Айбат » Кубанычбек Кадыровдун бизнесмендерге салык салуу эңсөөсү күндөн-күнгө күч алууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кубанычбек Кадыровдун бизнесмендерге салык салуу эңсөөсү күндөн-күнгө күч алууда

КадыровМамлекеттик кызмат, болгондо да үлкөн кызмат айрымдар үчүн баңги заттай эле ышкысын козгоп, көндүрүп, ансыз жашай албай калгандай кылып коёт экен.

Кызматтын ушундай “наркомандарынын” эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири – “Чындык” деген партияны түзүп, а бирок өзү жалаң калпычылык менен күн көргөн Кубанычбек Кадыров деген эргул. ИИМдин орун басарлыгынан ыргыган соң Кадыров алгач Атамбаевди мактап-жактап көңүлүн алам деп ойлогон, а бирок өлкө башчысы жибибей койгондуктан, заматта оппозиционерге айланып, ары-бери чапкылап, көрүнгөнгө чапташып, ар кайсы бурчтан кыргызга күйүмүш эткен түр жаратууда.

Ал эми Кадыров эмне себептен кызматынан ыргыды эле? Мунун себеби илгертен бери айтылып келе атат. Жөн отурбай, ишкерлерге салык салып, ай сайын ири суммадагы акча менен “отметка” кылып турасыңар деген кыңыр иштеринен улам ыргыганын. Анысына да көз жуумп, Отунбаева Чүй ИИБне иште деп сунуштаса, “аңый” деп баш тартып койгону калппы? А эмне үчүн? Анткени ал жактан эшекче иштеш керек. Бизнесмендерге салык салууга убакыт жок калат эмеспи.

Акыркы жел арыгы менен келген кептерге ишенсек, Кадыров бийликти кулатып, “адилеттүү” бийликти орнотуп, өзү түз эле баш прокурорлук креслого эч бир жакка кыйшайбай отуруп калам деген кыялдары бар экен.

Эмне дейбиз, мындан ары оппозиция идея жана эл үчүн туу көтөрбөстөн, өздөрүнүн кыялындагы кызматына келүү үчүн бийликти кулатууга барат экен. Ка-а-п…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №72



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru