Айбат » Бакиевдердин куугунтугуна кабылган журналисттер: Павлюк, Абдылдаев, Эдигеев, Орозобекова…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бакиевдердин куугунтугуна кабылган журналисттер: Павлюк, Абдылдаев, Эдигеев, Орозобекова…

Геннадий Павлюк 2Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк кандуу режиминде төртүнчү бийлик өкүлдөрүнө – журналисттерге кысым күчөгөнү маалым. Айрымдары бийликтин буюртмасынан улам каза тапса, айрымдары журт которуп кетүүгө аргасыз болушкан. Төмөндө Бакиевдерден запкы жеген журналисттердин окуясын баяндайбыз.

Геннадий Павлюк2009-жылдын 22-декабры. «Белый параход» интернет-гезитинин негиздөөчүсү, «Аргументы и факты», «Комсомольская правда» гезиттеринин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Геннадий Павлюк бул күнү кошуна Казакстандагы Алматы шаарында каза тапкан. Аны бычактап, көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберген канкорлор ким экени кийинчерээк билинди. Мындай мыкаачылык менен өлтүрүүнү Бакиевдер буюртма кылганы тастыкталды. Калеми менен Бакиевдерди сындаган Павлюк ири медиа-долбоорду жүзөгө ашырууну пландап жүргөн экен. Мындан кооптонгон бийлик аны Алматыдан «жалмаган» тура. Ошону менен кесиптешибиз Геннадий 51 жашында жарыкчылык менен коштошуп кете берди.

 

Ажалы жок экен…

Бакиевдердин куугунтугуна кабылып, аз жерден өмүрү менен коштошуп кала жаздаган кесиптешибиз Сыргак Абдылдаевге байланышкан окуя убагында кызуу талкуу жараткан эле. 2009-жылдын 3-мартында белгисиз адамдар С.Абдылдаевге кол салып, 29 жерине бычак менен урганы дүң дей түшкөн. Ажалы жок экен, ооруканадан чыгары менен Швецияга баш паанек сурап кетти. Учурда Швецияда үй-бүлөсү менен күн кечирип жаткан кези. Сыргак мырза бул кол салуунун түбү Медет Садыркулов, Руслан Шаботоевдин өлүмү менен байланыштырарын «Азаттык» 2011-жылдын 19-сентябрында «Азаттыкка» курган маегинде билдирген. Интервьюнун урунттуу жерлерине учкай токтололу:

– Руслан Шаботоев дайынсыз жоголгондо мен бул окуянын артынан түшүп иликтей баштагам. Мени менен бир эле убакта дагы бир полковник (КСДПдан) бул ишти бейрасмий каза баштаган. Русландын өлүмүн иликтей баштап, кайсы бир жерге жеткенде андан ары казган өтө кооптуу экенин түшүндүм.

Русландын эжеси мага кайрылып, интернет сайт ачып Русланды издейли деп калды. Мен ал кезде Руслан тирүү эмес экенин, анын көзүн эмне үчүн тазалагандарын да билип калгам. Бирок эжесине кантип айтат элем? Айтчу болсом, мени ошондо эле бийликтегилер жок кылышмак. Ошондуктан эжесине “макул” деп жооп бердим. Сайт даярдалып бүтүп калганда маселе акчага барып такалды.

Тааныштарым аркылуу Казакстанда жардам берчү кишилер табылат деп угуп аларга кайрылдым. Сайтты ачууга көп болсо 1500-2000 АКШ доллары керек болчу. Казакстанга бараарын бардым, бирок сүйлөшүү майнапсыз болду. Көңүлүм сууп, болбой калды деп кайтып келдим. Бирок ошондон көп узабай мага күтүүсүздөн эле Слепченко телефон чалып, жолугушууну сунуш кылды.

- Анан Садыркулов менен жолугуп сүйлөштүңүз?

– Үй-бүлөм, балам бар, эртең мен бирдеме болсом, аларга ким жардам берет деп сурадым. Слепченко булардын баарын Медет Садыркулов менен жолукканда ачык айтып сүйлөш деди. Садыркулов менен эки эле жолу кездештим. Биринчисинде ал бир жакка шашып бара жаткан экен, шашып-бушуп эле сүйлөштүк.

Экинчи жолу кезиккенде мен “баарын ачык, так сүйлөшөлү” деп дароо эле кесе айтып, сүйлөшүү катаал мүнөздө өттү. Анткени мен Садыркуловду жакындан таанычу эмесмин. Эмне үчүн ал мени тандады деп кийин ойлосом, убагында Руслан Шаботоев да ага мен жөнүндө айтса керек. Иши кылып биздин жолугушуу февралдын аягында болду, ага Слепченко да катышты. Садыркулов мага оппозициячыл сайт ачалы деп сунуш кылды. Мен үй-бүлөм менен Казакстанга көчүп кетип, ошол жакта отуруп алып, сайт аркылуу Бакиевдерди “бомбаламай” болдум. Кандай материалдар жарыяланат? – деп сураганда алар мага көрсөткөн документтер ушундай бир “бомба” экен. Чынын айтсам, ал “бомба” Бакиевдерди саналуу күндөрдө жок кылмак…

 

«Де-факто» жабылды, бир үй-бүлө журт которду…

Жубайлар Жеңишбек Эдигеев менен Чолпон Орозобекова түптөгөн «Де-факто» гезити да убагында Курманбек Бакиевди безге сайгандай сындап турган басылмалардын алдыңкы сабында турган. Аргументтештирилген фактыларга, абийирлери айрандай төгүлгөнүнө чыдабаган Бакиевдер 2008-жылы «Де-фактону» жаптырып тынышкан. Жаптырып гана тим калбастан, Ж.Эдигеев менен Ч.Орозобекованын артынан түшүп, куугунтукка алышканы маалым. Үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлогон жубайлар Швейцарияга журт которууга аргасыз болушкан.

Кандуу режимдин кысымына кабылып, аргасыздан мекенин таштап, сыртка чыгып кеткен журналисттердин агымы муну менен эле токтоп калган эмес. Мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ошол кездеги гендиректору, КурСалиевичтин «уулу» Нариман Түлеевдин коррупциялык ишмердүүлүгүн иликтеген кесиптешибиз Кайрат Биримкулов 2007-жылы катуу сабалап, өмүрүнө коркунуч туулганда Швейцарияга кетүүгө аргасыз болгон. Андан соң «Пирамида» телеканалынын экс-редактору Турат Бектенов да куугунтукталып, үй-бүлөсүн сактап калуу максатында Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү. Ушундай эле тагдырга «Лица» гезитинин башкы редактору Бермет Букашева тушуккан. Бермет айым учурда океандын ары жагында жан сактап жүрөт.

Биз жогоруда Бакиевдерден запкы жеген журналисттердин айрымдарынын тагдырына гана токтолдук. Коомчулукка чыкпай, тымызын ыдык көргөн кесиптештерибиз арбын. Өздөрүн Кыргызстандын, кыргыз элинин түбөлүк «кожоюну» сезип калган Бакиевдер сөз эркиндигин муунтуп, журналисттерди уруп-сабап, керек болсо өлтүртүүдөн да кайра тартпай калганын жашыруун эмес. Мындай зулум бийлик эч качан болбосун дейли. Сөз эркиндиги жашаган өлкөдө гана өнүгүү болору, элдин турмушу жакшырарын эч ким танбайт. Ал эми бүгүнкү бийлик эскинин жолоюнан кайтып, сөз эркиндигин аздектегени кубандырат…

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru