Айбат » Башкы прокуратура: “Садыр Жапаровдун Кыргызстанга келиши менен ага карата кылмыш иши кайрадан жанданат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Башкы прокуратура: “Садыр Жапаровдун Кыргызстанга келиши менен ага карата кылмыш иши кайрадан жанданат”

Жапаров СадырЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагынан сырткары жүрөт. Ал кайрылып келе турган болсо, ага карата бир убакта козголгон кылмыш иши кайрадан жанданат. Бул кылмыш иши боюнча убагында анын депутаттык кол ийбестигин алып салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылуу жасалган. Бул туурасында Акипресс агенттигине Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан маалымдашты.

2014-жылдын 31-мартында Садыр Жапаров уюштуруучу болуп аткан митинг  өтмөк. Бирок, ал бул митингди токтотуп, анын себеби катары бийлик уруксат бербей койду деп билдирди. Ошондой эле Жапаров Кыргызстандын аймагында экендигин тастыктады.

Башкы көзөмөл органынан эске салынат, 2012-жылдын 17-сентябрында Башкы прокуратура КР Законунун биринчи бөлүгүнүн 28-беренеси боюнча («КР ЖК депутатынын статусу тууралуу») КР ЖК депутаты Жапаров Садыр Нургожоевичке КР Кылмыш кодексинин 30-166- беренелер (көз боёмоочулукка катыштыгы боюнча) жана 177-берене (кылмыш жолу менен мүлккө ээлик кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Сөз 2010-жылы Э. Мадылбеков жана башка адамдар тарабынан жасалган өтө чоң суммадагы көз боёмоочулук кылмышына катыштыгы боюнча жана Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 7-номурдагы кыймылсыз мүлктү кылмыштуу жол менен алып алган фактылар тууралуу болуп жатат.

2012-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңешке Садыр Жапаровго байланыштуу анын депутаттык кол тийбестигин алып салуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган жолдомо берилген.

Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 26-декабрындагы №2642-V токтому аркылуу Башкы прокуратурага депутат Садыр Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү жолдомосу атайын депутаттык комиссиянын жыйынтыгы боюнча четке кагылган.

Буга байланыштуу ал кылмыш иши боюнча тергөө токтогон

БШКнын 2013-жылдын 20-августундагы токтомуна ылайык КР ЖК депутаты С. Жапаровдун депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

«Садыр Жапаров 2013-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгып кеткен боюнча бүгүнкү күнгө чейин кайра кайтып келе электигин аныкталган. Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасына келиши менен ага карата козголгон кылмыш иши кайрадан жанданып, керектүү тергөө иштери анын катышуусу менен өткөрүлөт» – деп билдирет Башкы прокуратура.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru