Айбат » Эл айтса да, Самсаалы Четимбаев экөөбүз унчукпай эле туралычы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эл айтса да, Самсаалы Четимбаев экөөбүз унчукпай эле туралычы…

Четибаев СамсаалыРеволюциянын аркасы менен чоң-чоң, эттүү-майлуу балыктарды кармаганга кынык алып алган “бульдозер” Азимбек Бекназаровдун өкүл баласы Самсаалы Четимбаев “Азикесинин” адвокаты болуп, жакын досунун гезитине кайрылуу жазып чыгартыптыр. Эмнеле Азикенин үч кабаттуу үйүн айтып бүтө албай койдуңар деген таризде президентке тийишиптир.

Эми-и-и, Самсаалы экөөбүз бул эки адамдын мамилесине кийлигишпей эле коелучу. Бизге эмне жок дейм да. Өз оокатыбызды тынч кыла бербейликпи? Жок, андай болбойт, адвокат болобуз десеңиз, анда биз айыптоочунун ролун аткаралы. Биринчиден, Атамбаев “революциядан кийин үч кабаттуу үй салгандар” деп Азимбек Бекназаров жөнүндө айтып атканын кайдан билесиңер? Азикеңерден башка деле толуп атат андайлар. Бул жагыңар шектүү- шекшинет болуп калыптыр.

Экинчиден, буга чейин Аксыдагы үйү тууралуу эч жерде сөз болгон эмес. Азимбек Анаркуловичтин үй-мүлкү боюнча ММКларга көп эле чыкты. Интернеттен издеп, таап алсаңар болот. Булары белгилүүсү гана, белгисизи канча? Үчүнчүдөн, Азикенин кыңыр иштерин бийликтегилер, же журналисттер гана эмес, бүтүн эл билип калды. Убактылуу өкмөттө отурганда революциянын жеңишин аягына чыгарбай, таза иштебестен, банктагы ячейкаларды тоноо, Бакиевдин камактагы “куйруктарын” чыгарып ийүү, ооз көптүрүп айткан Ак үйдүн үстүндөгү снайперлерди кармоо – кана мунун баарынын аягына чыкканы? Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөрдү кана жазага тартканы? Азикеңердин билген иши революция, төңкөрүш, анан Самсаалы менен Краснокуцкий сыяктуу өкүл балдарын айдактап, акча жасоо.

Баса, Азикеңер Краснокуцкийди банк ячейкаларын тоноткону аз келгенсип, революциядан кийин Баш прокуратурага киргизип, ал жактан да акча жасатканын калп дейсиңерби? Таң калыштуу, бирок ушундай адам бүгүнкү күндө мамлекеттик “Айыл банкка” төраганын коопсуздук боюнча орун басары болуп кирип алыптыр. Бул Анаркуловичтин таасири менен болуп атканын тана албайбыз.

Ошондуктан башкасы сүйлөсө да, Бекназаровдун “шестерка” адвокаттары сүйлөбөй эле койсун!

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru