Айбат » Чыңгызхандын «шакиртине» жооп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чыңгызхандын «шакиртине» жооп

Ташиев КамчыбекБаш мыйзамды окубаган Ташиев өкмөт кантип кураларын, мыйзамды бузгандар жазаланышы керектигин билбейби?

«Ата журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев «Майдан.kg» гезитине жалаяктай болгон маек куруп, адатынча курулай сөздөр менен күпүлдөптүр. «Омбу-домбу» мүнөздөгү, акылына эмес муштумуна таянган Камчыке ушунча чыгынганга жараша бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин көзгө сая көрсөткөн, анын аркасында жамы журтту түп көтөрө турган аргументтерди ортого жайса куп жарашмак эле. Бирок, «кара чотур чоң муштумдун» дооматтары суу кечпей, тескерисинче, айткандары бири бирине карама каршы келип жатпайбы.

Журналист «чү» дегенде эле: «Камчыбек Кыдыршаевич, “Ата-Журт” фракциясы парламенттин көпчүлүк коалициясына кирген жок. Жаңы коалицияга кирген фракция лидерлери муну сиздин билдирүүңүз менен байланыштырууда. Сизди өзүңүз жетектеген партиянын депутаттарын коркутуп чыккандыгыңызды айтышты. Чынында эле,  сиз “Саясат.kg” сайтына берген маегиңизде коалицияга кирген “ата-журтчу” депутаттардын партия катарынан токтоосуз чыгарылаарын билдиргенсиз. Мынчалык катуу позицияны карманышыңызга эмне түрткү болду?» деп суроо салыптыр. Буга жооп кайтарган Ташиев бийликтин саясатына толук каршы экендиги менен түшүндүргөн. «Мен ар дайым биздин партиянын туруктуу, өзгөрүлбөс позициясын айтып келе жатам: биз бийликтин алып бара жаткан саясатына толук каршыбыз. Элге каршы саясат жүргүзүп жатса, аны биз кантип колдомок элек?!» деген Камчыбек Кыдыршаевич бийлик акенин элге каршы жүргүзүп жаткан саясатын фактылар менен бекемдеген эмес. Көрсө, ал өзүнүн Чыңгызханчасынан Ак үйгө «жортуул» жасап, темир тосмодон алаасын тилдирип, мыйзам бузганы үчүн татыктуу жазасын алганын – элге каршы жасалган саясат деп кабылдаптыр. Биз Камчыбек мырзача курулай доомат артпайбыз, анын оозунан агылып чыккан сөздөрдү тизмектейбиз. Анда ал минтет: «Биздин балдарды негизсиз камап жатышат. Мына сизди, Талант Мамытовду, Садыр Жапаровду камады, мандатыңарды тартып алды. Азыр Ахматбек уулубуз камакта олтурат. Ушундай акмакчылыкка барып жатышса, эки жүздүү болуп, эмнеге бийликти колдоп, коалицияга кирип жатасыңар?” – деп, жарга такашты.

Логика болбосоң коё кал! К.Ташиев, С.Жапаров  менен Т.Мамытовду эч ким «Ак үйгө чабуул жасагыла, бийликти күч менен басып алгыла» деп зордогон эмес. Кимде ким мыйзамды бузса мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Ал эми Акматбек Келдибековичтин социалдык фонддун жетекчиси, мамлекеттик салык кызматынын башчысы жана ЖК төрагасы кезинде өлкө казынасына 40 млн. сом зыян келтирген делип айыпталып, түрмөдө отурганын бешиктеги бала деле жакшы билет. Анын күнөөсү бар-жогун сот гана аныктайт. Ак үй, Көк үй сыяктуу стратегиялык объектилерге кол салып, мамлекеттин казынасына суук колун салып, элдин эсебинен байыган адамдар түрмөгө отуруп, алды жазага тартылганын – элге каршы саясат деп түшүнүү акылга сыябы?! Өзүн оппозиция лидерлеринин бири санаган адам мындай «кенесин» ичинде катып же достору менен мончого барганда айтса жарашмак. Же «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров таасын баа бергендей, «район деңгээлиндеги лидер» бойдон өспөй калганбы?

Сөзүн андан ары улаган Ташиев: «Жеке кызыкчылыктары үчүн оор абалда өлкөнү будуң-чаңга салып, өкмөттү кетирип, “трюк” жасашты» деген ич күптүүсүн ачыкка чыгарыптыр. Эсибизге жара чыкпаса, УОК лидери Равшан Жээнбеков да ушундай өңүттөгү билдирүүсүн төмөнкүчө жарыялаган эле: «Эгер өкмөттү кетирип, элдин бугун чыгарбай турган болсок, анда абал оорлойт да, Кыргызстанда дестабилдүүлүк болуп кетет деп алдын ала өкмөттү гана кетирип атышат». Кепти көп созо бербей, «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаевдин оозу менен жооп берели. Ал эркин басылмалардын бирине курган маегинде: «Жакында “Азаттыктан” Равшан Жээнбеков жазында өкмөткө нааразы болгон эл өкмөттү кулатмак, ошону билип Текебаев менен Атамбаев сүйлөшүп начар иштеген өкмөттү таратып жиберди деп билдирди. Бүгүнкү системанын артыкчылыгы ошол, эл нааразы болгон бийликти ушундай тынчтык жолу менен кан төгүүсүз алмаштыруу жолуна өттүк. Анан эл нааразы болсун, бийликти күч менен алып, Равшан Жээнбековду бийликке алып келсин деп күтөлүбү? Элдин ишениминен кеткен өкмөттү кармап турбашыбыз керек. Мына ушундай Равшан Жээнбековдун арманынан кийин азыркы системанын иштеп жаткандыгын билсек болот» деп так жооп узаткан. Мына ушуну Камчыбек Кыдыршай уулу да жакшылап окуп койсо дейбиз.

 

Коалиция жана митингдер

«Камчыбек Ташиев Баш мыйзамды окуган эмеспи?» деген күдүк ойго жетеленбей койбойт экенсиң. Себеби ал: «Буларда чындап жакшы ниети болсо, бардык саясий күчтөрдү диалогго чакырып, эл ишениминдеги өкмөт түзүшү керек эле. Анын ордуна көнгөн адатынча биригип алышып, “бөлүп ал да, бийлей бер”,- принцибин колдонушту» деп «акылдуусунуп» атпайбы. Камчыке бир эмес эки жолу депутаттык мандат тагынган, министрлик креслодо отурган, 2011-жылы президенттик шайлоого катышкан. Ушул аралыкта кичине убакыт бөлүп Конституцияга көз чаптырып койсо жакшы болмок экен. Эгер көз чаптырган болсо, Баш мыйзамдын 84-беренесинин 1-пунктундагы: «Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт. Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет» деген жазууну окумак. Бүгүнкү күндө ЖоКедеги үч фракция (КСДП, «Ата мекен», «Ар-намыс») коалициялык өкмөттү курап жатканы белгилүү. Ал эми парламенттеги беш фракция 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо элдин элегинен өтүп келгени маалым. К.Ташиевдин логикасын ээрчисек, фракциялар элдин ишенимине татыбаптыр. Андай болсо Ташиевдин «Ата журту» да карапайым калктын ишениминен ажыраган болуп калабы?

Бул маекте Биринчи Май райондук соту тарабынан митингдерди чектөөгө байланышкан маселе козголгон. Муну Чыңгызхандын «шакирти» адатынча бийликтен көрүп, мындайча күпүлдөптүр: «Митингди чектөө менен бийлик элдин конституциялык укуктарын жана демократиялык баалуулуктарды тебелеп-тепсөөдө. Буга жалпы баарыбыз каршы турушубуз керек». Ушул жерден да көп окубай тургандыгын ашкерелептир. Президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун чечимине дароо реакция жасап, Бишкек мэриясы нааразычылык акцияларына чектөө киргизбей, маселени чечүүнүн бөлөк жолун табууну сунуштаганы кабарланган. Президент башы менен минтип каршы чыгып жаткандан кийин, Ташиевдин койгон дооматы негизсиз дегенге толук жүйөө бар.

 

Премьер болом, болбойм…

«Элден айланса да болот, элди алдаса да болот» принцибин Камчыбек мырза мыкты өздөштүрүп алгандай. Ал улуттук оппозициялык кыймылдын ички ынтымагы бекемдигин баса белгилеп, пландарын ачыкка чыгара электигин мактаныч менен айтыптыр. Ал эми УОК төрагасы Равшан Бабырбекович оппозициянын конкреттүү программасы жоктугун расмий билдиргени эсте. Бул маселенин бир капталы.

Экинчиден, Р.Жээнбеков өзү баш болуп, Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов төш болуп өкмөт башчылыкка сунушталарын маалымдаганын бүткүл эл уккан. А Ташиев «Майдандагы» маегинде: «Бизге ким президент же премьер-министр болот, маанилүү эмес. Биздин максат – мыйзамдуу жол менен азыркы авторитардык бийликке каршы туруу. Мына ошонун негизинде ишибиз жүрө берет» деп премьерликке барбасын кыйыткан кербези. Ошондой эле кайдагы авторитардык бийликке каршы туруу экендигин тирүү фактылар менен бекемдеп бере албагандыгына күйөсүң да!

Биз К.Ташиевчесинен «саймедирей» берсек, макалабыз тээ Марска чейин жетчүдөй. Андыктан кепти ушул жерден токтотуп, Камчыбек Кыдыршаевичке Ленин атабыздын «Окуу, окуу жана окуу!» деген осуятын эсине бекем түйүп алышын сунуштайбыз.

Айбат гезити №72




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru