Айбат » АКШ мамкатчысынын жардамчысы келгени оппозиция «тирилди»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » АКШ мамкатчысынын жардамчысы келгени оппозиция «тирилди»

Nisha BisvalКөптөн бери «чээнге кирген аюудай» бөгүп жаткан Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров баштаган оппозиция лидерлери 3-апрелде маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар салт болуп калгандай бийликти сындап, улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) мындан ары ишин жандандырарын билдиришти. УОК төрагасы Равшан Жээнбеков тең төрагалыкка Камчыбек Ташиев шайланганын расмий жарыялап, пикет-митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан, 10 миң адамдын катышуусунда нааразычылык акциясын уюштурарын айтты. «Биз 10-апрелде митинг өткөрөбүз. 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель окуясы кайталанып кетиши ыктымал» дегендей жыландын башын кылтыйтты. Ошол эле жыйында К.Ташиев жер-жерлерде массалык нааразычылык акциялары уюштурарын баса белгиледи.

Оппозициянын кокусунан чыга калып, мындай демдүү билдирүүлөрдү таратышы бекеринен эмес. Себеби АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Ниша Бисвал Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Ниша айым 3-апрелдин танында ар кыл багытта иш алып барган бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү менен жыйын өткөргөндөн кийин бийлик «абысыңдары» тирилип отурат.

УОК жетекчиси Р.Жээнбеков буга чейин пикет-митингдерди өткөрбөй тургандыгын эчен ирет айтканын укканбыз. Анан Н.Бисвалдын сапарын утурлай дароо ал оюнан кайтып, массалык акцияларды баштайбыз дегени көп нерседен кабар берип турбайбы? «Равшан Бабырбековичтин Американын «суусун ичип, даамын татып» калганын эске алсак, расмий Вашингтон базасын калтырып, Орто Азиядагы таасирин арттыруу үчүн Р.Жээнбеков башында турган оппозицияны өзүнө имерип, курал катары пайдаланганы жатабы?» деген суроо жаралары турган иш…

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru