Айбат » Осунбек Жамансариев: “Апрель революциясынын эң негизги максаттары ишке ашып калды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Осунбек Жамансариев: “Апрель революциясынын эң негизги максаттары ишке ашып калды”

Жамансариев Осунбек- Осунбек мырза, 2010-жылда болуп өткөн апрель революциясына төрт жыл толду. Бул революциянын максаттары ишке аштыбы?

– Биринчиден, ошол 2010-жылы апрелде элибиз эмне себептен бийликке нааразы болуп чыкты эле? Башкы жагдай социалдык-экономикалык жаатта болгон. Анан бийликтин бир колго топтолуп, элибиз эртеңин көрө албай, эртеңине ишене албай калганы башкы себеп эле. Маселен, электр энергиясынын заматта эле эки эсеге кымбаттап кеткени, мамлекеттик ири обьектилердин арзан бааларда сатылып атканы, жерибиздин башка мамлекеттерге кетип атканы элибизди тынч отургузган эмес. Апрель революциясынан кийин мына ушул көйгөйлөр дээрлик чечилди десек болот. Электр энергиясына болгон баа мурдагы калыбына келди. Сатылып кеткен обьектилер кайра кайтарылды. Элибиздин жашоо-шарты эске алынып, айлык акы, пенсиялардын көлөмү көбөйдү. Анан дагы Баш мыйзам өзгөрдү. Мурда президенттик бийлик болсо, азыр парламенттик-президенттик башкаруу болуп калды. Президент бир гана мөөнөткө шайланат. Демек, мурдагыдай болуп бир адам, же бир эле топ 10-20 жылга чейин мамлекетти башкарбайт. Башкача айтканда бийликти узурпациялоого чекит коюлду.

- Бирок, азыр деле узурпация болуп атат деп кыйкыргандар бар да?

– Андайлар болуп атат. Бирок, азыр кайдагы узурпация? Бийликти азыр элдин атынан шайланып келген парламенттеги беш фракция бийлеп турат. Мурдагыдай бардыгы бир гана президенттин оозун карабайт. Ар бир чиновниктин иштеген иши ачык сынга алынып, ачык эле айтылып жатат. Узурпация дегенге эч кандай негиз жок.

- Демек, анда азыр биз туура багытта баратабыз деп айта алабызбы?

– Апрель революциясынын максаттары толугу менен жүзөгө ашып кетти дебейм. Бирок, биз туура жолдо баратабыз. Бардык максаттарды тез арада эле ишке ашырып жиберүүгө мүмкүн эмес. Ал үчүн убакыт керек. Азыр бизде экономикалык жактан алдыга жылуулар болуп атат. Чоң-чоң долбоорлор ишке ашууда. «Датка-Кеминди», Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводду, ТЭЦти, анан 1 миллиард 200 миллионго келген курал-жарактарды айтсак болот. Дагы башка ири ГЭСтер, ири жолдор, темир жол салынганы турат. Менимче булар жакшы саамалыктар. Болгону эми туруктуулукту камсыз кылып, ынтымакта иштегенибиз туура болот.

- Дагы деле дагы бир революция жасайбыз дегендей аракеттер байкалат?

- Дагы бир революция жасаганга негиз жок. Ошону жасайбыз деп аткандар биринчи кезекте кандай максатты көздөп жаткандарын айтуулары керек. Болбосо, ар ким чыгып алып, революция жасайм дей берсе эмне болот? Анда талкаланууга гана барабыз.

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru