Айбат » Кезектеги оппозиция жүрүш, же болбосо жүзбашы, миңбашылар даярдалып, революцияга камылга башталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кезектеги оппозиция жүрүш, же болбосо жүзбашы, миңбашылар даярдалып, революцияга камылга башталды

Ташиев ЖапаровМаң заттарына көзкаранды болуп калган адамдарды дарылоо өтө кыйындыкка турат эмеспи. Канчалык дарылабасын, наркоман адам бир күнү болбосо бир күнү баары бир кайрадан эле эски жолоюна түшүп алат. Ал эми саясый «наркомандарды» айыктыруу андан да кыйын болуп калаарын турмуш өзү тастыктап келет. Революция жасоону өнөкөткө айлантып, ага кудум наркотикага көзкаранды болгондой муктаж болуп калган агабыз Азимбек Бекназаров деген бар. Улам революция болгон сайын байый берген Бекназаровдун табышмагынын жандырмагы эмнеде экендиги деле анчейин жашыруун эмес. Табышмактын жандырмагы – банк кутучаларында болушу мүмкүн экендигин буга чейин көп эле жазышты. Анан банк ячейкаларына бир жолу мурдун салып алган адам, көп убакыт өтпөй эле ал жердин «жытын» сагынып калат окшойт. Болбосо, кайра-кайра революция жасоодон мамлекетибиз гана талкалана тургандыгын Азимбек мырза деле түшүнгүдөй болду. Андай пикирин азыркы тапта калп эле кара күчкө эл алдында айтып калмайы бар.

Өткөндө УОКтун лидери Равшан Жээнбековдон: «Равшан иним сенден суранам, революция жасаба» деп «жалооруп» жиберген болчу. Көрсө, мунусу жөн эле элдин алдына тагынып чыккан маскасы экендиги анык болуп отурат. Мисалы, vesti.kg сайтынын жазышынча, өгүнү оппозиция кезектеги «сходнякка» чогулуптур. Ага Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров жана Талант Мамытовдор барыптыр. Негизи бир казанга эч качан кайнай албай турган бул саясатчылар жолугушууда кандай жол менен болсо дагы революция жасоо тууралуу ортого сөз ташташып, ар кимиси өздөрүнө ылайыктуу варианттарды айтышып, колдорунан келе турган милдеттерин бөлүшкөндөй болуп таркашкан экен.

Сөздү адегенде эки революциянын башында туруп, жедеп карт карышкыр болуп калган Азимбек Бекназаров алып, жер-жерлерде үгүт иштерин күчөтүү керектигин, кайсы жерде кандай гана кичинекей шылтоо табыла турган болсо, аны бакыйган көйгөй катары көтөрүп алып чыгып, улуттук жана диний конфликттерди да колдон келсе жаратуу зарылчылыгын билдириптир. Андан аркысы өзү көнүп калган ыргак менен – бийликти кулатуу, анан убактылуу өкмөттү түзө коюу, «экстердин» үстүнөн элдин көзүнө көргөзүп коюу үчүн сот иштерин жүргүзүп жиберүү иттей оңой жумуш экендигин тартынбай билдиргенине таң берип отурабыз. Мына ушундай уюштуруу иштерин Бекназаров өз колуна ала тургандыгын билдирген.

Ал эми Чыңгызхандын «шакиртинин» ээрчиме «шакирти» болгон Талант Мамытов болсо, илгеркидей «жүз башы», «миң башчыларды» түзө коюп, анын күчү менен бийликти басып алууну сунуштаган экен. Ташиев болсо, алаканын ушалап, муштумун түйүп-жазып отуруп, революциялык планга түштүк жергесин көтөрүү милдетин мага жүктөп койгула деп дөөгүрсүгөнүн кантебиз? Анан дагы Камчыбек мырза Оштун экс-мэр Мелис Мырзакматов дагы революциялык планды ишке ашыруу үчүн 5 миң адам алып чыга тургандыгын айтат.

Баарынан да өкүнүчтүүсү «Ата-Журттун» бул лидерине эч нерсе сабак болбой тургандыгында болууда. Ал бийликти басып алуу үчүн курал колдонууга даяр экендигин билдирген. Кызык, Камчыбек Ташиевде биз билбеген кайдагы курал болушу мүмкүн? Эгерде сырттан алып келген болсо, эмдигиче ачыкка чыгат эле. Мындан улам бир гана вариант бар. 2010-жылкы окуяларда күч структураларынан уурдалып алынган курал-жарактардын бардыгы кайрадан толугу менен кайтарылбаганы белгилүү. Ташиев мырза мына ошол курал-жарактарды кандайдыр бир жолдор менен топтоп алган болушу мүмкүн. Ал эми партиясынын лидеринен башка мүчөсү жок Кубанычбек Кадыров буга чейин бийликке келе турган болсо, учурдагы ИИМдин жетекчиси менен анын орун басарын аны суракка чакырып койгону үчүн түрмөнүн төрүнөн орун бере тургандыгын билдирип маек курган эле. Бул максатын ишке ашыруу үчүн ал азыртадан эле «революциядан кийин мен ИИМ министри болбойм, Башкы прокурор болом» деп күпүлдөп алыптыр.  Анын бул кызматты мээлегенинин бир гана максаты бар өзү-өзүнө убада кылгандай ИИМдин министри менен орун басарын түрмөнүн төрүнө отургузуу. Бул Кыргызстанды өнүктүрүү багытындагы максат менен шайкеш келеби? Албетте, жок.

Эрендер мына ушундай пландарын айтышып алгандан кийин, аны жүзөгө ашыруу үчүн канча каражат кете тургандыгын да эсептеп чыгышкан экен. Албетте, ага миллиондогон акча кетет. Бирок, мына биз сөз кылган оппозициячылдардын бирөөсү дагы өз чөнтөгүнөн бир тыйын чыгаргысы келбей тургандыктары турган иш. Андыктан алардын бир гана үмүтү «чет мамлекеттерде» болуп турат. Айрым бизге жеткен маалыматтар боюнча булардын планын жүзөгө ашырууга Курманбек Бакиевдин Кыргызстанда калган байлыктарынан бөлүшө тургандыгын уулу Максим билдириптир. Ал эми аны бул эрендерге жеткирип берүү милдети Садыр Жапаровго жүктөлгөн дешет. Эмне эле Садыр Жапаров курултайын кайра-кайра кетенчиктетип калды десе, кептин баары бул жакта жаткан турбайбы?..




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru