Айбат » Кытайларга карыз Садыр Жапаровдун «Кумтөр» деп кыйкыргандыгынын чыныгы себеби эмнеде?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кытайларга карыз Садыр Жапаровдун «Кумтөр» деп кыйкыргандыгынын чыныгы себеби эмнеде?

Жапаров СадырБакиевдердин доорунда коррупцияга каршы комиссар болуп турган Садыр Жапаров Кыргызстанда «Кумтөр» деген ишкана бар экендигин, ал боюнча 2009-жылкы түзүлгөн келишим өлкөбүз үчүн кыянатчылык келишим болуп калганын эч этибарына албай жүрүп эле, ишенген «кожолору» Минскиге кире качкандан тарта «Кумтөр» деп ырдай баштаган болчу.
«Кумтөрдү» лозунг кылып көтөрүнүп алып, Ак үйгө досу Камчыбек Ташиевди да тукуруп көрдү. Жети-Өгүз районунун жаштарын атайылап көкүтүп, айрымдарына аз эмес суммадагы акчалардан берип, ар кандай мыйзам бузууга барган аракеттерге түрттү. Өзү болсо, алыстан гана аларга көз салып коюп, телефону менен тескеп коюп отурду.
«Кумтөр» маселесин ага чейин эле тээ 2000-жылдардан бери карай иликтөөгө алып, чыркыраган чындыкты айтып келген башка коомдук ишмерлерден, депутаттардан эч тартынбастан, «Кумтөр» маселесин мен көтөрбөсөм, аны эч ким көтөрмөк эмес экен» деп төшүн кагып алды.

Садыр Жапаровдун капысынан эле бул маселеге уйгактай жабышып калганынын сырын анчейин түшүнө албай калгандар көп болгон. Ырас, анын башкы максаты эптеп бул маселени курчутуу жолу менен бийликти кулатып, өзүнүн эски кожоюндарын кайра алып келүү болгону жашыруун эмес. Анан кайрадан эле көнүп калган саясаттарын жүргүзүп, мамлекеттин казынасына беш колдорун матырып алган жыргал жашоону самаган. Бул биринчи себеби.
Ал эми экинчи эң негизги себеби эми гана билинип отурат. Көрсө, Садыр Жапаров өзүнүн агасынын атына текейден арзан баада менчиктештирип алган «Жыргалаң» шахтасын жакшылап иштетүү үчүн кытайлардан 7 миллион доллар алган экен. Бирок, өндүрүштүн ишин жакшы билбеген Садыр Жапаров ал акчаны шахтаны иштетүүгө салганы менен көп убакыт өтпөй ордун сыйпалап таппай калган. Натыйжада, «Жыргалаң» шахтасы банкрот деңгээлине түшүп, учурда иштей албай жатат. Ал эми анда иштеген жумушчулар жумушсуз калып, Садыр Жапаровго нааразычылыктарын кайдан, кантип айтышаарын билбей жүрүшөт.

Өмүр бою ушул шахтада иштеп, ден-соолугун берген жумушчулар да бүгүн өтө оор социалдык абалда калышкан. Алардын үй-бүлөлөрү бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан өз убагында төлөнүп жаткан пенсионерлердин пенсиясынын, мугалимдердин айлык акысынын эсебинен жашашууда. Ал эми ишсиз калган шахтерлор бүгүн арыз-арманын кимге айтаарын билбей турушат. Өзүнүн шалаакалыгынан, өндүрүштү түшүнбөгөндүгүнөн улам иштеп аткан шахтаны банкротко учураткан Садыр Жапаров жумушсуз калган жумушчуларынын ал-абалын сурап койгондун ордуна көндүм адаты менен дагы деле бийликке каршы курултай өткөрөм деп чамынып жүрөт.

Эске сала кетсек, буга чейин Жети-Өгүз районунда болуп өткөн митингдерди да Садыр Жапаров каржылагандыгы айтылып келген. Демек, башы менен жер казып шахтада иштеген жумушчуларын айлыксыз калтырып, анын ордуна мыйзамсыз аракеттерди жасатуу үчүн саруулук жаштарды көчөгө алып чыккан Садыр мырзага кандай түшүнсөк болот?
Экинчиден, жогоруда айтып өткөндөй, Садыр Жапаров өзүнүн алешемдигинен улам кытайлардан алган 7 миллион долларынын ордун таппай калып, эми кытайлардан кантип кутулуунун амалын издеп баштаган экен.
Шахта Жыргалаң айылынын тургуну К. Букуеванын айтымында, ал бул карызынан кутулуу үчүн кытайларга «Кумтөрдү» алып берүүнү убада кылыптыр деген кептер жүрүп жатат. Ошондо гана кытайлар анын карызын толугу менен кечебиз деп убада кылыптыр.

Мына, кыргыздын байлыгы үчүн күйүп жаткандай түр көрсөткөн Садыр мырзанын чыныгы жүзү. «Өз кызыкчылыгын көздөп жатат» деп айтсак, чычалап, эл алдында актанууга аракет жасайт эле. Бирок, өзүнүн жеке мойнундагы 7 миллион карызы үчүн кыргыз элинин байлыгын кыргыз элинин жаш жигиттерин курал катары колдонуп канадалыктардан тартып алып, кытайларга бергиси келгени патриоттуулукпу, же душмандыкпы? Душманды алыстан издебе деген ушул эмеспи?

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru