Айбат » Асылбек Токтогулов: “Профсоюздар коомдогу өзгөрүүлөргө байланыштуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Асылбек Токтогулов: “Профсоюздар коомдогу өзгөрүүлөргө байланыштуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет”

Токтогулов АсылбекГезитибиздин  өткөн сандарында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов менен эмгек жаатындагы, көйгөйлөрүнүн бири, эмгекчилердин жумуш орундарынын коопсуздугун жогорулатуу жана шарттарын жакшыртуу маселесине көңүл бурганбыз.  Ал эми ушул санда, профсоюздардын жалпы ишмердүүлүгү жана укуктук жактан эмгекчилерге  кандай жардам, колдоо көрсөтүү боюнча маектештик.

- Асылбек Токтогулович, профсоюздардын ураандарында жана талаптарда айтылып  коюлган көйгөйлөрдү кандай чечүү жолдору бар, ошол багытта маегибизди баштасак. 

– Айтылган багытта  профсоюздардын эң башкы милдети – эмгек жана социалдык-экономикалык чөйрөдө эмгекчилердин  укуктарын жана кызыкчылыктарын ишенимдүү, туруктуу коргоону көздөйт. Азыркы мезгилде коомдогу экономикалык жана саясий кескин өзгөрүүлөргө байланыштуу  профсоюздар ишмердүүлүгүн заманбапташтыруу, жаңылануу жолуна түшүп, өзүнүн коомдогу орду менен ролун күчөтүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүүдө.

- Ал иштердин натыйжалуулугу кандай болду экен?

– Ишибиздин натыйжасына баа берүүнүн критерийи катары, баарынан мурда жалданган кызматкерлердин  профсоюздарга ишениминин  даражасында турат. Алардын көрсөткүчтөрүнүн бири катары белгилүү бир өлчөмдө профсоюзга мүчөлүктүн да абалы саналат. Бүгүнкү күндөрдө  биздин катарыбызда  750 миңдей профсоюз мүчөлөрү бар. Өлкөбүздө мындай тилектештикти бириктирген бир да саясий партия же коомдук уюм жок.

- Азыр ар бир экинчи адам саясатты сүйлөп калбадыбы, балким, айрымдары “Кыргызстан профсоюздар уюмдары саясатка аралашпайт, саясый билдирүүлөрдү жасашпайт” дегендей пикирде болсо керек да?

– Ооба жашырганда эмине, мурдагы бийликтин тушунда Кыргызстан профсоюздар федерациясын саясатка аралаштырууга аракет болгон. Арийне, мен айтып коюшум  керек, профсоюз уюмдары бул саясый уюмдар эмес. Бирок, профсоюздар саясатка катышпайт деп айтуу да туура эмес. Катышуунун өзгөчө профсоюзга тиешелүү жолу бар. Мисалы, социалдык эмгектик мамилелерди жөнгө салуу-саясат эмеспи? Бул багытта мыйзамдарды кабыл алуу, анын аткарылышына көзөмөл жасап, аларды бузууга каршы күрөшүү саясат эмеспи? Бул багыттагы иш-аракеттерди жасаганда бийлик, иш-берүүчүлөр же саясий партиялар менен көз карандысыз, тең укуктуулук позицияда туруп кызматташабыз.

- Сиздердин саясат,  бийлик тарабынан колдоо таап жатабы?

– Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да  биз көтөргөн демилгелерди колдоп келе жатышат. Эң башкысы, баарыбыздын көздөгөн түпкү максатыбыз бир эмеспи. Ырас, Кыргызстан укуктук мамлекет,  демократиялык коом курабыз деп жатабы, демек, баарыбыз ишмердигибизди ошол максаттарга карата түздөшүбүз керек. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мыйзамда жазылган өз ыйгарым укуктары бар. Биз ошол мыйзамдын чегинде аракеттенебиз.

Мисалы, жалданма кызматкерлердин эмгек акыларын, анын  ичинде минималдык акыларынын деңгээлин белгилөө үчүн жамааттык  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы ыкмаларын колдоно баштадык. Минималдык эмгек акысы төмөн боюнча калса да, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүсүнүн негизинде, анын өлчөмү 2013-2015 жылдарга каралган Генералдык макулдашууларга  жашоо минимумунун чегинде белгиленди.

- Мурда баары мамлекеттик  менчик болсо, азыр жеке  менчик мекемелер, ишканалар да көбөйбөдүбү, менчик ээси, сыпайыраак айтканда, иш берүүчү жалданма жумушчуларга кандай мамиле жасайм десе өз эрки эмеспи?

– Менчик формасы өзгөргөн менен, ал обьект  деле мамлекеттин тийиштүү мыйзамдарынын чегинде иш алып барыш керек. Адам өз укугун билбеген учурда, анын укугу ал мамлекеттик мекемеде иштесе  деле оң-тетирисинен  бузулушу мүмкүн. Маселе, адам өз укугун билип, өз укугу үчүн күрөшө алганында. Адам укугун билсе, менчик ээси жалданма жумушчуларга каалагандай  мамиле жасай албайт. Биз менчиктин кандай формасы болбосун адам укугун коргогонго жардам беребиз. Бирок мыйзам бузуулар көбүн эсе профсоюз уюму түзүлбөгөн жекече ишканаларда болуп жатканы да талашсыз. Акыркы жылдары  бул маселеге байланыштуу жеке кайрылуулардын 90 жакыны жеке менчик иш кананын жумушчулары болууда.

Биз, жарандардын миңдеген каттарын жана арыздарын карап чыгып, эмгекчилердин укуктарын бузуусун аныктадык, эмгек мыйзамдарын бузулгандыгын жоюуну талап кылган  көрсөтмөлөрдү берип турабыз, кайрылган адамдарды ишке кайра орноштуруп турабыз. Материалдык жана маралдык зыянды төлөө боюнча иш берүүчүлөргө миллиондогон  сомдук доо коюлуп, анын 80 пайызы белгиленген мөөнөттө төлөнүп берилди. Биздин кызматкерлер сотторго жиберүү үчүн доо даярдашат, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы талаштардын жүздөгөн иштери сотко өткөрүлүп, биз утуп алабыз. Бир жыл ичинде, эмгектин укуктуулук боюнча республикабыздын жарандарына 7 319 консультация жана түшүндүрмөлөр берилди. Жер-жерлердеги эмгектик талаш-тартыштарды жоюу максатында профсоюз уюмдары миңдеген комиссияларды түзүшөт.

- Укуктук жактан, сот аркылуу утуп алган иштерди мисал келтирип аласызбы?

– Албетте. Бир эле мисалды келтирейин,  2013-жылдын август айында Кыргызстан Профсоюздар Федерациясына Бишкек шаарынын №64-бала бакчасынын башчысы Джугашбаева Д. жумуштан негизсиз бошотулгандыгы тууралуу жардам сурап кайрылган. Биздин укук боюнча инспекторлор тарабынан баардык документтер изилденгенден кийин, Джугашбаева Д. жумуштан негизсиз бошотулган деп табылып, аны жумушка кайрадан алуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына эскертүү жиберилген. 2013-жылдын сентябрь айынан тарта Джугашбаева Д. өз укуктарын коргоо боюнча Ленин райондук сотуна кайрылган. Сотто анын кызыкчылыгын Кыргызстан профсоюздар федерациясынын укук боюнча инспектору Айнура Өмүрова коргогон. Соттун жүрүшүндө №64-бала бакчасынын башчысы Джугашбаева Д. негизсиз жумуштан бошотулгандыгы тууралуу далилдер жетиштүү берилген. Ленин райондук соту доо арызды канааттандырып, жумуштан бошотуу жөнүндө буйрукту негизсиз деп тапкан. Д. Джугашбаеванын жумушка чыкпай калган күндөрүнө орточо айлыгын төлөп берүүнү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына милдеттендирген. Андан тышкары, эмгек мыйзамдарынын бузгандыкка байланыштуу бир топ жетекчилер жоопкерчиликке тартылып, арасында ээлеген кызматынан алынгандар да бар.

- Маегибиздин аягында, профсоюздар үчүн бүгүнкү күндө дагы кайсы маселелер актуалдуу, олуттуу, деги профсоюздардын келечеги кандай?

– Жыйынтыктап айтсак, жогорудагы проблемалардын баары бүт бири-бири менен тыгыз байланыштуу жана комплексте ишке ашырылуусу керек. Кыргызстан профсоюздар  Федерациясынын Кеңеши профсоюздарды жана алардын ишмердигин модернизациялоо  жөнүндө комплекстүү иш-чараларды бекиткен. Модернизациялоо жөнүндөгү  чечим профсоюз активдеринин арысында кеңири колдоого алынууда.

Ушулардын баардыгы эмгек адамдарынын таламдарын коргоодо жана тармактык профсоюздардын позициясын чыңдоого  багытталып, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын  жүзөгө ашыруу иштерине салым кошуп, элибиздин татыктуу турмушка жетишүүсүнө арналган.

Биз оптимистпиз, Кыргызстан профсоюздары өлкөбүздө жана профсоюздардын эл аралык коомчулугунда татыктуу орунду ээлеп, эмгекчилердин ишенимдүү тиреги боло берет.

Жыргал БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru