышты беле? Албетте, андай эмес экенин бардыгыбыз билебиз. Андыктан адегенде өзүңүздөр, урматтуу УОКчулар, шылдыңга кабылбай турган кадамдарды жасап жүрсөңөр жакшы болмок.

Айтор, бул маалымат жыйынында деле УОКтун мүчөлөрү кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир олуттуу сунуштарын айтпастан эле, көнгөн адаттары менен бийликти шыбап, өлкөбүздөгү бардык бийликти талаадан шыбак терип келип, шыпыргы жасап койгондой, бир адамдын колуна, тактап айтканда президент Алмазбек Атамбаевдин колуна «карматып» коюшту. Ырасында бүгүнкү күндө бийлик бир адамдын колунда эмес экендигин өздөрү деле жакшы түшүнүп турушат эмеспи? Андыктан алардын «эски пластинкаларын» кайра-кайра кайталагандан өздөрү уялбаса дагы, аны угуп аткан кулак деле жадап калганын эскерткибиз келет.

Кандай болгон күндө да биз журналисттер укканыбызды, көргөнүбүздү коомчулукка жеткирип турууга милдеттүүбүз. Андыктан оппозициячылдардын бул маалымат жыйынындагы «эски-жаңы» пластинкаларынан кыскача үзүндүлөрүн беребиз.

 

Бардык нерсени президентке байлай берген равшан жээнбековдун максаты эмне?

«Бийлик соттордун колу менен Ала-Тоо аянтына, Жогорку Кеңештин алдына жана Өкмөт үйүнүн жанына тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салып, өлкөдө адам укугун тебелеп-тепсеген авторитардык башкарууну толук орнотту. Мен мунун артында президент Алмазбек Атамбаев турат деп ачык эле айта алам» дейт Равшан Жээнбеков. Артынан бирөө кууп келаткансып мындай бүтүмдү Равшан мырза эмнеге эртелеп чыгарып алганына таң бересиң. Болбосо, президент Алмазбек Атамбаев дагы  Биринчи Май райондук сотунуну бул чечими менен макул эмес экендигин билдирген болчу.

Анан дагы ««Кыргызгазды» «Газпромго» бир долларга сатып жиберди Атамбаев» дейт. Биринчиден, «Кыргызгаз» эч кандай бир долларга сатылбагандыгын, аны алган «Газпром» биринчиден олчойгон карыздарынан куткарып, андан тышкары жүздөгөн миллион инвестиция алып келери тууралуу маалыматтар ачык эле айтылып келет. Анан эле «бир долларга» чап кенедей жабышып алуу менен акыйкаттыкты айтпай жаткан Равшан Жээнбековду кандай түшүнсөк болот.

 

Равшан жээнбековдон «скромный», камчыбек ташиевден «олчойгон» митинг

Равшан мырза Биринчи Май райондук сотунун Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт үйүнүн алдында убактылуу митинг өткөрүүгө тыюу салган чечиминен кийин «принципиалдуу» түрдө эски аянтта 10-апрель күнү тынчтык митингин, болгондо да «скромный» митинг өткөрүүгө бел байлагандарын билдирди. Анда алар эч кандай ызы-чуу салбай, башаламандык кылбай, жөн гана талаптарды коюшат экен. Ырас, мунусу жакшы. Бирок, андан кийин эле сүйлөгөн Камчыбек мырза алардын «скромный» митингине бери дегенде 10 миң адам келерин жар салды. «Бул митинг бир эле Бишкек шаарында эмес, ошол күнү бардык облустардын борборлорунда болот. Мен бүгүнкү бийликке нааразы болгондордун бардыгын митингге чыккыла деп чакырат элем. Керек болсо, башка мамлекеттерде жүргөн мигранттар да митингге чыгышса жакшы болмок. Миллион адам митингге чыкса кандай жакшы?» дейт ал.

Кыргызда «Бүкүрдү көр гана түздөйт» деген кеп бар. Эске сала кетсек, 2012-жылдын 3-октябрында да Ташиев элди жапырт көтөрүлүшкө чакырган эле. Бул жолу анчалык деңгээлде чакырбаса дагы, ашынган амбициясын оозуктай албаганы көрүнүп калды. Ал эми Равшан Жээнбеков анын оюн улай «Эгерде кимге Кыргызстан керек болсо митингге чыксын, кимге кереги жок болсо, үйүндө отуруп, аялы менен маектешип отурсун» дейт. Мына эмесе, тамаша! Демек, булардын түшүнүгү боюнча митингге чыкандарга гана Кыргызстан керек экен да? Анда бардыгыбыз эле митингге чыгып жүрө берсек, элибизди ким багат? Мамлекет үчүн ким иштейт? Равшан Жээнбековду болсо Америка бага бериши мүмкүн. Бирок, калган элди кошо багат деп ким кепилдик бере алат?

 

Равшан жээнбеков атамбаевдин ичине кирип чыкканбы?

Журналисттер тарабынан «Бийлик сиздерди ийри отуруп, түз кеңешүү үчүн жолугушууга чакырдыбы?» деген суроого Равшан мырза «Мен башынан эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бийлик менен сүйлөшүүгө даяр экендигибизди айтып келем. Бирок, бийлик бизди карап да койгон жок. «Булар былжырагандар» деп оппозицияны убагында Акаев да, Бакиев да айткан. Атамбаев да айтып атат, жок дегенде ичинен» деп жооп берди. Мындан улам «Равшан Жээнбеков «мага Кыргызстандын тагдыры бир тыйын, башкысы Америкадан олчойгон акча алып турсам болду» деп айтып жатат ичинен» дей берсек болобу?

 

10-апрелде тынчтык митинги болобу, же ташиев дагы тосмодон секирип кетеби?

10-апрелде боло турган митингдин коменданты катары Мамбетжунус Абылов дайындалыптыр. Ал митингге 10 миңден ашуун адам катыша тургандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын ИИБсынын башчысы Мелис Турганбаев менен атайын келишим түзүп, ага кол коюш керек деп билдирди. Эгер митингде тартип бузгандар болсо, аны милициянын колуна өзү салып бере тургандыгын айтып өттү. Бирок, тынчтык митинги үчүн бийлик жооп берет деп кыйытып өткөнүн байкабаган эч ким калган жок. Мына ушундан улам журналисттер «Чындап эле тынчтык митинги болобу?» деген суроо узатышты. Буга комендант «Эмнеге митинг тынчтык жол менен өтө тургандыгынан күмөн санап атасыз, же күмөнүңүз барбы?» деп сурады.

Албетте, күмөн бар экендигин кантип танабыз. Болбосо, 2012-жылдын 3-октябрындагы Садыр Жапаров уюштурган митинг деле тынчтык митинги деп аталган. Бирок, аягында  Камчыбек Ташиевдин «шишке» секирүү оюну болуп кеткенин жакшы билебиз да. Анан кантип күмөн санабай коелу?

 

Равшан жээнбековдун шашылыш митинг өткөрүүсүнүн себеби эмнеде?

Буга чейин Равшан мырза лидерлик кылган УОКтун мүчөлөрү эч кандай митингдерди өткөрбөй тургандыгын билдирип келишкен эле. Анан эле капысынан 10-апрелде 10 миңдеген адамдардын катышуусу менен борбор шаарыбызда митинг өткөрөм деп калганы көп суроолорду жаратат. Буга Равшан мырза өзү Биринчи Май райондук сотунун убактылуу Ак үй менен Көк үйдүн алдында, Ала-Тоо аянтында тынтчтык митингин өткөрүүгө чектөө киргизгени себеп болуп, «принципиалдуу» түрдө атайын митинг өткөрөлү деген чечимге келдик дегени менен кептин төркүнү башка жакта жатканы билинип турат.

Эгер, жакшылап баам сала турган болсок, Кыргызстанга кече жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал келген. Анан ар дайым Америкадан колдоо алып келген Равшан Жээнбеков анын келиши менен Кыргызстанда кандай «олуттуу» аракеттерди кылып атканын көрсөтүп калайын деген аракетин жасап жатканын кантип байкабай калалы?

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru